Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн сынак

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн сынак

“Кыргыз Туусу” басма үйү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен бирдикте улуттук туңгуч гезит “Кыргыз Туусунун” 90 жылдык мааракесине карата өлкөбүздүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда атайын

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Сынактын максаты: Кыргыз улуттук басма сөзүнүн жаралуу тарыхына, улуттук төл башы гезитибиз болгон “Кыргыз Туусу” (алгачкы аты “Эркин Тоо”) гезитине байланышкан, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана улуттук интеллигенциянын калыптануу, өнүгүү баскычтары тууралуу маалыматтарды жалпы коомчулукка жайылтуу, аны кийинки муундарга тарыхый мурас катары калтыруу; Кыргыз журналистикасында сөз эркиндигин өнүктүрүүгө жана журналисттерди мекенчилдикке тарбиялоого көмөктөшүү.

Сынакка Кыргызстандын бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (басылма, теле, радио, маалымат агенттиктери, интернет булактары), жеке жана юридикалык тараптар катышууга укуктары бар.

Сынакка ар кандай жанрлардагы мыкты материалдар: аналитикалык макала, маек, репортаж, көркөм-публицистикалык очерк ж.б. менен катышса болот. Аларда төмөнкү тематикалык багыттар чагылдырылууга тийиш:

  • Улуттук туңгуч гезит – “Кыргыз Туусу” гезитинин тарыхы, өнүгүү баскычтары, анда иштеген тарыхый инсандардын ишмердиктери, алар менен байланышкан кызыктуу окуялар;
  • “Кыргыз Туусу” (“Эркин Тоо”, “Кызыл Кыргызстан” “Советтик Кыргызстан”) гезитинин Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүндөгү ролу;
  • “Кыргыз Туусу” чыгармачыл муундар байланышынын түзүүчүсү жана улуттук журналистиканын мектеби.

Жарык көргөн жана сынакка жөнөтүлгөн материалдарга коюлуучу талаптар:

  • Материал 2014-жылдын 10-январынан тартып 20-октябрына чейин кыргыз же орус тилдеринде, “Кыргыз Туусу” гезитинен башка республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга, жарык көрүүгө тийиш;
  • Телекөрсөтүү, радиоуктуруу материалдары эфирден кеткен күнү, убактысы көрсөтүлүү менен дисктерде тапшырылат;
  • Материалдар басма жана электрондук түрүндө “Кыргыз Туусу” гезити тарабынан түзүлгөн калыстар тобунун кароосуна 2014-жылдын 24-октябрына, саат 15.00гө чейин тапшырылат жана алар авторлорго кайтарылып берилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиккен материалдар кабыл алынбайт.

Сынактын жыйынтыктары Улуттук басма сөз күнү – 7-ноябрда, “Кыргыз Туусу” гезитинин 90 жылдык салтанатында чыгарылат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй акчалай жана башка баалуу сыйлыктар ыйгарылат:

1. Басма сөздө жана интернетте (маалымат агенттиктеринде) жарыяланган мыкты материалдар үчүн:
Биринчи сыйлык – 20 миң сом;
Экинчи сыйлык – 15 миң сом;
Үчүнчү сыйлык – 10 миң сом;
Кызыктыруучу сыйлыктар – 5 миң сомдон.

2. Теле-радио каналдарында берилген мыкты мате-риалдар үчүн:
Биринчи сыйлык – 20 миң сом;
Экинчи сыйлык – 15 миң сом;
Үчүнчү сыйлык – 10 миң сом;
Кызыктыруучу сыйлыктар – 5 миң сомдон.

Сынак боюнча кошумча маалыматтарды kyrgyztuusu.kg сайтынан же (0312) 622017 телефону аркылуу алсаңыздар болот. Материалдар кабыл алынуучу дарек: Бишкек ш., 720040, Т.Абдумомунов көчөсү, 193. 3-кабат. “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясы.

Окшош посттор