Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КРдеги парламентаризмдин өнүгүшү боюнча журналисттер үчүн конкурс

Урматтуу кесиптештер! Силерге белгилүү болгондой, 2013-жылдын май айында USAID/DFIDдин КР Жогорку Кеңешине көмөк көрсөтүү Программасынын колдоосу менен Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүн чагылдыруу боюнча республикалык сынак жарыяланган.

Сынактын жыйынтыгы сунушталган материалдардын санынын жетишсиздигине байланыштуу 2013-жылдын ноябрында чыгарылбай калган.

Курамына медиа-эксперттер жана жарандык коом өкүлдөрү кирген сынак комиссиясы сынак мөөнөтүн узартуу сунушун берген эле.

Эске салсак, сынак мөөнөтү 2014-жылдын 31-майына чейин узартылган. Материалдар 2014-жылдын 6-июнуна чейин кабыл алынат. 2013-жылы кабыл алынган материалдар эске алынат.

Сынак парламентаризм идеяларын түшүндүрүү, Кыргызстанда парламенттик демократиянын өнүгүшү тууралуу калктын маалымдар болуусун жогорулатуу максатында жарыяланган.

Төмөндө сынак тууралуу:

– Сынак «Мезгилүү басылма», «Телеберүү», «Радио», «Интернет» (маалымат агенттиктери) номинациялары боюнча жүргүзүлөт.

– Сынакка уюштуруу-укуктук таризине, иш тажрыйбасына, жашына карабастан, республикалык, облустук, райондук жана шаардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маалыматтык агенттиктердин авторлору, теле жана радиожурналисттер, кызматтагы жана эркин журналисттер, аналитикалык баяндамачылар менен экспертер катыша алат

– Гезитте жарыяланган материалдар, радио- жана телеберүүлөр, интернет-сайттарда жарыяланган материалдар иш жүзүндө 2013-жылдын 20-майынан 2014-жылдын 31-майынын аралыгында гана жарыяланган болууга тийиш.

– Сынак шарттары өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, «Аналитика» бөлүгүндөгү номинация кыскартылды. Мурда ушул номинация үчүн берилген материалдар сынакка киргизилген башка номинациялардын алкагында каралмакчы (мисалы, басылмалардан түшкөн аналитикалык материалдар «Мезгилдүү басылма» номинациясына кошулат ж.б.).

– Сынак материалдары Кыргыз Республикасынын Басма сөз кызматына же USAID/DFIDдин КР Жогорку Кеңешине көмөк көрсөтүү Программасына «Сынакка» деген белги коюу менен төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: Бишкек шаары, Чүй, 205, 528-кабинет (КР ЖК Басма сөз кызматы), Эркиндик сейилбагы, 21, 302-кеңсе, 5-кабинет (ЮСАИД Программасы).

Сынакка катышуу сунуштамалары 2014-жылдын 6-июнуна, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

– Сынак парламентаризм идеяларынт үшүндүрүү, Кыргызстанда парламенттик демократиянын өнүгүшү, ЖогоркуКеңештин иши, кабыл алынып жаткан мыйзамдар, токтомдор жана дагы башка ченемдик укук актылары тууралуу калктын маалымдар болуусун жогорулатуу максатында жарыяланган.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңар болот: 63 91 25, 63 85 65, 62 02 19.

“Кыргыз Республикасында парламентаризмдин өнүгүүсүн чагылдыруу боюнча республикалык сынак жөнүндө”
Ж О Б О

Кыргыз Республикасында парламентаризмдин өнүгүүсүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен маалыматтык агенттиктеринде чагылдыруу боюнча республикалык сынак (мындан ары – сынак) парламентаризм, Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүүсү, Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, фракциялар жана депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу, мыйзам чыгаруу органы кабыл алып жаткан мыйзамдар, токтомдор, ар кыл ченемдик-укуктук актылары жөнүндө маалыматтарды калкка кеңири жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматы USAID/DFIDдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү Программасынын колдоосунда өткөрүүдө.

1. СЫНАКТЫН МАКСАТТАРЫ

1. Парламентаризм идеяларын түшүндүрүү жана Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, фракциялардын ишмердүүлүгүн профессионалдуу жана объективдүү маалымдоо багытына Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу.

2. Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөл иш-милдеттерин аткаруусун жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну активдештирүү. 

2. СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

1. Сынакка уюштуруу-укуктук таризине, иш тажрыйбасына, жашына карабастан, республикалык, облустук, райондук жана шаардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маалыматтык агенттиктердин авторлору, теле жана радиожурналисттер, кызматтагы жана эркин журналисттер, аналитикалык баяндамачылар менен экспертер катыша алат.

2. Сынак “Мезгилдүү басылма”, “Телеберүү”, “Радио”, “Интернет” (маалымат агенттиктери) деген номинациялар боюнча жүргүзүлөт.

3. СЫНАК ИШТЕРИНЕ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

1. Гезиттеги материалдар, радио жана телеберүүлөр, интернет-сайттарына жарыяланган материалдар 2013-жылдын 20-майынан 2014-жылдын 31-майына чейинки мөөнөттө далилдүү түрдө жарыялануусу кажет.

