Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Жалал-Абад: Маалыматка жетүү кыйындады

Жалал-Абад: Маалыматка жетүү кыйындады

Өзгөчө абал киргизилип, коменданттык саат тартибинде жашап жаткан Жалал-Абаддык журналисттер белгилүү себептер менен маалыматка жетүү жана коомго жеткиликтүү маалымат жеткирүү кыйындап калганын айтышат. Ошол эле кезде көз каранды эмес журналисттер аккредитация берилбегендиктен айрым маселелер боюнча маалымат алууга мүмкүн болбой жатканына нааразы.

Өзгөчө абал шартындагы мындай чектелүүгө бардык эле журналисттик уюмдар дуушар болгону менен көз карандысыз журналисттик уюмдар мындан көбүрөөк зыян тартып жатышканын жашырышпайт. Мисалы, Жалал-Абаддан чыгып, бүткүл өлкөгө маалымат таратып жаткан “Регион” телеканалынын жетекчилиги журналисттердин жоон тобу үйүндө отуруп, журналисттик ишмердик менен алек боло албай жатканын моюнга алды. Бирок ошого карабастан, белгилүү көлөмдөгү маалымат эфирге чыгып жатат. Ал азыркы кырдаал боюнча негизги маалыматтарды бир гана булактан – Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдан алып, бир жактуу маалыматтар менен гана чектелип жатышканын белгилейт.

“Биз азыркы болуп жаткан кырдаал боюнча бир жактуу эле маалымат алып, аны таркатып жатабыз. Айрым тийиштүү жактарды түз эфирге чакырып, өз алдынча маалымат берүү аракетибизден майнап чыкпады, чакырган аттуу-баштуу кишилер студиябызга келе алышпады. Шылтоо бирөө гана, маалыматты республикалык штабдан алышыбыз керек, башка эч ким бере албайт”, – дейт “Регион” телеканалынын жетекчиси Рамиз Каимов.

Анын айтымында, республикалык штаб кырдаал боюнча өз маалыматтарын берип жатат, бирок жергиликтүү калктын, медиктер менен медициналык кызматкерлердин абалы, шарты, кыйынчылыктары менен жакшы жактары тууралуу маалымат алуу, таркатуу кыйын болууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин областтагы координаторуна кайрылганда ал республикалык штабга шылтап кутулуп кетет. Ошентип, бул темада эч бир маалымат элге жеткен жок. Ал эми Жалал-Абад шаары менен Сузак району боюнча түзүлгөн комендатура айрым суроолорго он-лайн түрүндө жооп берип, кызматташууга барганы менен анын маалыматтары толук болбой, өздөрүнө гана тийиштүү маселелер боюнча жоопторду беришет.

“Жергиликтүү бийликтерге, өкмөткө карата нааразылыктар айтылууда, аларды биз эфирге берип жатабыз, бирок дайыма эмес. Анткени азыр бул жерде абал кыйын, аны курчутуп жибербейли, кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынымсыз аракет кылып жаткандардын маанайын түшүрбөйлү деген таризде биз да кээде өзүбүздү чектеп жатабыз, бул жагынан да бизде кыйынчылык бар”, – дейт Р. Каимов.

Айрым журналисттер брифинг же басма сөз жыйындарына өкмөттүк гана журналисттер катышып, көз карандысыз журналисттер чакырылбай калып жатканына, аккредитация берилбегенине нааразы. “Азаттык” радиосуунун аймактык кабарчысы Руслан Калматовдун айтымында, айрыкча саламаттыкты сактоо мекемелериндеги абал, медиктердин иш-аракеттери тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүн болбой жатат.

“Бизде жергиликтүү маселелер боюнча жергиликтүү бийликтер менен болгон алака жаман эмес, эл чарбасынын маселелери боюнча тийиштүү маалыматтарды телефон аркылуу алып жатабыз. Бирок, коронавируска байланыштуу медицина мекемелеринин иши, камсыз болушу, медиктердин абалы тууралуу маалыматтарды бизге бербей жатышат. Бишкектен алгыла дешет, ал эми ал жактан алуу да бизге жеңил эмес да”, – дейт Р.Калматов.

“Ынтымак” телеканалынын аймактык кабарчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу да саламаттыкты сактоо тармагынан маалымат алуунун кол жеткистигине нааразы. Анын айтымында, күн сайын берилүүчү он-лайн брифингде айрым берилген суроолор жоопсуз калат.

“Биз медицина мекемелериндеги абалга, медиктердин иштөө шарттарына кызыгып, такыр маалымат ала албадык. Жергиликтүү тармактык жетекчилер маалымат берүүдөн баш тартып жатышат, республикалык штабдан алгыла дешет. Анан дагы, күн сайын Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты эфирден он-лайн брифингге чыгып жатат, бирок ал деле бардык суроолорго толук жооп бере албайт. Ошентип, бизге керек болгон маалыматтарды албай калып жатабыз”, – дейт К.Көчкөнбай уулу.

Маалыматка жетүү жагынан шарттары жакшы деген өкмөттүк журналисттик уюмдарда да түзүлгөн жагдай сонун эмес экен. Айрыкча журналисттердин коопсуздугу жагынан маселе барлыгын Жалал-Абад медиаборборунун жетекчиси Турганбай Алдакулов кулак кагыш кылды. Жамааттагы журналисттердин коронавирус жугузуп алуу коркунучу барлыгынан азыр ал жерде 50дөй кызматкердин 5и гана иштеп жатканын айтат.

“Биздин журналисттердин коронавирустан болгон коопсуздугун көп ойлонуп жатам. Биздин журналисттер көчөгө чыгууга, тийиштүү кишилер менен карым-катнаш жасоого аргасыз болот, бирок аларга жеке коргонуу каражаттарын эч ким берген жок. Ырас, беткап, кол кап жана антисептикалык каражаттарды беришти, бирок ал жетишсиз да. Мен Нарын медиаборборуна 8 комплект жеке коргонуу каражаттарын беришкенин көрүп, аябай суктандым. Ушундай нерсе биздин журналисттерге да керек”, – дейт Жалал-Абад медиаборборунун жетекчиси.

Ал эми маалыматка жетүү жагынан өзгөчө абал шартында деле анчалык кыйынчылык болбой жатканын айтуу менен Т. Алдакулов күн сайын түз эфирге тийиштүү жетекчилерди чакырып, элге маалымат кеңири берилип жатканын билдирди.

“Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты, жергиликтүү жетекчилер биздин студияга келип, түз эфир аркылуу маалымат берип, келип түшкөн бардык суроолорго жооп берип жатышат. Элге маалымат берүүдө маселе жок. Бирок, биз жалпы коопсуздукту эске алып, студияга башка жактан келген журналисттердин киришине, түз суроо-жооп уюштурушуна тыюу салдык. Биздин медиаборбордун ар бир кызматкеринин саламаттыгы биз үчүн абдан баалуу, ошондуктан ушундай кадамга бардык. Тийиштүү жактар бизди адегенде түшүнүшкөн жок, бирок кийин биздин кадамыбыздын тууралыгына көздөрү жетишти”, – дейт Т. Алдакулов.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Жалал-Абад областынын Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бүгүнкү күндө шаар менен район аймагында жарандардын коомдук жайда болуусу катуу чектелип, көзөмөлгө алынган. Ал эми өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын көпчүлүгү Сузак районунда экени аныкталган.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү

Окшош посттор