Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Жалал-Абаддагы жыйынга журналисттердин эркин катышуусу чектелди

Жалал-Абаддагы жыйынга журналисттердин эркин катышуусу чектелди

14-февралда КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен өткөн жыйынды чагылдырууга бир гана Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» каналынын журналисттери уруксат алышты. Калган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү мындай мүмкүнчүлүктөн кур жалак калышты. Аларды каттоосу жоктугуна байланыштуу киргизишкен эмес. Муну журналисттер кесиптик укуктарынын бузулушу жана маалыматка жетүүнү чектөө катары баалашууда.

Аталган жыйында Жалал-Абад областынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөн жыл ичиндеги аткарган иш-аракеттери талкууланып, жылдын жыйынтыгы чыгарылган жана үстүбүздөгү жылга иш-чаралар планы кабыл алынган. Жыйын жабык форматта эмес, ачык эле форматта өткөн.

Жыйынга эмне үчүн башка маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана эркин журналисттер катыштырылбаганы тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Байгазы Раимкулов жыйындын мындай форматта өтүшү КР Өкмөтүнүн маалымат саясат бөлүмү тарабынан аныкталганын, буга областтык бийликтердин тиешеси жоктугун билдирди.

Мындай чектөө КР өкмөтүнүн маалымат саясаты бөлүмү тарабынан киргизилгенин башка журналисттер да тастыкташууда.

“Биз өкмөт башчынын келерин, жыйынга катышарын алдын ала билип, областтык бийликтин басма сөз кызматына кайрылганбыз. Бирок өкмөттөн чектөө киргизилгенин билип, өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгуловго байланыштык. Ал ЖМКлар үчүн жабык форматта өтөрүн айтты, биз аккредитациялоо аркылуу катышууга мүмкүндүк берүүнү сурандык, бирок жыйынтык чыкпады”, – дейт “Азаттык” радиосунун кабарчысы Руслан Калматов.

Деген менен, бул жыйынга КТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын журналисттеринен башка да kogart.kg сайтынын ээси, эркин журналист Анархан Жаңыбаева катышканы маалым болду.

“Мен көмүскө жол менен өкүлчүлүктүн имаратына кирип бардым. Бирок, мени жыйын өткөн залга киргизбей коюу аракетин жасашты. Ички иштер органдарынын он чакты жарандык кийимчен кызматкерлери каттоом жоктугунан тоскоолдук кылышты. Мен телефон аркылуу өкмөттүн областтагы кураторуна чалып, болгон абалды билдирдим. Андан соң областтык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов келип, мага залга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Бирок залдын арткы орундуктарына отуруумду талап кылышты”, – дейт А. Жаңыбаева.

Ушуга окшош чектөөлөр өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун аймактардагы иш сапарындагы жыйындарда да байкалганын белгилей кетишибиз керек.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү

Окшош посттор