Эшимканов фонду ЖМКлар арасында турнир өткөрөт

20.06.2012

Рубрика: Жанылыктар

Басып чыгаруунун версиясы

Белгилүү коомдук ишмер, саясатчы жана журналист Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган журналисттер арасында кичи футбол мелдеши болот.

Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарын  23-июнь күнү “Дордой” спорт клубунда күч сынашат. Турнир саат 9:00 дө башталат.

 Мелис Эшимканов атындагы фонддун кубогу үчүн КТРК, ЭлТР, “НБТ”, “НТС” телеканалдары, “Кыргыз радиосу”, “Азаттык” үналгысы, “АKИpress” агенттиги, “”Супер-Инфо”, “Күндарек”, “Агым”, “Кереге kg”, “Фабула” гезиттери ат салышат.