Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 31-мартка чейин узартылды

Массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 31-мартка чейин узартылды

КР Билим берүү жана илим министрлиги массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 2019-жылдын 31-мартына чейин узартылганын маалымдайт.

Билим берүү жана илим министрлиги Европа Бирлигинин колдоосу менен “Мугалим” кесибинин кадыр-баркын жогорулатууну, педагогикалык кадрларды даярдоону, ошондой эле республикадагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган материалдарды чагылдырган массалык маалымат каражаттарынын жана интернет басылмалардын, ошондой эле автордук жамааттардын арасында сынак өткөрүүдө.

Сынактын жыйынтыгы 2019-жылдын 15-апрелине чейин чыгарылып, “Басылмалардагы мыкты иш”, “Телевидениедеги мыкты иш”, “Радиодогу мыкты иш”, “Интернет-басылмаларындагы мыкты материал” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Материалдар мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын ишин; окуу процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу, инклюзивдик мамилени жана заманбап IT-технологияларды колдонуу; ошондой эле жалпысынан билим берүүнүн сапатын жогорулатууга карата көрүлгөн чараларды чагылдырышы мүмкүн.

Сынакка бир автордон же авторлор жамаатынан Сынактын тематикасы боюнча үчтөн кем эмес массалык маалымат каражаттарында 2018-жылдын 17-октябрынан 2019-жылдын 31-мартына чейин жайгаштырылган материалдар берилүүгө тийиш.

Мыкты иштердин авторлору 10, 20 жана 30, миң сомго жабдууларды алуу үчүн сертификаттарга ээ болушат.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөнү konkurs.edu.kg@gmail.com электрондук дарекке жиберүү зарыл. Же иштерди катышуучунун өтүнмөсүн толтуруу жана басып чыгаруу менен Бишкек ш., К. Тыныстанов көч. 257, 303-кабинетке, КР Билим берүү жана илим министрлигине алып келүү керек.

Сынактын шарттары менен кененирээк КР Билим берүү жана илим министрлигинин www.edu.gov.kg сайтынан таанышса болот.

Жеке авторлор үчүн өтүнмө.docx

Редакциялык жамааттар үчүн өтүнмө.docx

Сынактын жобосу.docx

Окшош посттор