Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сот “Азия Ньюс” гезитинин макаласын лингвистикалык эскпертизадан өткөрүүнү дайындады

Сот “Азия Ньюс” гезитинин макаласын лингвистикалык эскпертизадан өткөрүүнү дайындады

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин “Азия Ньюс” гезитине карата берген доо арызы боюнча сот лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим 2019-жылдын 1-августунда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда өткөн жыйында кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө гезиттин өкүлү Аскар Медетов макаланын маңызына лингвистикалык экспертиза жүрүгүзүү керек деген өтүнүч менен кайрылган. Сот ал өтүнүчтү канаттандырды.

Эскерте кетсек, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “Азия Ньюс” гезитин анын ар-намысы, абийрине шек келтиргендиги үчүн сотко берген. ИИМдин башчысынын жактоочусу Динара Аширалиеванын билдирүүсүндө, министрдин бул кадамга барганына ал тууралуу “такталбаган маалымат менен коллаж” себеп болгон. К.Жунушалиев гезиттен 5 миллион сомдук доо талап кылууда.

Мындан сырткары бул гезитке ИИМдин 7-бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Матмусаев дагы доо арыз тапшырган. Ал “Азия Ньюс” гезитинин 16-апрелдеги макаласына ылайык берген. Матмусаев дагы гезиттен 5 млн сомдук доону талап кылууда.

“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев, окуя боюнча оюн буга чейин төмөндөгүдөй баяндаган:

Жунушалиев сотторду, тыңшоо менен алектенишкен 7-бөлүм менен коркутуп жатат. Биз “Кашкаркелемиш? деген суроо камтылган коллаж жасаганбыз. Бул деген, түздөнтүз аны айыптоо эмес, суроо иретинде берилген”, – деп баса бегиледи А. Сартбаев.

Өз сөзүндө ал ошондой эле коллаж Матмусаев тууралуу дагы, жеке ишкерлер менен чиновниктерди дагы аңдыйбы деген суроо менен жасалганын кошумчалады.

“Мен аларды күнөөлөгөн эмесмин. Эгерде алар кааласа жооп беришмек. Бизде алардын кимдир бирөөлөрдүн үстүнөн аңдыгандарынын далилдери бар. Аларды мен сотто гана ачыктай алам. Генерал Өмүрбек Суваналиев бул боюнча сотто өз көрсөтмөсүн берүүгө даяр. Бир кезде анын аркасынан дагы аңдышкан экен”, – деп белгилейт А.Сартбаев.

ИИМдин мурдагы жетекчилери дагы “Азия Ньюс” гезитин сотко беришкен болчу. Буга чейин ИИМдин жетекчисинин орун басары Данияр Абдыкаров гезиттен 10 млн сом өндүрүп берүү доо арызы менен сотко кайрылган. Бирок кийинчирээк ал аны кайра чакыртып алган.

2018-жылдын күзүндө гезит парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун 1 млн сомдук доо арызын кароодо уттурган. Бирок кийин арыз ээси ал доону өндүрүүдөн баш тарткан.

Гезиттин өкүлү соттук отурумда К.Жунушалиев тууралуу макалада эксперттин пикири келтирилгендигин баса белгилеген. Ал эми коллаж болсо журналистикадагы жанрлардын бири экендигин билдирген. Кийинки отурум 6 августка жылдырылган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Окшош посттор