Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Айна Дүйшекеева: “Факультеттин улуттук журналистиканын калыптанышына кошкон салымы зор”

Айна Дүйшекеева: “Факультеттин улуттук журналистиканын калыптанышына кошкон салымы зор”

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин ачылганына быйыл 60 жыл болду. 1956-жылы окуу жайдын кыргыз филологиясы факультетинин базасында журналистика бөлүмү ачылган. Жарым кылымдан ашуун убактан бери факультет улуттук журналистиканын түптөлүп калыптанышына өз салымын кошуу менен бирге, Кыргызстандын бир катар таланттуу чыгармачыл жаштарын тарбиялап келет. Маараке алдында факультеттин деканы, филология илимдеринин кандидаты Дүйшекеева Айна факультеттин бүгүнкү жетишкендиктери жана келечек пландары тууралуу маек куруп берди.   

– Мындан 60 жыл мурун ачылган журналистика факультети бүгүнкү ааламдашуу доорунда кандай ийгиликтерге жетишип жатат?

– Журналистика факультети 1994-жылдын апрель айынан баштап кыргыз филологиясы факультетинин курамынан бөлүнүп, өзүнчө факультет болуп иштеп баштаган. Учурда факультеттин курамында үч кафедра, Коммуникация жана компьютердик технологиялар борбору иш алып барат. Былтыр Пресс-борбор, студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму Студенттик комитет уюштурулду. Ошондой эле чыгармачыл жаштардын башын бириктирген “Бүчүр” клубу иш алып барууда. Азыр бизде күндүзгү бөлүмдө жалпы 452 студент, сырттан окуу бөлүмүндө 94  студент билим алып жатса, магистратурада 15, аспирантурада үч адам окуйт. Бул жүздөгөн студенттерге сапаттуу билим берүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Ириде студенттердин  жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүүгөкөбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Мурда көбүнчө теорияга басым жасалчу. Студенттер макала жазганды, теле, радио берүүлөрдү даярдаганды практикага барганда элеүйрөнүшчү. Азыр болсо ушулардын баардыгын университеттен үйрөтүүгө аракеткылып, практикага көбүрөөк басым жасап жатабыз. Себеби замандын талабы ушундай болуп жатат. Бүгүн биздин студенттер дипломун көтөрүп барса эле мурдагыдай аларды эч ким жумушка албайт. Анткени ал практикалык жөндөмдүүлүккө ээ эмес. Андыктан окуу процессинде эле теле-радио программаларды даярдоону,монтаждоону, газета чыгарганды, макала жазгандыүйрөтүп жатабыз. Учурда “Баласагын-ТВ” студиясы беш мүнөттүк көлөмдөгү циклдик көрсөтүүлөрдү даярдап, Улуттук университетинин сайтына коюуда. Биздин студенттер “Баласагын” радиосунун 30 минуталык уктуруусун дагы чыгарып турушат. Буга чейин биздин студенттер үч жыл бою “Манас FM” радиосунда бир сааттык программа менен эфирден чыгып келишкен. Бул радио форматын  өзгөртүп,түз эфирге көбүрөөк чыгып калгандыктан, мындай мүмкүнчүлүк болбой калды.

– Практикалык сабак өтүш үчүн заманбап материалдык-техникалык база күчтүү болушу керек. Факультеттин базасы канчалык деңгээлде талапка жооп берет?  

– Бул журналист адистерин даярдап жаткан окуу жайлар үчүн абдан олуттуу маселе. Бизге практикалык сабак өтүш үчүн заманбап материалдык-техника болушу керек. Бирок сөздүн ачыгы акча каражатынын тартыштыгынан улам биз ойлогондой техникалык каражаттарга жете албай жатабыз. Буга чейин университет тарабынан алынган эски камералар менен иштеп жатканбыз. Азыр Борбордук Азия Америка университети алып берген эки заманбап камера менен иштеп жатабыз.Андан тышкары санариптик фотоаппарат дагы беришкен.

Теле-радио студиялардын техникалары эски болгондуктан, ошолорду эптеп оңдоп-түздөп алып иштеп жатабыз. Белгилүү радио журналист, продюсер, биздин бүтүрүүчүбүз Тынчтыкбек Кожобеков келип, күнү-түнү иштей турган радио студия ачуу демилгесин көтөрүп кетти. Бул албетте, келечекте жасала турган иш. Ал үчүн бир топ күч жана акча каражаты керектелет.

Долбоордун негизинде сүйлөө техникасын өнүктүрүү үчүн тренинг зал ачтык. Ал үчүн атайын окуу китеби жазылды. Учурда бул боюнча тийиштүү адистер сабак беришүүдө. Окуу жайлардын ичинен биринчилерден болуп өз күчүбүз менен “МАҢКУРТ” деген көркөм фильм тарттык. Фильмдин сценарийин студенттер өздөрү жазышып, кинону атайын Балыкчыга Орто-Токойго барып тартып келдик.

– Бүгүнкү жаштарды журналистиканын кайсы багыты көбүрөөк кызыктырат, кандай журналист болгусу келет жана алардын талабын канааттандырууга факультеттин күчү жетеби?

