Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Майдан.kg” газетасынын башкы директору камакка алынды

“Майдан. kg” гезитинин башкы директору Нургазы Анаркулов 30-май күнү ИИМ тарабынан  камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, журналист опузалап бирөөдөн талап кылган акчаны  алып жаткан жеринен кармалган. Н.Анаркуловдун үстүнөн ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармачылыгына бир жеке менчик ишкананын жетекчиси атайын арыз менен кайрылып, журналист ал тууралуу компроматтык маанайдагы материалды жарыялабоо үчүн акча талап кылып жаткандыгын билдирген.

“Опуза талап” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы учурда тергөө процесстери жүрүп жатат. Эртең, бүгүн бөгөт коюу чарасы боюнча сот чечим чыгарат ”, – деди ИИМдин  маалыматтык саясат жана эл аралык байланыш башкармалыгынын басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Сейитов.

Ал эми журналисттин кесиптештери Н.Анаркуловдун камалышынына анын журналисттик ишмердүүлүгү себепкер болушу мүмкүндүгүн айтышат. “Майдан. kg” гезитинин башкы редактору Гүлзада Турдалиева буга чейин Н.Анаркулов бийликтин жана бир катар бийликтегилердин коррупциялык иштери тууралуу курч макалаларды жазып келгендигин билдирди. «Медициналык академиянын ректору, «Учкун» ишканасынын жетекчиси тууралуу сын макалалар жарыяланган”,- дейт ал.

Гүлзада Турдалиева  Н.Анаркуловдун камалышы боюнча адвокат иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Окшош посттор