Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ыдырыс Исаков жеке ишкердин анын үстүнөн арызданып сотко кайрылуусун журналисттик иликтөөлөрү менен байланыштырууда

Ыдырыс Исаков жеке ишкердин анын үстүнөн арызданып сотко кайрылуусун журналисттик иликтөөлөрү менен байланыштырууда

“Азаттык” радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков жеке ишкер Канат Сапаевдин анын үстүнөн арызданып сотко кайрылуусун аны каралоо аракети деп баалайт. Журналисттин айтымында, бул анын жүргүзгөн журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда Ошто Канат Сапаев Ыдырыс Исаковдун үстүнөн арызданып сотко кайрылганын белгилүү болду. Доогердин билдирүүсүндө, журналист анын фирмасын журналисттик иликтөөсүндө чагылдырбаш үчүн андан $5 миң сураган. Бул окуя май айында болгон.

Өз кезегинде 24.kg сайтына берген түшүндөрмөсүндө журналист бул убакта ал ишкер Жалил Атамбаев тууралуу журналисттик иликтөөсүн жүргүзүп жатканын айтты. Алардын иликтөөсу боюнча Канат Сапаевге тиешеси бар “Агро Доор” компаниясы үч жылдан бери салык төлөгөн эмес.

Компания Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган. Канат Сапаевдин атасы Акматали көп жылдан бери Жалил Атамбаевде иштеген. Биз Акматали Сапаевди издеп жүргөнбүз, бирок бизге анын уулу чыкты. Биз, эмне үчүн алардын фирмасы үч жылдан бери кирешесин көрсөтпөйт, салык төлөбөйт деп сурадык. Канат Сапаведен эч ким акча сураган эмес, бардыгы камерага тартылган, – дейт Ы.Исаков.

Журналисттин сюжети эфирге чыккандан кийин К.Сапаев анын үстүнөн арызданып сотко кайрылган. Бирок Ы.Исаковдун “кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы аныкталбагандыктан сотко чейинки жазык иши” өндүрүштөн кыскартылган.

1-октябрда өзүнүн фейсбуткагы постунда Ы.Исаков бул токтомдун көчүрмөсүн жарыялаган.

Журналисттин айтымында, К.Сапаевдин анын үстүнөн арызданып сотко кайра кайрылуусуна анын жакында Жалил Атамбаев менен кездешип, ага айткан сөздөрү себепчи болушу мүмкүн.

Мен кечээ Жалил Атамбаев менен кокустан жолугуп калдым. Мен ага элдин талабы боюнча журналисттик иликтөө уланып жатканын айттым. Ошол эле кезде мен аны менен жолугушуп, анын айткан аргументтерин жана далилдерин жарыялаганга даяр экенимди айттым. Ошондон кийин эле бүгүн Канат Сапаев интервью берип жатпайбы, – дейт Ы.Исаков.

1-октябрда жарыяланган Фейсбуктагы постунда журналист бул күтүлгөн эле кадам болчу дейт.  Коорупционердин бетин ачып, ээлеп алган жерин айтып, төлөбөй койгон салыгын санап, “казынага төк” – деп, доолап атсаң ким эле дароо мойнуна алсын? Ким эле ии билбей калыпмын жакшы эстетпедиңби? – деп чуркап келип, карызын карыздай, салыгын салыктай төлөп койсун?”, – деген суроо узатат журналист.

Ы.Исаков мындай каралоолордон коркпой тургандыгын жана журналисттик иликтөөлөрдү уланта берээрин билдирет. “А мага карата каралоолор дагы болот! Али көп болот. А мен коррупция менен күрөшө берем. Ууруну ууру, кылмышкерди кылмышкер деп айта берем. Беттерин ача берем”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, апрелде Жалил Атамбаев Ы.Исаковду сотко берген. Ал журналисттен 50 млн. сомду өндүрүп берүүнү суранган. Бирок медиа коомчулук көтөргөн чуудан кийин арызын кайтарып алган.

Журналист ага чейин Жалил Атамбаев салык төлөбөгөндүгү тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган болчу. Сюжетте келтирилген маалыматтардын негизинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат 22-апрелде кылмыш ишин козгогон.

Окшош посттор