Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналист А.Саиповдун өлүмү боюнча кайрадан териштирүүлөр башталат

Мындан беш жылга жакын убакыт мурун Ош шаарында киши колдуу болгон Алишер Саиповдун соттук иши кайрадан каралмай болду. Бул туурасында журналисттин атасы Авас Саипов “Азаттык” радиосуна берген маегинде билдирген.

Журналистти өлтүрдү деп шектелген Абдуфарит Расулов 2010-жылы жыйырма жылга кесилген. Ал эми журналисттин атасы күнөөкөр бул адам эмес экендигин айтып чыккан.

Ушул айда Жогорку Сот жаңы жагдайларга байланыштуу Ош шаардык сотун ишти кайра карап чыгуусу боюнча башка чечим чыгарган.

“Мен баштан эле Абдуфарит Расулов менин баламдын өлүмүнө тиешеси жок деп айтып жүргөнмүн. Ошол нерсе так тастыкталды. Ал күнү Расуловдун туугандары той кылып, тойдо болгон экен. Ошол дисктер табылды. Ошол боюнча документтер топтолуп Жогорку Сотко берилди. Эми коюлган айыптын көп беренелери боюнча иш кайра каралат. 2010-жылдагы Ош шаардык, облустук жана Жогорку Соттун чечимдеринин бардыгы жокко чыгарылып, 4-апрелде кайра каралсын деген чечим чыкты”,-деп  маркумдун атасы маегинде билдирген. Авас Саипов баласын өлтүргөн адамдар жазасын албай эркиндикте, Кыргызстанда басып жүргөнүн айтат.

Маалымат үчүн айта кетсек,  журналист Саипов Ош шаарында өзбек тилиндеги “Сиёсат” (Politics) деген менчик гезитти 2007-жылдын башынан тарта чыгарып баштаган. Ошол эле жылдын октябрь айында Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде белгисиз бирөөлөр атып кеткен.

Окшош посттор