Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Таласта «3-каналдын» кеңесесин өрттөп кетишти

Таласта «3-каналдын» кеңесесин өрттөп кетишти

6-июндан 7-июнга караган түнү Талас областындагы жалгыз жеке менчик ТВ “3-каналдын” кеңсесин белгисиз адамдар өрттөп кетишкен. Каналдын ээси Айбек Турдалиевдин билдирүүсү боюнча, терезени кыш менен сындырып, күйүүчү зат куюлган бөтөлкөнү күйгүзүп ыргытышкан.

Аталган каналдын аткаруучу директору Талант Калиловдун маалыматы боюнча, бир нече жабдуулар жараксыз абалга келип, канал материалдык зыянга учураган. Азыркы учурда милиция иликтөө ишин жүргүзүп жатат.

Сүрөттөр Айбек Турдалиевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Козубек Иманкулов,
“Журналисттер” КБнын Талас областы боюнча өкүлү

Окшош посттор