Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

«Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы республикалык карикатуралар сынагы

«Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы республикалык карикатуралар сынагы

3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы республикалык карикатуралар сынагын жарыялайт.

Сынактын негизги максаты:

Сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу жана КР журналисттеринин арасындагы тилектештикти бекемдөө.

Сынактын милдеттери:

  1. КРде карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу;
  2. Карикатура аркылуу КРдеги сөз эркиндиги жаатындагы маселелерди көрсөтүү;

Сынактын катышуучулары:

Сынакка авторлордун кенен катмары катыша алат – кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар кесипкөй эмес сүрөтчүлөр, чыгармачыл кесипке үйрөнүп жаткан студенттер жана көркөм мектептер менен студиялардын окуучулары, дегеле карикатура жанры менен алектенген бардык адамдар.

Карикатураларды баалоодо төмөнку нерселерге көңүл бурулат:

  1. Сынактын тематикасына туура келиши;
  2. Карикатурада коомдук маанидеги жана актуалдуу маселелердин көтөрүлүшү;
  3. Өзгөчөлүк;
  4. Эмгектин сапаты.

Эмгектер боюнча талаптар:

– Карикатуралар кагазда же картондо тартылышы мүмкүн, форматы А4;

– Эмгектер каалаган графикалык же живопистик техникаларда аткарылышы мүмкүн;

– Эмгектерди Сынакка жиберип жатып, авторлор же алардын мыйзамдуу өкүлдөру төмөнкү нерселерге макул болушат: Сынактын катышуучуларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга; Сынактын уюштуруучулары жана КР ЖМКлары автордук эмгектердин көчүрмөлөрүн (авторун жана Сынактын аталышын келтирүү менен) өз материалдарында кошумча алдын ала макулдашуусуз жана акысыз колдоно алышына.

Сыйлык тапшыруу

Сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

1-орун – $300;

2-орун – $250;

3-орун – $200;

2 кызыктыруучу сыйлык – ар бири $100.

Сынакты өткөрүү тартиби:

Сынак эки баскычтан турат:

1-баскыч: 2019-жылдын 11-мартынан 19-апрелине чейин 720065, Бишкек ш., Курманжан Датка, көч. 144, 2-кабат, №3 бөлмө дареги боюнча же journalist.kg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу «Карикатуралар сынагы» деген жазуусу менен эмгектер кабыл алынат. Ар бир эмгек автор тууралуу маалымат менен (Аты-жөнү, кесиптик статусу) коштолушу керек. Эмгек тууралуу маалыматта анын аталышы, тартылган жылы, өлчөмү, материалы жана техникасы тууралуу, негизги ою тууралуу маалымат көрсөтүлүшү зарыл.

2-баскыч: 2019-жылдын 22-25-апрелдеринде жеңүүчүлөр аныкталат.

Сынакка жиберилген бардык материалдар www.journalist.kg сайтында жарыяланат.

Жеңүүчүлөрдү медиа уюмдардын, ЖМКлардын өкүлдөрүнөн жана кесипкөй сүрөтчүлөрдөн турган Жюри аныктайт.

Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 3-майда Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Бишкекте өткөрүлө турган Карикатуралар көргөзмөсүнүн ачылышында аталат.

Кошумча суроолор болсо төмөнкү телефондорго чалып:

+ 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83

же journalist.kg@gmail.com почтасы аркылуу жооп алаласыздар.

Окшош посттор