Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Chyndyk.kg сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков журналисттик ишмердүүлүгүн уланта баштады

Chyndyk.kg сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков журналисттик ишмердүүлүгүн уланта баштады

Бул тууралу “Журналисттер” КБга кесиптешибиз кабарлады. Эскерте кетсек, сот аны эки айга үй камагына алуу чечимин чыгарган болчу. Журналист билдиргендей, ал чечим 20-январда кабыл алынган. Тергөөнүн жашыруун сырларынан улам айрым маалыматтарды ачыкка чыгаралбастыгы белгиледи ал.

Эгерде бардыгы мыйзамдын негизинде болсо, анда мен акталышым керек. Бирок, мага карата коюлган айыптоолор менен макул эмесмин”, – деп билдирди Т. Бейшенбеков.

Анын айтымында, ал ошол эле сайтта иштеп жатат. Болгону шаардан сырткары чыга албайт. Бул жагынан анын ишмердүүлүгүнө бир аз тоскоолдуктар болууда. Маселен, шаардан сырткары чыгып, макала жазуу үчүн каармандар менен кезигип, маек курууда кыйынчылыктар жаралууда.

Эскерте кетсек, Т. Бейшеналиев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандыгына (КР КЖК 320.б.) жана ошондой эле кылмыштын болгондугу боюнча жалган маалымат тараткандыгына (КР КЖК 344.б.) катыштыгы бар деп шектелип жатат.

16-январда Т.Бейшенбеков Аскер прокуратурасында суракта бир жарым сааттай убакыт болгон. Бирок анда ал кайсыл иш боюнча чакырылганын билдирген эмес.

20-январда Аскер прокуратурасына аны кайрадан суракка чакырып, жыйынтыгында аны убактылуу кармоочу жайга камашкан.

Журналистке карата иш вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун дарегине арналган сын пикирлүү макаладан улам козголгон. Бул ишке ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун дагы тиешеси бар болушу мүмкүн. ЖМКлардын маалыматына караганда, К.Асанов Т.Бейшенбековго вице-премьер-министр Ж.Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси тууралуу түшүнүк катын берген.

ИИМдин мурдагы орун басары К.Асанов болсо 2019-жылдын баш оона айынын 13-августунда Кой-Таштагы окуядан кийин “Кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы үчүн” деген күнөө менен кызматтан алынган. Кийинчирээк Аскер прокуратурасы К.Асановго карата тергөө ишин баштап, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагышкан. Учурда ал дагы үй камагына чыгарылган.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор