Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сот депутаттын айдоочусун депутат Ирина Карамушкинаны суракка алып келүүгө милдеттендирди

Сот депутаттын айдоочусун депутат Ирина Карамушкинаны суракка алып келүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу жабыр тарткандардын адвокаты Канат Жайлоев «24.kg» маалымат агенттиги билдирди.

“Анын айтымында, Чүй райондук сотунун отурумунда төрагалык кылган Асанбек Тойгонбаев ушундай чечимди кабыл алды. Ушуга байланыштуу кылмыш ишин караштыруу 2012-жылдын 1-августуна калтырылды. Чүй райондук сотунда азыр депутат Ирина Карамушкинанын кызмат машинеси учураган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши каралып атат”,-деп жазды «24.kg» маалымат агенттиги.

Эскертели, 26-февраль саат 19.30да Токмок шаарында депутаттык «Тойота Камри» (мамномуру 0039KG) эки жөө жүргүнчүнү коюуп кетет. 70 жаштагы Асангазы Кутманалиев ошол жерден эле мерт кетип, 38 жаштагы Алмаз Матиев аймактык ооруканага жеткирилген.

Окшош посттор