Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Итибаевди кармоо операциясында журналист сабалды

Итибаевди кармоо операциясында журналист сабалды

Абактан качып, 22-октябрда атып өлтүрүлгөн Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда “Супер инфо” гезитинин кабарчысы Максат Орозумбетовду белгисиз кишилер сабап, видеокамерасын алып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган басылмадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, операция аяктаган кезде топтолгон жигиттер келип, журналистти ур-токмокко алган. Камерасын алып кетип, изин жашырышкан. Журналист бул боюнча милицияга арыз жазды.

Максат Орозумбетов сабоого алынган кезде жакын жерде турган күч кызматкерлери жардам бербей койгонун айтууда. Бул боюнча күч кызматтары маалымат бере элек.

22-октябрда кечинде Бишкектин Достук кичи районунда абактан качкан Алтынбек Итибаев байкалып, ал жашынган №8 беш кабаттуу үй курчоого алынып, атышуу болду. Натыйжада Итибаев атып өлтүрүлдү. Андан сырткары, милициянын атайын кызматынын бир жоокери жана эки жайкын тургун набыт болду.

Азаттык

Окшош посттор