Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сот “Азия Ньюс” гезитинен моралдык чыгым катары вице-премьер министрдин пайдасына бир миллион сом өндүрүлсүн деген токтом чыгарды

Сот “Азия Ньюс” гезитинен моралдык чыгым катары вице-премьер министрдин пайдасына бир миллион сом өндүрүлсүн деген токтом чыгарды

“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин билдирүүсү боюнча, гезит Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда каралган вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун доо арызы боюнча иште утулду.

Ишти караган сот Чынгыз Адамкулов “Азия Ньюс” гезитиндеги Разаковду тажик шпиону деген макаланы негизсиз жана мамлекеттик кызматтагы жетекчинин аброю менен ар-намысына шек келтирген деп тааныды.

“Сот биздин дооматтарыбызды укпастан, гезит маалыматты төгүндөп, Жеңиш Разаковго бир миллион сом доосун төлөп берсин деген чечим чыгарды. Бул чечим, албетте, негизсиз. Бул чечим боюнча биз жогорку сот инстанциясына кайрылабыз”, – деп билдирди Асланбек Сартбаев.

Эскерте кетсек, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азия Ньюс” гезитин сотко берип, 10 миллион сом талап кылган. Мамлекеттик кызматтагы жетекчи бул кадамдары боюнча убагында эч бир маалымат берген эмес. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы басылманын Жеңиш Разаковду Тажикстандын атайын кызматтарына байланыштырган маалыматы чындыкка коошпогонун кабарлаган.

ЖМК аркылуу коомчулукка таркаган маалыматтан кийин ЖК депутаттары УКМКга вице-премьер-министр тууралуу маалыматты тактап чыгуу тапшырмасын беришкен.

Мамлекеттик комитет Жеңиш Разаков тууралууу ЖМК чыгарган маалымат боюнча “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки териштирүүлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжасында чиновниктин чет мамлекеттик атайын кызматтарга тиешеси жок экени аныкталган.

Белгилей кетүүчү жагдай, гезит ИИМдин жетинчи бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Бакыт Матмусаевге да соттук ишти уттурган. Бул тууралууу “24.kg” басылмасына гезиттин коомдук коргоочусу катары чыккан Адиль Турдукулов билдирген.

Б. Матмусаев “Азия Ньюс” гезитин 16-апрелде жарыяланган макаласы үчүн сотко берип, келтирилиген моралдык чыгымды 5 млн сомго баалаган. Анын доо арызы Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда каралган.

“Судья А.Жээнбекова доо арызды жарым-жартылай канаттандырып, 15 миң сом өндүрүлсүн деп чечим чыгарган. Доогер ал чечим боюнча кайрадан башка инстанцияларга кайрылабы, азырынча белгисиз”, – деп белгиледи Адиль Турдукулов.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор