Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Борбор Азия журналисттери үчүн биринчи жолу MEDIA CAMP AWARD сынагы жарыяланды

Борбор Азия журналисттери үчүн биринчи жолу MEDIA CAMP AWARD сынагы жарыяланды

Интерньюс Борборазиялык медиапрограмманын (CAMP) алкагында Борбор Азия журналисттери үчүн биринчи жолу уюштурулуп жаткан MEDIA CAMP AWARD сынагына катышууга билдирүүлөрдү кабыл алуу башталганын билдирет.

Сынакка форматына, жанрына карабай кыргызстандык медиаларда (онлайн, басылма, ТВ, радио) 2018-жылдын 1-августунан 2019-жылдын 30-июнуна чейин жарыяланган эмгектер кабыл алынат.

Сынактын максаты – коомдук маанидеги окуяларды чагылдырып жаткан шыктуу журналисттерди жана Борбор Азиялык көз карандысыз контент өндүрүүчүлөрдү колдоо.

Сынак чөлкөмдөгү медиа чөйрөнүн өнүгүүсүнө жана ар бир адам сапаттуу маалымат менен камсыздалышына көмөктөшүүгө багытталган.

Сынакка кыргызстандык ЖМКларда же медиа чөйрөдө штатта жана да штаттан сырткаркы негизде иштеген журналисттер, чыгармачыл топтор, көз карандысыз контент өндүрүүчүлөр катыша алат. Чет элден каржыланган же Борбордук Азиядан башка өлкөлөрдө катталган ЖМКлардын журналисттери сынакка катыша албайт.

Сынакка катышууга билдирүүнү материалдын автору, редакция же медиа уюм бере алат. Сынакка материалдар кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн бул жердеги билдирмени толтуруп, макулдук тууралуу катты тиркеши керек (медиа уюмдар үчүн каттын үлгүсү – бул жерде, жеке журналисттер үчүн – бул жерде).

Эмгектерди кабыл алуунун акыркы күнү – 2019-жылдын 10-августу.

Жюри баалай турган номинациялар:

  • «Бийлик жана коом»;
  • «Чекти билбеген муун – мүмкүнчүлүктөрдүн заманы»;
  • «Азыр жардам берүү убактысы»;
  • «Каармандар арабызда»;
  • «Объектив» (атайын номинация).

Номинациялар жана сынакты уюштуруу жана өткөрүү тууралуу кененирээк маалымат Жободо берилген.

Тандоо комитети мыкты эмгектерди алгач ар бир мамлекетте аныктайт. Финалга чыккандар 2019-жылдын сентябрында Душанбеде өтө турган медиафестивалга катышат. Сыйлыктарды тапшыруу аземи бул иш-чаранын алкагында өтөт. Жеңүүчүлөрдү атайы түзүлгөн эл аралык жюри аныктайт.

Бардык суроолор менен Кыргызстанда веб-контент-менеджер Бермет Маликовага кайрылсаңар болот: bmalikova@internews.org, тел. (312) 98-68-80 (кошумча 304).

Эң көп берилген суроолор боюнча бул жерден тааныша аласыздар.

Долбоор АКШнын эл аралык кызматташуу агенттигинин (USAID) колдоосу менен ниш жүзүнө ашырылып жаткан Борборазиялык медиапрограмманын (CAMP) алкагында уюштурулууда.

Программа тууралуу кененирээк маалымат бул жерде.

Окшош посттор