Кыргыз телевидениесине салымы зор биздин замандашыбыз, Баткен жергесинин кулуну Мырза Добутовдун дүйнөдөн кайтканына терең кайгыруу менен үй бүлө мүчөлөрүнө, бир туугандарына көңүл айтабыз.
Мырза Добутов эмгек жолун КТРден баштаган. 2006-07-жылдары Баткен облустук телевидениесин жетектеген. Кийин Орусия мамлекетине кетип, ал жерде ишкердүүлүк менен алектенип, төрөлүп өскөн кичи мекенине көптөгөн жардамдарды көрсөтүп келген.
7-декабрда ал Орусияда жол кырсыгынан каза болду.
“Журналисттер” коомдук бирикмеси