Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Шереметтин өлүмүн иликтөө тобуна эл аралык адисти тартуу сунушталды

Шереметтин өлүмүн иликтөө тобуна эл аралык адисти тартуу сунушталды

Украинанын президенти Петро Порошенко журналист Павел Шереметтин өлүмүн иликтеген топко эл аралык иликтөөчүнү тартууну сунуштады. Муну менен президент бир жылдан бери иликтенип, жыйынтык чыкпай жаткан тергөө иштеринде жылыш болобу деп ниеттенет.

11-июлда Шереметтин үй-бүлө мүчөлөрү жана Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Порошенко эгер маркум журналисттин үй-бүлөсү каршы болбосо “ФБР же Скотланд-Ярддан ишенимдүү, кесипкөй иликтөөчүнү кубануу менен кабыл аларын” айтты.

Беларус журналист Павел Шеремет 2016-жылдын 20-июлунда Киевдин борборунда автоунаасына коюлган бомба жарылганда мүрт кеткен. Бул окуя боюнча бир да адам кармалып же айыпталган эмес.

Журналисттин энеси Людмила Шеремет, кызы Елизавета Шеремет жана анын өнөктөшү, “Украинская правда” маалымат агенттигинин башчысы жана негиздөөчүлөрүнүн бири Елена Притула президенттин сунушун кабыл алышты.

https://www.azattyk.org/a/28611994.html

Окшош посттор