Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Султан Жумагулов: Азаттык азап менен келет

Султан Жумагулов: Азаттык азап менен келет

“Азаттык” радиосунун 60 жылдык мааракеси белгиленди. Майрамга аралаш “Азияньюс-пресстин” кабарчысы Назима Жумаева “Азаттык Медиа” мекемесинин директору Султан Жумагуловго бир катар суроолор менен кайрылды.

“Азияньюс-пресс”: “Азаттыктын” 60 жылдык тарыхына сереп салсак гезит бети түтпөс, ошондуктан сиз жетектеп турган акыркы  жылдары алалы. Деги “Азаттык” кандай жагына өзгөрдү? Ишиңердин күңгөй-тескейин айта кетпейсизби? Жетекчи катары бактылуусузбу, не арманыңыз бар?

Султан Жумагулов: “Азаттыкка” жетекчи болуп келгениме эки жарым жыл болду. Кайсы жагына өзгөргөнүнө биздин угарман-көрөрман-окурмандар баа берээр. Эгер сандар менен айтсак: интернет-сайтты окугандар саны эселеп өстү. АКШнын көз карандысыз ГЭЛАП сурамжылоо компаниясынын акыркы сурамжылоолору боюнча “Азаттыктын” радио программалары алдыңкы орунга чыкты, “Ыңгайсыз суроолор” жана “Азаттык+” Кыргызстанда туруктуу көп аудиториясы бар программалар катары табылды. Эң негизгиси: көп жылдан бери “Азаттык” ишенимдүү маалымат булагы катары алдыда келатат.

Турмуш – көп кырдуу, ал жалаң саясаттан жанасаясатчылар турмушунан, Ак үй же башка мамлекеттик мекемелердеги окуялардан турбайт. Жалаң мамлекеттик мекемелерди айланчыктабай, турмуштун өзөгүн түзгөн карапайым адамды, айлана-тегеректеги түркүн-түс боёкту чагылдырууга жетиштик – эң биринчи өзгөрүүбуз ушул. Экинчиден, Кыргызстан журтчулугунда “Азаттык” бул оппозициячыл маалымат каражаты деген көз караш орноп калган. Авторитардык режимдер тушунда бийликтер башка маалымат булактарын муунтуп, “Азаттык” ырасмийден башка ойлорго жана көз карашка орун берген бирден бир трибуна болуп келген. 2010-жылдан кийин баары эркин болуп калды десем аша чапкандык болор, бирок мурдагыдай кысуу же муунтуу токтолду. Кайсы гезит каалаганына сөз берип, каалаганын жазып жатат. Мисалы, ошол эле Биринчи радио дээрлик “Азаттыктын” форматына көчүп баратат. Демек, Кыргызстанда ЭРКИН СӨЗДҮН жеңиши, маалыматтарды так, ар тараптуу берген каражаттарпайда болуп жатат.

Көп жылдар бою “Азаттыктын” негизги платформасы – радио болсо, азыр эки телепрограммабыз, интернет барактарыбыз менен кадыресе мультимедиалык мекеме болуп калдык. Ошого жараша журналисттерге талап эселеп өсүп жатат: сабаттуу жаза алган, радио аркылуу кабарларын журтчулукка жеткире айтып бере алган, фото-видео тарта алган универсал кабарчыларга муктаждык өстү.

Иште кыйынчылыктар, албетте, көп эле кездешет, маалыматтардыар кайсы булактан тактай албай кыйналган учурлар болот. Окуяга тиешеси барлардын бир жагы, кээде эки жагы нааразы болгон учурлар кездешет. Мисалы, азыр “Ыңгайсыз суроолор” программасын жалаң гана түз эфирде чыгарабыз. Мурда бир-эки күн алдын ала жазып алып, тазалап туруп жиберчүбүз. Ошондо мени көбүрөөк кыркып коюпсуңар деген доомат эки тараптан тең коюлчу. Же болбосо программа тартылып бүткөндүн эртеси катышуучулардын бири (кээде экөөсү) келип алып, мындай деген жеримди алып кой, же болбосо монтажга катышам деп жөөлөй турган эле. Акыры тобокелге салып, тикелей чыгара баштадык.

