Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Свердлов райондук сотунун судьясы «Азаттык” жана “Клооп” редакцияларынын жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты

Свердлов райондук сотунун судьясы «Азаттык” жана “Клооп” редакцияларынын жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты

Свердлов районудук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова 29-январда “Азаттык” менен “Клооптун” жактоочуларынын ишти кароону ордо калаанын Ленин райондук сотуна которуу өтүнүчүн четкен какты.

Эскерте кетсек, Матраимовдор “Азаттык” радиосун, “Клооп” менен 24.kg сайтын жана журналист Али Токтакуновду өткөн жылдын декабрында сотко берген. Алар доону өндүрүү суммасы деп: “Азаттыкка” 22,5 млн сом, “Kloop.kg” сайтына 12,5 млн, 24.kg 15 млн сом жана журналист Токтакуновдун өзүнө 10 млн сомду көрсөткөн.

Медиа өкүл А.Алагушевдин айтымында, өткөн жылдын декабрында ЖМКлардын банктык эсептерин камакка алуу чечиминен кийин Свердлов райондук сотуна карата күмөн жаралган. Ошондой эле “Азаттык” менен “Клооптун” коргоочулары жоопкерлер Али Токтакунов менен “Азаттык” расмий түрдө Бишкек шаардык Ленин районунда катталгандыктан ишти ошол районго которууну өтүнүшкөн. Бирок Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.Ибраимова ал өтүнүчтү четке какты.

Матраимовдордун жактоочусу сотто 24.kg сайты менен доо арыздын айрым жерлери боюнча сүйлөшүп, бир пикирге келишкенин кабарлаган. Андыктан, эми алардан моралдык чыгымды жабуу талап кылынбайт. Бул өтүнүчтү судья канаттандырды.

“Судья эмнеге биздин өтүнүчтү караган жок, түшүнүксүз: мындай маалыматтарды соттун талабы менен каалаган банктардан алдырса болот. Өтүнүчтү, ортодогу талаш ар тараптуу каралсын деген чечим менен канаттандырса деле болмок. Бул тыныгуу абдан күмөндүү ойду жаратат. Анткени биздин каршылаштар ага каршы деле болушкан эмес.Эмнеге мындай болуп жатат, түшүнүксүз?” – деп билдирди “Клооптун” жактоочусу Фатима Якупбаева соттук отурумдан кийин.

Ошол эле күнү “Чек арасыз репортерлор” (RSF) Кыргызстандык ЖМКларды жактап билдирүү таратты. RSF журналисттерге карата берилген доо арызды “Акылга сыйбаган иш” (“Абсурд”) деп баалашып, Свердлов райондук сотунан бул доо арызды карабоого чакырды.

“Коомдук кызыкчылыкты көздөп, жалпы Кыргызстандын жарандык коомумна дем берген журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн “Азаттык” менен “Клооптун” журналисттерине каршы доо арыздын берилиши – акылга сыйбаган нерсе!”, – деп билдирди аталган уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюча өкүлү Жанна Кевалье.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор