Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттер сот тутумун чагылдыруу маселесин талкуулашты

Журналисттер сот тутумун чагылдыруу маселесин талкуулашты

5-июлда Бишкектик жана аймактык журналисттер сот тутумун кантип туура чагылдыруу керек деген маселенин тегерегинде сөз кылышты. Жыйын КРнын Жогорку Сотунун имаратында аймактар менен видео байланыш аркылуу өткөрүлду.

Талкууга серепчи катары ЖМКдын үстүнөн даттанууларды карай турган комиссиянын мүчөсү Толкунбек Турдубаев жана “Журналисттер” КБнин төрагасы Марс Тулегенов дагы катышып, учурдагы журналисттердин сот тутумун чагылдыруудагы көйгөйлөрүнө токтолушту.

Медиа серепчилер тарабынан талкуунун жүрүшүндө бүгүнкү күнү ЖМКнын өкүлдөрү сот отурумун чагылдырууда журналисттер тарабынан КР Журналисттеринин этикалык кодекси эске алынбагандыгы баса белгиленди. Ал эми журналисттер болсо, өз кезегинде, соттор интервью берүүдөн качышаарын, жана көпчүлүк учурда сот отурумун чагылдырыш үчүн видео жана фото тартууга тыюу салышаарын баса белгилешти.

Бул маселе боюнча Жогорку Соттун басма-сөз кызматынын өкүлдөрү Изати Шүгүралиева менен Чынара Мамытканова соттор мыйзамдын негизинде иш алып баргандыктан такай эле сот отурумдарына журналисттер катыша албастыгын белгилешти. Эгерде сот отуруму жабык түрдө өтсө, анда аны чагылдырууга мүмкүн болбой калгандыгын айтышты. Ал эми ачык түрдө болгон күндө дагы соттор коллегиясы тараптар менен кеңешип туруп, журналисттерди киргизүү керекпи же, жокпу деген чечимге келишээрин белгилешти. Эгерде тараптар каршы эмес болушса, анда журналисттерге кирүүгө тыюу салынбастыгы белгиленди.

Ошондой эле Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлдөрү сот тутумун чагылдыруу боюнча атайын колдонмо чыгарып жатышканын жана ал жакынкы аралыкта журналисттерге таратылаарын билдиришти.

Окшош посттор