2. Сунушталган материалдар сынактын максаттарына жооп бериши зарыл.

3. Сынакка төмөндөгүдөй материалдар кабыл алынат:

  • Мезгилдүү басылмалардагы авторлордон – сегизден кем эмес тематикалык материалдар;
  • Радиожурналисттерден – сегизден кем эмес радиосюжет же радиоберүү;
  • Тележурналисттерден – бештен кем эмес телесюжет же телеберүү;
  • Маалыматагенттиктериндегиавторлордон – сегизден кем эместематикалыкматериалдар;

4. Ар бир катышуучудан жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы, материалдын авторунун аты-жөнү, электрондук дареги, байланыш телефон номуру, материалдын аталышы жана анын басмага, интернет-сайтка, радиого же телеэфирге чыккан мөөнөтү көрсөтүлгөн маалымат толтурулуусу талап кылынат.

5. Телеберүүлөр DVD дисктеринде, радиоберүүлөр – CD дисктеринде программанын аталышы, автору, эфирге чыккан күнү жана убакыты, кыскача аннотация менен; мезгилдүү басылмалардагы материалдар – басылманын түп нускасы же редакция тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө, интернет барактарындагы материалдар – тасмадан чыккан мөөнөтү, убакыты, автору көрсөтүлүп, маалымат-агенттиктеринин фирмалык бланкында чыгарылып берилиши керек. 

4. СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ

1. Конкурстун материалдары Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматына жана USAID/DFID Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү Программасына “Сынакка” деген белги менен жөнөтүлөт. Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 205, № 528-кабинет (Басма сөз кызматы) жана Эркиндик сейилбагы, 21, 302-кеңсе, 5-кабинет (USAID/DFID Программасы).

2. Сынакка катышуу үчүн билдирмелер менен материалдар 2014-жылдын 6-июнунда саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

3. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн медиа эксперттерден, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн жана коомдук ишмерлерден турган көз карандысыз сынак комиссиясы түзүлөт.

4. Көрсөтүлгөн иштер сынак комиссиясы тарабынан төмөндөгү критерийлер боюнча бааланат:

  • Актуалдуулугу жана сынактын темасына туура келүүсү – 10 упай;
  • Тандалган теманын жана мамиленин өзгөчөлүүлүгү – 10 упай;
  • Материалдын айкалыштыгы – 5 упай.

5. Сынак эки турдаөткөрүлөт.

Биринчи турда сунушталган материалдар менен документтер ушул Жобонун үчүнчү бөлүгүндө каралган сынак талаптарына ылайыктуулугу иликтенет.

Материалдарын сынак талаптарына ылайык сунуштаган катышуучулар экинчи турга өткөрүлөт.

Экинчи турда катышуучулар тарабынан сунуш кылынган материалдардын мазмуну иликтенип чыгат жана ушул Жобонун төртүнчү бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган критерийлер боюнча баа берилет. Материалдарды иликтөө натыйжасы боюнча ар бир катышуучуга упай берилет.

Көп упай топтогон сынактын катышуусуна биринчи орун берилет. Топтогон упайларына жараша экинчи жана үчүнчү орундарыйгарылат.

6. Эки же андан көп катышуучу тең упай алып калган учурда, ал катышуучулардын ортосунда рейтингдик добуш берүү өткөрүлөт.

Эгерде рейтингдик добуш берүүнүн натыйжасында эки же андан көп катышуучу бирдей добуш алып калса, анда сынак комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү мааниге ээ болот.

7. Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими КР Жогорку Кеңешинин  расмий веб-порталына жарыяланат (www.kenesh.kg).

8. Сынактын жыйынтыгы 2014-жылдын июнунда өткөрүлүп, жарыяланат.

5. СЫНАКТЫН БАЙГЕ ФОНДУ

(Эскертүү: Жеңүүчүлөргө номинацияларына ылайык төмөндө көрсөтүлгөн суммага техникаларды сатып алуу үчүн белек тастыктамалары тапшырылат)

  1. “Мезгилдүү басылма” номинациясындагы мыкты материалдарга
  • Биринчи сыйлык – 900АКШ доллары
  • Экинчи сыйлык – 600АКШ доллары
  • Үчүнчү сыйлык – 500 АКШ доллары
  1. “Телеберүү” номинациясындагы мыкты сюжетке же программага
  • Биринчи сыйлык – 900АКШ доллары
  • Экинчи сыйлык – 600АКШ доллары
  • Үчүнчү сыйлык – 500 АКШ доллары
  1. “Радиоберүү” номинациясындагы мыкты сюжетке же программага
  • Биринчи сыйлык – 900АКШ доллары
  • Экинчи сыйлык – 600АКШ доллары
  • Үчүнчү сыйлык – 500 АКШ доллары
  1. “Интернет” номинациясындагы мыкты материалдарга
  • Биринчи сыйлык – 900АКШ доллары
  • Экинчи сыйлык – 600АКШ доллары
  • Үчүнчү сыйлык – 500 АКШ доллары

Окшош посттор