Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Апрель” телеканалынын кызматкери Канат Каниметовго милиция кызматкерлери кол көтөрүштү

“Апрель” телеканалынын кызматкери Канат Каниметовго милиция кызматкерлери кол көтөрүштү

“Апрель” телеканалы менен “Клооп” басылмасынын журналисттери зомбулукка каршы тынч митингдин катышуучуларын таратуу маалында жабыркашты. Эскерте кетсек, 8-мартта “Жеңиш” аянтында башталган акциянын катышуучуларын милиция кызматкерлери кармашкан. Акция башталаар алдында анын катышуучуларына бейтаныш бет капчан адамдар кол салышкан. Алар аялдарды аеосуз уруп сабоого алышкан.

Белгисиз беткапчандар бир аздан кийин качып кетишкен, келген милиция кызматкерлери болсо аларды кармабастан, ал жерге тынч митингге чыккан кыз-келиндерди камоого алып, автобуска салып кетишкен.

Бул учурда “Апрель” телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов акция катышуучулары менен бирге барарын билдирип, алар менен кошо автобуска түшүп, Бишкек шаардык Свердлов райондук ИИБге барат. Качан ал жерге жетип, кыздарды автобустан түшүрө баштаганда кабарчы бул көрүнүштү тасмага түшүрө баштайт.

“Мен Свердлов райондук ИИБдин арт жагындагы короодо телефонума түз эфирге тартып жаткам. Бир маалда арт жагымдан бирөөлөр кол салып калышты. Болжол менен сегиздей адам, колумдагы телефонду алууга дагы аракет көрүштү. Албетте, мен бербөө аракетин кылдым. Ошол маалда, артымдагылар менин капюшонум менен бетимди жаап, көтөрүп кетишти. Ошол маалда бирөөлөр башка, бөйрөккө койгулап жатышты. Мен коргонууга аракет көрдүм. Бирок, алар болбой эле милициянын имаратынын ичине көтөрүп кирип, кылмыш ишин козгойбуз деп коркута башташты. Бир маалда өзүнүн пагонун өзү жулган милиция кызматкери мени коркута баштады. Жарым сааттан кийин алар мени коё беришти. Түшүнгөнүмө караганда, кылмыш ишин козгошпойт окшойт. Ал эми мага кол көтөргөндөрү тууралуу арыздануунун дагы кажети жок деп ойлойм”, – деди К.Каниметов.

Ал эми “Клооп” басылмасынын кабарчысы Айзирек Иманалиева болсо, жөө жүрүшкө катышуучу катары барып, кармалгандардын катарына кошулуп калган. Ортодогу чагымчылдар журналисттин телефонун талкалап салышкан. Автобуста башка басылмалардын дагы кабарчылары болушкан. Бирок, аларды кийин Свердлов райондук ИИБдин имаратынан коё беришкен.

Медиа өкүл Акмат Алагушевдин оюнда, бул окуяда милиция кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын өтө аша чаап колдонуп коюшту.

Иллюстрация иретинде “Азаттык” радиосунун репортажынан үзүндүлөр алынды.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор