Кандай адам журналист болот?

21.02.2013

Рубрика: Аналитика, Жанылыктар

Басып чыгаруунун версиясы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) журналистика факультетинин деканы  Абдыганы Халилов өлкөдө журналистти кадрларды даярдоо сапатын кантип арттыруу керек деген суроо тегерегинде ой бөлүштү.

– Кыргызстанда миңден ашык жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) бар экен.  Алардын  жетекчилери  жаңы  бүтүп жаткан кадрларды чабал даярдалат деп даттанууда. Кыргызстандагы журналисттерди даярдоонун негизги ордосу саналган КУУ журналистика факультетинин жетекчиси катары чын эле сапаты төмөн дегенге кошуласызбы?

– Чынында Кыргызстанда киши санына алганда абдан көп ЖМК чыгат жана   журналисттердин эркин иштешине бардык шарттар түзүлгөн. Бул бизде демократиянын орун алганын көрсөтөт.  Бүгүн өлкөнүн 12 окуу жайында журналисттик кадрлар даярдалат. Бөлүмдөрдө  кеминде 25, факультеттерде  50 окутуучу бар.  Биздин факультетте 600 студент окуйт,  бюджеттик орун жок. Жалаң контракттык негизде болгонуна карабай, каалоочулар абдан көп,  мунун өзү өлкөбүздө  журналисттик кесипке кызыгуу зор экенин билгизет. Албетте, окутуу талаптары өзгөрүлүп жатат.  Мисалы, 10-15 жыл мурунку методика менен азыр окутууга болбойт.  2012-2013-окуу жылдан баштап билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, Болон системасына өттүк.  Жаңы программага ылайык практикалык сабактарга, студенттин өз алдынча иштерине көбүрөөк көңүл бурулууда. Мурдагыдай узак лекциялар, теориялык сабактар азайып, практикага  багыт алдык. Албетте, журналисттерди даярдоо сапаты 100% мыкты деп айта албайм.  Окутуу сапатын арттыруу үстүнөн иштеп жатабыз.

– Мүмкүн, журналисттерди даярдоочу факультеттер арасында атаандаштык күчөсө, сапат жакшырмактыр?

– Эми маселе тиги же бул ЖОЖдо журналисттерди даярдоодо алардын  профессордук-окутуучулук курамынын деңгээлинде, экинчиден, алардын материалдык-техникалык базасында. Айталык, студенттерге лекциялар жетишсиз, башка да тиешелүү  шарттар түзүлүш керек. Маселен, киностудия, радиостудия, компьютердик класс болууга тийиш, демек ал жерде студенттер сабактан башка учурда өздөрүнүн сырттан даярдап келген сюжеттерин же болбосо радио программаларына ылайык материалдарын монтаждап, эфирге даярдоо үчүн шарт болуш керек. Андан тышкары гезит чыгаруучу атайын лаборатория зарыл. Гезит  чыгаруу  процесси, анын жасалгасы, материалды жайгаштыруу принциптери, ыкмалары кандай? Мына ушунун баарын студенттер белгилүү деңгээлде үйрөнүүгө тийиш. Өмүрүндө  гезиттин жасалгасын көрбөй туруп, анан редакцияга барып, гезит жасалгалоо ишине катыша алат, өмүрүндө  видеокамера кармабаган, же болбосо монтаждык стол эмне экенин билбеген, эфирдик материалдар кантип дайындаларын билбеген, микрофонду кармабаган бала эртең радиодо, телекомпанияларда  кантип иштей алат?  Демек,  ар бир тема боюнча окулган лекция сөзсүз түрдө практикалык иш менен бекемделип турууга тийиш.

– Азыр медиа  тез өнүгүп жаткан кез эмеспи. Ошого жараша окутуу ыкмалары да бат-бат жаңырып жатат. Биздин окутуучулар кайсыл жактан барып тажрыйбадан өтүп келип жатышат?

– Биз түздөн-түз республикадагы ар түрдүү медиа институттар, борборлор жана агенттиктер, телерадиокомпаниялар менен тыгыз иштешебиз. Ар түрдүү медиа  компаниялар, борборлор уюштуруп жаткан тренингдерге, тегерек столдорго, конференцияларга катыштырабыз. Семинарларга бир жума, он күндөп катышып, билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алып жатышат.

Чет өлкөлөргө чыгып жаткандары барбы?

