Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Нарындык журналист эмгек укугун коргоп сотко кайрылды

Нарындык журналист эмгек укугун коргоп сотко кайрылды

2018-жылдын январында Нарын облустук мамлекеттик телерадиокмпаниянын башкы редакторлук кызматынан бошотулган Нурзат Эсенканова эмгек укугун коргоп 2019-жылдын 7-октябрында сотко доо арыз менен кайрылды. Анын пикиринде, ал кызмат ордунан мыйзамсыз бошотулган. Бул анын эмгек укугун коргоо боюнча экинчи аракети. Учурда прокуратура жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароодо.

Нурзат Эсенканова Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктагандан бери 22 жыл Нарын облустук мамлекеттик телерадио компаниясында эмгектенип келген. Кабарчылыктан башкы деректирдин орун басарлыгына чейинки тепкичтерди басып өткөн.

Нурзат Эсенканованын айтымында бардыгы 2017-жылдын февраль айында башталды. Ошондо компаниянын жетекчиси болуп Улан Бакиров келген.

“Ал ишке чыккан күндүн эртеси эле мени чакыртып: “Эже арыз жазып берип ордуңуздү бошотуңуз”, – деди. Мен 22 жылдан бери бир гана ушул мекемеде иштегендигимди айтып, себебин сурадым. “Мен өз командам менен иштеймин. Сиз менен иштеше албаймын”, – деп жооп кайтарды. Мындай кеп болбош керектигин айтып чыгып кеттим. Бирок кодулоолор токтогон жок”, – дейт Н.Эсенканова.

Акыры ал июль айында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору Б.Норузбаевага компаниянын башкы деректиринин орун басарлыгынан башкы редакторлукка которуу тууралуу арыз менен кайрылат. Арызы канааттандырылып, департаменттин тийиштүү буйругу 2017-жылдын 17-июль күнү чыгарылат. Эртеси эле телерадиокомпаниянын башкы директору У.Бакиров “Эсенканова Нурзат 2017-жылдын 18-июлунан баштап 6 айлык сыноо мөөнөтү менен башкы редакторлук кызматка кабыл алынсын”, – деп №38-буйругун чыгарат.

Бирок Н.Эсенканованын айтымында, ошол учурда 6 айлык сыноо мөөнөт деген буйрукту эч качан окуган эмес. Жыйынтыгында, 2018-жылдын 12-январь күнү У.Бакировдун Н.Эсенкановага “Эскертүү каты” тапшырылат. Анда сыноо мөөнөттө эмгек келишими сактаалбагандыгы, ич ара ынтымак болбогондугу, 29 кызматкер ага каршы болгондугу сыяктуу дагы башка жүйөөлөр айтылып, Н.Эсенканованын иши канааттандырарлык эмес деп табылып, эмгек келишим бузулаары менен ээлеген кызмат ордунан бошотулаары эскертилет. Ал эми 17-январь күнү КРнын Эмгек Кодексинин 83-беренесин жетекчиликке алып башкы редакторлуктан бошотулат.

Өз укугун коргоп Н.Эсенканова Маалымат жана массалык коммуникация департаментине, район аралык экотех инспекциясына кайрылат. Алгач экотех инспекциясынан 30-январда: “Которулуу тартибинде сыноо мөөнөт берилбейт. Сизди КРнын Эмгек Кодексинин 83-беренесинин негизинде бошотуу мыйзамсыз болгон, эмгек талаш-тартышы болгондуктан сот органына кайрылуу мыйзамдуу болот, – деген жооп келет. Ал эми 31-январда Маалымат жана массалык коммуникация департаментинен келген катта: Сизди бошотуу тууралуу буйрук чыгарууда кетирилген укуктук чендик нормалардын бузулуусун, иш тажрыйбаңызды жана үй-бүлөлүк абалыңызды эске алуу менен компания жетекчилигине, Сизди негизги персоналдагы кызмат орундарынын бирине дайындоо сунушталды. Маселе кылдат каралып, чечилиши керек экендиги эскертилди, – деген жооп болот. Н.Эсенканова доо арыз менен сотко кайрылат.

2018-жылдын апрель айында Нарын шаардык соту телерадиокомпаниянын башкы директорунун буйругу туура болгон деп чечим чыгарса, июнь айында Нарын облустук соту Н.Эсенканова мыйзамсыз бошотулган деп табат. 19-сентябрда Жогорку сот ишти кайра кароону Нарын облустук сотко кайтарат. 2019-жылдын январь айында облустук сот шаардык сотту жактаса, апрелде Жогорку сот дагы Н.Эсенканова мыйзамдуу эле бошотулган деген чечим чыгарат.

Бирок Н.Эсенканова соттун чечими менен макул болбой, кайрадан маалыматтарды топтоп прокуратурага кайрылат.

“Нарын облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу К.Токтогазиевдин жообу келди. Анда КР Эмгек Кодексинин талаптары бузулгандыгы, КРнын КЖКнын 320-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш белгилери байкалгандыктан, 6-августта Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгы жана жарандык тартипте сотко кайрылууга укуктуу экеним түшүндүрүлүптүр”, – дейт Н.Эсенканова. Ушундан улам ал 2019-жылдын 7-октябрь күнү Нарын шаардык сотуна кайрылган.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

Окшош посттор