Урматтуу журналисттер, 3-майда белгиленүүчү Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө “Журналисттердин аллеясында” көчөттөрдү отургузууга чакырабыз.
“Журналисттер аллеясы” Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бакзардын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан (картаны караңыздар).
Иш-чаранын башталышы: 10:00. Ар-бир кесиптеш көчөттөр жана керектүү шаймандар менен камсыздалат. Иштин соңунда фуршет уюштурулмакчы.
Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата иш-чара ЮНЕСКОнун Алматыдагы Бюросунун колдоосу менен уюштурулууда.
Байланыш телефондору: 0772 55-10-83 (Марат Токоев), 0552 17-23-45 (Рахат Саламатова), 0779 522-116 (Азамат Тынаев).