Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Маданият министрлиги жалган маалыматтар менен күрөшүү резолюциясын кабыл алууна сунуштайт

Маданият министрлиги жалган маалыматтар менен күрөшүү резолюциясын кабыл алууна сунуштайт

Маданият, маалымат жана туризм минстрлиги жалган жаңылыктар менен күрөшүү резолюциясын кабыл алууну сунуштайт. Мындай чечим жарандарды жалган жаңылыктардын таасиринен коргоо темасында өткөн жыйында каралганын “Азаттык” радиосу кабарлаган. Иш-чарага мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары менен, ЖМКлардын жетекчилери, журналисттери жана медиа уюмдардын өкүлдөрү катышышкан.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун пикиринде, жалган жаңылыктардын кооптуулугу “ал элдин кесипкөй журналисттерге, демократиялык институттарга ишенбей калышына алып келет, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн татаалдаштырат”.

Чакырылган медиа эксперттер КРдагы жалган жаңылыктардын жайылышы, “Три точки. Знай что смотришь!” маалымат кампаниясы жана ММКга даттанууларды териштирүү комиссиясынын ишмердүулүгү, ошондой эле мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын жалган жаңылыктарга каршы туруштук бергени жөнүндө кеп кылышты.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары медиасабаттуулуктун сапатын жогорулатуу маселелерин жана жарандардын сын көз карашта ой жүгүртүү жагын өнүктүрүү, ошондой эле жалган жаңылыктар менен күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгында резолюция кабыл алуу сунушу киргизилди. Резолюциянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн бардык катышуучулардан сунуш-пикирлер чогултулмакчы.

Окшош посттор