Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Улуттук банк «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында сынак жарыялайт

Улуттук банк «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында сынак жарыялайт

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер арасында «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак өткөрөт.

Сынак жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары – ЖМК), жарандардын, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн назарын финансылык кызматтарды колдонуучулардын финансылык билим деңгээлинин төмөндүгүнө буруу, ошондой эле жарандардын финансылык кызмат көрсөтүү жана продукттар рыногунун спецификасы тууралуу сапаттуу материалдардын жардамы менен финансылык кызмат көрсөтүү жана продукт, анын катарында инструменттери, үнөмдөө жана инвестициялоо тууралуу билимин жогорулатуу максатын көздөйт.

Сынакта шаардык жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыккан мыкты материалдарына номинациялар каралган.

Кыргыз Республикасынын басма сөз жана электрондук ЖМК өкүлдөрүнүн (пресса, теле жана радио, интернет) кыргыз жана орус тилдериндеги иштери кабыл алынат.

Бир эле автордон берилген материалдардын санына жана көлөмүнө чек коюлбайт.

Сынакка берилүүчү материалдар 2017-жылдын 27-мартынан 30-сентябрын чейин жарыяланууга же телеберүүдөн көрсөтүлүүгө тийиш.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер сынакка катышуу ниетин билдирген билдирмени толтуруусу зарыл, сынакка берилүүчү материалдар тиркелет, ал документтер бир пакетке салынып, оозу бекитилген тартипте “Сынакка катышуу” деген жазуусу менен Улуттук банкка тапшырылат. Улуттук банктын дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168.

Сынакка катышуу үчүн эмгектер төмөнкү таризде кабыл алынат:

– сынактын материалы жарыяланган гезиттин же журналдын түпкү номери же анын электрондук варианты (газетанын сканерден өткөрүлгөн бети);

– маалымат агенттиктеринде жарыяланган материалдар, материалдын чындап жарыяланганын тастыктаган жана анын жайгашкан электрондук дарегин (линка) көрсөткөн интернет-ресурстун электрондук бетинен сканерленип алынган тексттер көчүрмө түрүндө кабыл алынат;

– радио материалдарынын аудио файлдары электрондук түрдө кабыл алынат;

– телематериалдары менен көрүү файлдары электрондук түрдө кабыл алынат.

Сынактын байге фондусунда баалуу белектер, ошондой эле кызыктыруучу байгелер каралган.

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Улуттук банктын Төрагасынын катышуусунда өтө турган салтанаттуу иш-чарада жарыяланат.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү шилтемеден алсаңыздар болот: http://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=2205&lang=KGZ

Окшош посттор