– Бизде мурда студенттер бешинчи курска жеткенде чыгармачылыгына жараша багытты тандап алып окушчу. Анда болгону басма сөз, телевидение жана радио деген үч эле багыт бар болчу. Азыр болсо замандын талабына ылайык дагы эки багыт кошулду: эл аралык журналистика жана онлайн журналистика. Мурда адистешүү сабактарын 5-курстан окушса, азыр 3-курстан баштап эле тандап алып окушат. Студенттерди журналистиканын кайсы багыты көбүрөөк кызыктырарын билүү максатында атайын сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Ошондо көп студенттертеле журналистиканы тандап алышты. Радиону болгону үч студент тандаптыр. Демек, жаштар арасында теле журналистика актуалдуу. Андыктан биз ушул багытта студенттерге терең билим берүү менен теориялык алган билимин практика менен айкалыштырышына жогорку шарт түзүп беришибиз  керек. Онлайн гезитачышыбыз зарыл. Бул мезгилдин талабы болуп жаткандыктан, келерки жылдан баштап ушул багытта ишти күчтөндүрөлүк деп жатабыз. Эл аралык журналистика боюнча билим берүү үчүн азыр Конфуций борбору жана Шопоков шаарчасындагы корей тилин үйрөткөн колледж менен иш алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар бир жагынан материалдык жактан жардам беришсе, экинчи жагынан студенттерге кытай, корей тилдерин үйрөтүшөт.

Анан албетте, студенттерге теориялык алган билимин практика менен айкалыштырышына жана сапаттуу билим алышына аларга сабак берген профессордук-окутуучулук курамдын тийгизген таасири чоң болот.  Бүгүнкү күндө мурдагыга салыштырмалуу биздин факультеттин профессордук-окутуучулар курамынын сапаты жакшырды десем болот. Себеби бизтажрыйбасы бар практик журналисттерди көбүрөөк тарта баштадык. Азыр биздин студенттерге А.Матисаков, Ч.Капарова, А.Ибраимов сыяктуу белгилүү журналисттер иштешет.

Дагы бир өзгөчөлүгүбүз — вокал боюнча сабакты киргиздик. Себеби үндү тарбиялаганга, үндү ачканга абдан керек экен. Сүйлөө техникасы менен вокалдын байланышы абдан тыгыз экен. Ошон үчүн келечектеги теле-радио журналисттергеушундай сабакты киргизгенбиз. Албетте, вокалды музыкалык сабаты бар мугалим бериши керек. Ал үчүн атайын адисти чакырганбыз. Бул аракеттер сабактын сапатын жогорулатуу үчүн жасалууда.

Студенттердин теориялык билимдерин  бекемдөө жана  практикалык жөндөмүн арттыруу  максатында бир топ иштер пландаштырылууда. Алар: Интернет–радиоуюштуруу боюнча долбоор менен иштөө, телестудиянын базасын чыңдоо жана тажрыйбага таянып “Баласагын-ТВ” продакшн-студиясын уюштуруу, эфирдик материалдарды даярдоо, телеканалдарга сунуштоо. Ошондой эле видеопродукцияга буйрутмалар менен иштөө, интернет-журналистика адистешүүсү үчүн он-лайн гезитинуюштуруу, мини-типография  түзүү, окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “Жылдын мыкты студенти”, “Жылдын мыкты окутуучусу”, “Жылдын мыкты кафедрасы”, “Жылдын мыкты куратору” конкурстарын өткөрүү.

– Республикада журналистика багыты боюнча кыргыз тилиндеги окуу китептеринин жетишсиздиги көйгөйлүү маселе болуп жаткандыгы эгемендүүлүк  жылдарынан бери айтылып эле келет. Бирок эмнегедир кыргыз тилиндеги китептердин чыгыш темпи дагы деле начар. Ушул маселени чечүүдө факультеттин окутуучулары канчалык деңгээлде салымдарын кошууда?

– Тилекке каршы, журналистика боюнча окуу куралдары жалаң орус тилинде. Кыргыз тилиндеги окуу китептери жокко эсе. Акыркы жылдары гана аз-аздан кыргызча китептер жазыла баштады. Биздин окутуучулар факультеттин60жылдыгына карата ондон ашык окуу куралдыдаярдап жатабыз. Бирок буга чейин бирин-экин китептер чыгып келген. Мисалы, биздин окутуучулар тарабынан “Кыргыз журналистикасынын тарыхы”. Риторика. Журналисттин кеп маданияты”, “Адабий редактирлөө”, “Кыргыз радиосунун тарыхы бейне сүртүмдөрүндө”, “Радио журналистиканын негиздери”, “Журналисттин сүйлөө техникасы” деген сыяктуу окуу китептери чыгарылган. Учурда окутуучуларыбыз “Кыргыз радио журналистикасынын тарыхы”, “Кыргыз теле журналистикасынын тарыхы”  боюнча негизги окуу китептерин даярдоонун үстүндө эмгектенишүүдө.

Демек, бул жактан дагы биздин окутуучулар тарабынан олуттуу иштер жасалууда деп айтсам болот. Бирок ошол окуу китептерин жазууда жөн эле чет элдик башка окумуштуулардын китептерине таянбастан жергиликтүү ММКдын материалдарына таянып жазып жатабыз. Бул студенттерге жеткиликтүү жана түшүнүктүү болот.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Окшош посттор