Күңгөй жагы болсо, жакшы программа чыкса журналисттер менен кошо жырталаңдап кубанып каласың. Мындай күндөр тескейине караганда кыйла көп.

Жетекчи катары кесиптештериме турмуштук жана кесиптик тажрыйбамды өткөрүп, көз караштарын өзгөртүп жатам деген канааттануу сезими болот. Жаран катары, кесипкөй катары коом жана кесибим алдында миссиямды адал өтөп жатам деп ойлойм.

Билбейм эмне арманым бар? Эгер журналистика жагына келсек, анда маалымат каражаттары, журналисттер саясый, финансылык жактан толук көз карандысыз болсо, эч кимдин көзүн карабаса деген тилек бар. Журналистика эркин жана жоопкер болгондо гана миссиясын адал өтөй алат. Бирок экономикабызга жана кулк-мүнөзүбүзгө жараша андай боло албай жатабыз. Ошол арман.

“Азияньюс-пресс”:Азаттыкта чымындуулар көп иштейт, деги ар биринин кантип тилин таап иштешип жатасыз? Журналисттер арасында сөздүн жакшы маанисинде айтканда “жиндилер” көп да.

Султан Жумагулов: Негизи эле журналистикага өзү “чымындуулар” келет. Бул кесиптен да бийик нерсе. Бул адамдын тагдыры деп койсок да болот. Чыгармачыл жамааттын өзгөчөлүктөрүкөп. Мисалы, инженерлер жамаатында күнүмдүк боло жүргөн көндүм иштер да, тапшырмаларды берип, көзөмөлдөп коёсуң. Биз болсо күн сайын, саат сайын өзгөрүп жаткан, удургуп жаткан процесстердин тамырын кармап турушубуз керек.

Чыгармачыл инсандар сезимтал келишет, кээде чыгармачылык кризиске кабылып, жан-дүйнөсү кыйналат. Кечээ эле шедевр берип жаткан журналист туруп-туруп эле эчтеме жаза албай калат. Ошондуктан, чыгармачыл жамаатты “чымыны” бар адам башкарышы керек. “Азаттыкта” белгилүү бир стандарттар – эрежелер бар, ошолордун алкагында иштейбиз. Бул ишти кыйла жеңилдетет. Бирок ошол катаал талаптарды аткаруу көп түйшүк менен коштолот. Маселен, бирөөнүн былыгы чыгып калса, анын өзүнөн такташың керек, бир маалыматты аз дегенде эки булактан бышыкташың керек.

“Азияньюс-пресс”:“Азаттыкта” чоң болгон жакшыбы же катардагы эле журналист болгонбу?

Султан Жумагулов:Жетекчи болуу – бул жазмыш го. Биздин коом, аны менен кошо журналистика өзгөрүп жатат. Мен советтик журналистиканын уясынан учуп чыгып, соңку 14 жылдан бери эл аралык журналисттик уюмдарда такшалдым. Көз караш өзгөрдү, тажрыйба мол. Мына ошол тажрыйбасын кийинкилерге өткөрүп берсин деген буйрук болгон деп жоруп коём. Эл аралык десе кээ бир кесиптештерим улуттук журналистиканын өзгөчөлүктөрү бар деп кайым айтып калат. Албетте, кыргыз улутуна таандык бөтөнчөлүктөр кала берет. Тек гана баарыга бирдей журналисттик этикага түздөлүп иштейли деген кеп. Ал деген адамдын керт башына, улутуна, динине асылба, фактылары жок жоромолду чындык катары таратпа, маалымат каражаты аркылуу жеке өчүңдү алба деген эле ыйманга чакырган эрежелер.

Мурда өз оюмда багып жүргөн темаларды кесиптештеримдин күчү менен “Азаттык” аркылуу чыгарып келатам. Албетте, эркин журналист болгонго жетпейт, каалаган темаңды каалагандай жазып, чыгармачыл канааттануу аласың. Кыскасы, бир жагын алсаң – бир жагы калат.

“Азияньюс-пресс”:Кийинки кезде “Азаттык” бийликчил болуп кетти деп жазып калышчу болду, буга кандай жоопторуңуз бар?

