Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Милиция “ПолитКлиника” сайтынын кеңсесине кирген кылмышкерлерди табышкан жок

Милиция “ПолитКлиника” сайтынын кеңсесине кирген кылмышкерлерди табышкан жок

“ПолитКлиника” интернет-басылмасынын жетекчиси милицияга редакциянын кеңсесине каракчылык кылынгандыгы тууралуу видеодалилдерди тапшырды. Бирок, журналисттердин айтымында, күч түзүмүнүн өкүлдөрү болуп өткөн окуяга көңүл кош мамиле кылышууда.

Бул тууралуу “Журналисттер” КБга басылманын башкы редактору Дилбар Алимова билдирди. Анын айтуусунда, бул жөнөкөй уурулук эмес, бул алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон. Ошондуктан бул окуяга башкача мамиле кылуу керек эле.

Ыкчам топ келгенде милиция кызматкерлери бизге муну өзүңөр уюштуруп койдуңар го деген сөздөрдү айтышты. Ушул сөздөн улам, алар ишти акыйкат алып бараарынан күмөн санап калдык. Биз журналисттик иликтөө жүргүзгөндүктөн, өзүбүз дагы иликтөө жүрүгүзүүнү туура көрдүк. Жакын жайгашкан имараттардан видеолорду чогултууга аракет кылдык. Көрсө, жакын жерлерде шектүүлөрдү тартып калышы мүмкүн болгон көптөгөн камералар бар экен. Биз ошолор боюнча иш алып барууну милицияга сунуш кылганбыз. Бирок, алардан жооп болбоду”, – деп билдирди башкы редактор.

Дилбар Алимованын айтымында, айрым камералар жайгашкан имараттардын ээлери видеолорду берүүдөн баш тартышты. Анткени, мындай далилдерди күч түзүмдөрү чогултуп, иш алып баруулары керек эле. Белгилей кетүүчү жагдай, ал видеолор бир нече убакыттан кийин өчүрүлүп турат. Тергөөчүлөрдүн аракетсиздигинен бул жазуулардын бардыгы өчүрүлүп калышы мүмкүн деп чочулайт журналист.

Дилбар Алимованын сөзү боюнча, тергөөчү “жөнөкөй блокноттун уурдалышы” боюнча тергөөнү жүргүзүүгө көп кызыкпайт. Ошону менен бирге журналисттер тергөөгө “Коопсуз шаар” тутумун дагы пайдалануу керектигин сунуш кылышкан. Тилекке каршы, тергөөчү журналисттердин телефон чалууларына эч жооп бере элек.

Эскерте кетсек, 3-март түнү белгисиз адамдар “ПолитКлиника” сайтынын кеңсесин каракташкан. Натыйжада, кеңсенин ичи чачылып, таланып-тонолуп, маанилүү маалыматтар камтылган хард-диск жоголгон. Алимованын баамында, кымбат баалуу техникаларды алып кетишкен эмес, демек алардын максаты уурулук эмес башка болгон.

Ишти Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБ тергөөдө. Учурда иш Жоруктар кодексинин 90-беренеси (“Уурулук”) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми Биринчи май райондук ИИБдин басма сөз катчысы Алмаш Бекбоева ЖМК кеңсесин талап-тоноо боюнча тергөө иш аракети жүрүп жатканын, эгерде кандайдыр бир жаңылыктар болсо кошумча маалымат берилерин билдирди.

“ПолитКлиника” 2013-жылдан бери гезит катары чыгып келген, 2017-жылдан тартып сайт катары иштей баштаган. Басылманын журналисттери саясатчылардын мүлктөрүн алар тапшырган декларациялар менен биринчилерден болуп салыштыра башташкан. Басылма кыргыз тилиндеги иликтөөлөрдү такай чыгарып келет, алардын көбүн башка ЖМКлар да өзүлөрүндө жарыялашкан.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор