Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

​​​​​​​КР БШК аккредитациянын жыйынтыгын чыгарды: 258 ЖМК жана интернет-басылма аккредитациядан өттү

​​​​​​​КР БШК  аккредитациянын жыйынтыгын чыгарды: 258 ЖМК жана интернет-басылма аккредитациядан өттү

2017-жылдын 7-июлунда КР БШК  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы  үгүткө катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү ишинин жыйынтыгын чыгарды.

2017-жылдын 4-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ЖМКлар жана интернет-басылмалардан 260 билдирүү түшкөн.

Алардын ичинен 258и аккредитациядан өттү:

– 56 телевидение;

– 29 радио;

– 116 газет-журналдар;

– 57 интернет-басылмалар.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүмүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу 20 календардык күндөн кечиктирбестен аккредитациядан өтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүткө катышууну каалаган ЖМК жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 4-июлунда саат 18:00до аяктаган.

Эки билдирүүчүгө: ЖЧК «Жигер», КРнын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22- беренесинин 15-жана 16-бөлүгүнө ылайык, ЖЧК «Нур-Пресс» – КРнын БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №152-токтому менен бекитилген КРнын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча КР БШКнын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо тууралуу Жобонун 6-пунктунун негизинде аккредитациядан баш тартылды. 

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Окшош посттор