Султан Жумагулов:Негизи фактыларга таянып көнгөмүн.Былтыр кайсы бир үлкөн саясатчы силердин гезит аркылуу оппозицияга сөз бербейт деп жондотуп доомат койгон эле. Биз жыл ичин карап көргөндө дал ошол ишмер баарынан көп чыкканы айгине болгон. Кайсы кезде болбосун, курч темалар “Азаттык” аркылуу биринчилерден кетип жатат. Акыркы эле Жети-Өгүздөгү окуяларды алалы. Күн сайынтаңдан тарта кечке чейин биздин Мария Колесникова радиого да, сайтка да тындырбай берип жатты. Жалал-Абаддагы кырдаалды да тынбай бергенибизди сайтыбызды аңтарып билип алса болот.

Акаев тушунда мындай эле, Бакиев тушунда андай деп калышат менин өзүмө да. Акаев тушунда “Азаттыктан” башканын баарынын оозун жабышкан, бирин-экин журналист камалган, туурабы? Бакиев тушунда ондогон журналистке кысым болуп, кээси сабалып, азыр бозгунда жүрүшпөйбү! Саясый өлтүрүүлөрдү айтпай эле коёлу. Ошо заманга жараша окуялар абдан курч өнүккөн, курч окуялар болсо маалыматтар да өзүнөн өзү курч болот да.

“Азаттык” бийликчил да, оппозициячыл да эмес, биз коомго, өз угарман-көрөрман-окурманыбызга иштейбиз. Менин терең ишенимимде, “Азаттык” Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыйралышына, бийликтерин көзөмөлдөй алган жетилген жарандык коомдун калыптанышына салымын кошууга тийиш. Биз Кыргызстанда бийликтердин өз мөөнөтүндө, шайлоо жолу менен алмашуу салтын калыптандырууга көмөк көрсөтөбүз.АКШ “Азаттыкты” адилет, ачык, адам эркиндиктерин жана укуктарын сыйлаган коом түзүүгөкөмөктөш деп каржылайт.

Менимче, азыркы бийлик фундаменталдык эркиндиктиктерибизге жана укуктарыбызга тийишкен жок, тийише да албайт, анткени, тарых сабагы бар, коомубуз да ага жол бербейт.

Мен жетекчи катары баары менен ачык, тең мамиле күтүүгө аракет кылам. Ак үйдөн бизге эч ким көрсөтмө бербейт, кээ бир ачуу макалалар боюнча көз караштарын айткан учурлар кездеше калат. Бул кадыресе эле көрүнүш.

“Азияньюс-пресс”:“Азаттыкты” Американын акырынан жем жейт деп тийишкендер бар, ошолорго не деп жооп айтат элениз?

Султан Жумагулов:Американы же Европаны өмүрү көрбөгөн адамдар ошол жакты сөгүп отурганын көрүп таң калам. Кыргызстанга ушул эркиндикти ким алып келди? Азыркы саясатчылардын көбү дал Американын “акырынан” жем жеген уюмдар жана “Азаттык” аркылуу аренага чыгышкан. Кезинде дал эл аралык уюмдар менен журналисттердин күнү-түнү уктабай чырылдап жүргөнүнөн улам камакка алынган саясый ишмерлерди бийликтер боштондукка чыгарууга мажбур болушкан. Дал ушул сырттан “жем жеген” кабарчылар окуяларды калың калкка жеткирип, бийликти маалында тыйып коюуга салым кошкон. Анан таң калычтуусу: оппозицияда жүргөндө “Азаттыкка” зар болгондор чоң кызматка келгенден кийин биздин эмгегибизди унутуп калгандары. Андан да кызыгы: кайра кызматтан кол жууса, “Азаттыкты” издеп калгандары.

Азыр “Азаттык” сыяктуу маалыматты бузбай, ар тараптуу чагылдырган маалымат каражаттары пайда болуп жатканы – баарыбыздын олжобуз. Бул кыргыз коомунун эркиндик жолунда дагы бир белеске чыкканын күбөлөйт.

Маектешкен Назима Жумаева, “Азияньюс-пресс” газетасы

Окшош посттор