Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Документалдуу фото, видео жана анимация боюнча Жайкы Мектепке катышуу үчүн сынак

«Балдардын Медиа-борбору» Сорос-Кыргызстан фондунун колдоосу менен Жайкы Мектепте документалдуу фото, видео жана анимация боюнча «Investigate Real Life» аттуу сынакка катышууга чакырат.

«Investigate Real Life» – бул жаңы медиа каражаттарынын жардамы менен адамдын жеке жашоосун, коомду жана турмуштук ар кандай жагдайларды документалдуу изилдөө. Ошондой эле окууну, иликтөөнү жана чыгармачылык эмгекти жаратууну чогуу алып баруу. Бизди авторлордун жекече кызыгууларын жараткан изилдөөлөр кызыктырат. Катышуучулардын «лабораториясы» жана иштей турган жери Бишкек шаары болот.

Катышуучунун тандоосуна үч формат сунушталат:
– Текст менен коштолгон 15 фотографиядан турган фото-изилдөө;
– Узактыгы 10 мүнөткө чейинки документалдуу автордук фильм;
– 3-5 мүнөткө чейинки анимелештирилген изилдөө.

Кыска метраждуу докумендалдуу фильмдерди, фотографияларды жана анимацияларды жаратуу процессинде тапкычтык, коомга багыталгандык, интеллектуалдуулук жана жаңылык бааланат.

Жайкы мектептин программасы төмөнкүлөрдөн турат:
– семинарлар,
– дискуссиялар,
– көндүмдөрдү практикалоолор,
– эң мыкты дүйнөлүк документалдуу эмгектерди көрүүлөр, аларды анализдөө жана талкуулоо,
изилдөөгө тиешелүү тармактарды мыкты билген эксперттер менен жолугушуулар

Катышуу үчүн шарттар:
– Мотивацияны билдирген кат. Эмне үчүн өзүңүздү бул проектке эң ылайыктуумун деп эсептейсиз?
– Кыскача биографияңыз жана жасаган эмгектериңиз (эгер бар болсо);
– Социалдык тематикага карата сиздин документалдуу-изилдөө боюнча идеяңыз;
– Кайсыл багытта иштегиңиз келет;
– Долбоорго 18-28 жаш курактагылар катыша алышат. Бул мектепке катышуу үчүн аталган тармактарда сөзсүз тажырыйбасы болуу талап кылынат, ошондой эле өзүн чыгармачылык менен таанытууга болгон умтулуу зарыл.

Зарыл маалыматтын баарын nadejda.b@gmail.com жана diana.ukhina@gmail.com электрондук почталарын салуу керек. Сурамжылоо үчүн телефон: 0555359424.

Арыздар 2012-жылдын 15-июлуна чейин кабыл алынат.

Долбоордун узактыгы:

Окутуу жана эмгектерди реализациялоо үч айдын ичинде.

Жумуш процесси аяктаган соң, аткарылган эмгектердин көргөзмөсү уюштурулат.

Изилдөөлөрдүн ар бир багыты боюнча жеңүүчү аныкталып, 500  доллар сыйлык ыйгарылат.

Окшош посттор