Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттерди коркуткан УКМК кызматкери дисциплинардык сөгүш алды

Журналисттерди коркуткан УКМК кызматкери дисциплинардык сөгүш алды

Балыкчы аскер прокуратурасы журналист Айгүл Такырбашеванын арызы боюнча атайын кызматтын кызматкери Нурлан Орозбековго карата козголгон иштин сотко чеийнки өндүрүшүн токтотту.

Эскерте кетсек, Н.Орозбеков журналист А.Такырбашева менен А.Хоменкого карата орой мамиле кылып, зомбулук көрсөтүү коркутуусун айткан. Арыз журналисттердин күбөлөрү жок деген шылтоо менен беш айдан ашуун убакыт каралып, натыйжада аскер прокуратура ишти жаап салган. Бир гана ЖМК тууралу мыйзамдын (фото менен видеону эркин жана тоскоолдуксуз тартуу укугу) бузулгандыгы ырасталган.

Тергөөчү У.Шахматовдун айтымында, Н.Орозбековго карата дисциплинардык чара көрүү иши козголгон. “Бизге жогорудагы буйруктун аткарылышы боюнча билдирүү келип түштү. УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчисини тийиштүү буйругун чыгарып, кызматкердин өздүк ишине тийиштүү жазуу киргизилген”, – деп билдирди У.Шахматов.

Эгерде Н.Орозбеков дагы ушундай сөгүш ала турган болсо, анда ал иштен кетээри айтылды. Бирок А.Такырбашева тергөөнүн жыйынтыгы менен макул эместигин билдирет.

“Алар өздөрүн ушунчалык кудуреттүү сезишет дейсиң, жоопкерчиликтен коркушпайт, башкаларды каалашынча басмырлашат. Орозбеков өзүн күнөөлүү чезбейт, ага карата көрүлгөн чараны тоготуп да койгон жок”– деп белгиледи журналист.

Учурда Такырбашева медиа юристтер менен кеңешүүдө.

Нургүл Шаршембиева
“Журналисттер” КБнын Ысык-Көл областы боюнча өкүлү

Окшош посттор