Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Мелис Эшимканов атындагы фонд журналисттер үчүн конкурс жарыялады

Мелис Эшимканов атындагы фонд журналисттер үчүн сыйлык уюштуруп, конкурс жарыялады.  Бул сыйлык үчүн гезит, теле жана радио жана интернет тармагында иш алып барган бардык журналисттер ат салыша алат.

Мелис Эшимканов атындагы сыйлыктын жобосу:

Кыргыздын эркин журналистикасына негиз салгандардын бири, таланттуу журналист, көрүнүктүү коомдук ишмер жана чыгаан саясатчы, мекенчил инсан Мелис Эшимкановдун атын эл жүрөгүндө түбөлүккө сактап жүрүү үчүн Мелис Эшимканов атындагы ушул сыйлык уюштурулду.

Бул сыйлык үчүн:

  • гезит;
  • теле жана радио
  • Интернет тармагында иш алпарган бардык журналисттер ат салыша алат.

Сыйлык жыл сайын бир журналистке берилет.

Сыйлык ээсин 15 белгилүү жана таланттуу журналисттен куралган атайын комиссия аныктайт.

Сыйлык ээсине 100 000 (жүз миң) сом акчалай сыйлык, диплом жана лауреаттык медаль күбөлүгү менен тапшырылат.

Эмгектерди карап чыгууда төмөнкү критерийлерге көңүл бурулат:

  • жазуу же чагылдыруу чеберчилигинин өзгөчөлүгү;
  • макала же телерадиоберүүлөрдүн улут маданиятын байытып, журт намысын ойготкон, рух дөөлөтүн даңазалаган, элдин, жердин, мамлекеттин көйгөйүн көтөрүүгө салмактуу салым кошууга жөндөмдүүлүгү;
  • тандалган теманын актуалдуулугу, маанилүүлүгү;
  • мазмундун тереңдиги;
  • айтылган темага болгон автордун ачык позициясы;
  • берилген стилдин кызыктуу, оригиналдуулугу, жатык тили;
  • аргументтүүлүгү, объективдүүлүгү;
  • журналисттин профессионалдык-этикалык нормаларын сактоосу.

Сыйлыкка көрсөтүлчү журналисттик эмгектердин жанрына, журналисттин жаш курагына, тилине жана чек арасына чек коюлбайт. Бирок, бир журналист комиссиянын кароосуна 3 гана материалын жибере алат.

Сыйлыкка талапкерлерди бардык ММКлар же автор жеке ирээтте өз талапкерлигин көрсөтө алат. Сыйлык ээсин аныктоочу комиссия да бир жыл аралыгында журналисттик майдандагы макалаларга өз алдынча байкоо салып, сунуштоо укугуна ээ.

Сыйлык ээсин аныктоо комиссиясы ар бир жылдын 1-январынан 7-ноябрына чейинки:

  • жарыяланган макала (түп нускасы же шилтемеси менен бирге);
  • уктурулган радиоберүү;
  • көрсөтүлгөн телеберүүлөрдү (эфирге берилген күнү, убактысы көрсөтүлүшү кажет) кабылдап, карап чыгып, баалап, ар бир жылдын 9-декабрында (Мелис Эшимкановдун туулган күнү) жыйынтык чыгарат.

Журналисттик эмгектердин мыктылары Мелис Эшимканов атындагы Кыргызстан журналисттер www.eshimkanov.kg сайтына жарыяланат.

**Сыйлык ээсин аныктоочу комиссиянын курамы калыстык жана адилет чечилсин деген ниетте эч бир жерде жарыяланбайт.

Студент-журналисттер үчүн

Ошондой эле жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинде жаза билген жана мыкты окуган 5 студенттин ар бирине жылына бир жолу берилүүчү Мелис Эшимканов атындагы атайын стипендия тапшырылат.

Студент-журналисттер бул сыйлыкка Жогорку окуу жайлардын Журналистика жана телекоммуникация факультеттеринин жетекчилиги аркылуу көрсөтүлөт

Республика боюнча журналистика факульттеринин жетекчиликтери жылына мыкты окуган 3 (үч) студенттин тизмесин жана алар жазган жана республикалык жана жергиликтүү басылма, Интернет сайттарга жарыяланган макалалары менен кошо Мелис Эшимканов атындагы фонддун дарегине жөнөтөт.

Гезит-журнал, Интернет басылмаларда жарыяланган материалдар бул дарек боюнча кабыл алынат: fondmeliseshimkanov@gmail.com, eshimkanov@eshimkanov.kg

Ал эми телерадиоматериалдарды (санарип каражаттарда, бир нече форматта) Бишкек шаары, Исанов 25 (Москва көчөсү менен кесилишет), №1 кабинетине иш күндөрү алып келсеңиздер болот.

Байланыш телефону: 90 62 76 (243), 0550-244524

Окшош посттор