Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлү Султан Жумагулов дүйнө салды

Кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлү Султан Жумагулов дүйнө салды

Кыргыз журналистикасы жана маданият тармагы орду толгус жоготууга учурады. Биздин агай, биздин көч башындагыларынын бири, элге эмгеги сиңген, элге аттын кашкасындай таанымал болгон кесиптешибиз Султан Жумагулов көпкө созулган оорудан кийин дүйнө салды.

Султан Жумагулов, өзүнүн кесиптик эмгек жолун 1981-жылы Республикалык жаштар гезитинде баштаган. Андан кийин көптөгөн белгилүү эл аралык дэңгелдеги маалымат каражаттарында жетекчи катары эмгектенген. Белгилей кетсек, “Азаттык”, “Би-Би-Си” радиолорунда, ЭлТР, КТРК, “Эркин-Тоо” гезитинде дагы иштеген. Акыркы кезде ал КРнын маданият, маалымат жана туризм министри болуп эмгектенип келе жаткан.

“Журналисттер” Коомдук Бирикмесинин жалпы жамааты, агайдын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен үй булөсүнө жана Маданият, маалымат туризм министрлигинин жалпы жамаатына көңүл айтат.

“Журналисттер” КБнин төрагасы Марс Тулегенов.

Окшош посттор