– Албетте бар. Маселен, өткөн жылы эки кызматкерибиз Санкт-Петербург университетинин алдындагы  журналистика, медиа боюнча семинарга катышып келди. Мен болсо өзүм эки жолу алыскы чет өлкөлөргө барып келдим. Түркияга барып келдим. Бүгүнкү күндө интерактивдүү  методго багыт алдык. Жалаң эле лекция менен чектелбей, ошол эле учурда студенттер арасында тест жүргүзүп, иш оюнун уюштуруп, студенттерди  практикалык иштерге түздөн-түз катыштыруу аркылуу анын болочок кесибине такшалдырып жатабыз.

– Кыргыз адабиятынын, орус адабиятынын тарыхы сыяктуу сабактар узак убакытты алат дешет. Анын ордуна нукура журналистикага тиешелүү сабактарга басым жасалса деген пикир бар…

– Эми журналист  жалаң  өзүнүн гана жеке адистигине басым кылбаш керек. Журналист – бул чыгармачыл адам, демек, сөзсүз түрдө адабиятты дагы билиш керек. Жалаң гана профилдик сабактарды үйрөнбөстөн, журналист ар тараптуу, көп нерседен кабардар адам болууга тийиш. Көркөм адабиятты окуу аркылуу студент биринчи ирээтте өзүнүн ой жүгүртүүсүнө руханий азык алат. Экинчиден, көркөм адабият аркылуу ал тигил же бул чыгармачыл инсандын, жазуучунун стилин, жазуу ыкмасын үйрөнөт. Биз кыргыз адабиятынын, орус адабиятынын, чет элдер адабиятынын тарыхы деп өз-өзүнчө  киргизгенбиз. Бул студенттерибизге сөзсүз керек. Журналист белгилүү деңгээлде адабиятты жакшы билген жана адабиятчы болууга тийиш.

– Дүйнөдө Би-Би-Си телерадиокомпаниясынын жураналисттик мектеби алдыңкы, мода тараткыч катары аталат. Сиздер ал мектептин тажрыйбасын колдонуздарбы?

– Эми Би-Би-Си бул деген практикалык иш да. Анын Бишкекте бюросу бар, ошол жакка балдарыбызды практикага жиберебиз. Алар уюштурган тренингдерге, семинарларга биздин балдар такай катышат. Сабактан тышкары  Коомдук саясат   институтунун, башка бир катар борборлордун бир айлык, эки айлык, үч айлык тренинг,  сабактары болот студенттер үчүн. Ошолорго студенттерибизди конкурска катыштыруу аркылуу өткөрүп, билимин өркүндөтүп жатабыз.

– Факультете бюджеттик орундар жок дедиңиз, эмне себептен жок? Анткени, колунда жок бүлөлөрдөн чыккан таланттар кайдан окушат?

– Мындан 5-6 жыл мурда билим берүү  министрлиги тарабынан атайын чечим кабыл алынып,  ЖОЖдордогу педагогикалык багыттагы адистиктер үчүн гана гранттык орун берилип, калган адистиктерге бюджеттик орун бөлүнбөй калган. Мурда бар болчу. А бирок ага карабастан жана айткандай, окуйм деп тапшырган каалоочулардын саны көп.

Акыркы үч жылда  сиздердин факультетти бүткөн чыгаан кайсы журналисттерди атай аласыз?

– Акыркы 4-5 жылда,маселен, бизден жаңыдан гана бүтүп, иштеп жаткан студенттерибиз көп. КТРКнын азыркы жетекчисинен тартып, анын орун басарлары, негизги жана белдүү  кызматкерлеринин баарысы биздин бүтүрүчүүлөрүбүз. «Ала-Тоо» программасын алсак, дикторлордон тартып, орус тилдүү да, кыргыз тилдүү да журналисттер бизден чыккан. Маселен: Чынар Капарова, Элнура Молдокадырова, Гүлнара Касымалиева, Ширин Асанакунова.  Сырттан окуп жатып иштеген Канат Каниметов. Демек, биздин бүтүрүүчүлөрдүн сапаты, журналисттик жөндөмү жогору деп айтсак  болот.

Маектешкен  Бегайым Асеева, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин 2-курсунун студенти

“Маалымат укугу борбору” коомдук бирикмесинин кыргыз тилинде жазган журналисттер жана КР ЖМК үстүнон даттанууларды кароо комиссиясы журналистика адистигине окуган жогорку курстардын студенттери үчүн тренингдердин алкагында даярдалган.