Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк жана укук маселесин чагылдыруу боюнча тренингге катышууга журналисттер арасында сынак

Сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк жана укук маселесин чагылдыруу боюнча тренингге катышууга журналисттер арасында сынак

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана БУУПӨПтүн (ПРООН) “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлору Бишкек шаарындагы, Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ош областтарындагы журналисттер арасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдардын, элеттик аялдардын, опурталдуу топтогу жаштардын жана этникалык азчылыктардын акыйкаттыкка жетүү темасын чагылдыруу боюнча тренингге катышууга сынак жарыялайт.

Бир күндүн ичинде катышуучулар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдардын, элеттик аялдардын, опурталдуу топтогу жаштардын жана этникалык азчылыктардын сот адилеттигине жетүүдөгү көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору тууралуу маалымат алып, аталган тематиканы сапаттуу чагылдыруу боюнча чеберчилигин жогорулатышат.

Тренер катары аталган темада тажрыйбалуу медиа-тренер жана эксперт чакырылган.

Тренинг:

– Бишкекте 15-июнда

– Ошто 17 июнда өткөрүлөт.

Бардык чыгымдар уюштуруучулулар тарабынан каржыланат.

Өткөрүлгөн окутуулардан кийин аталган долбоорлордун алкагында катышуучулар менен тыгыз иштешүүгө журналисттердин тармагы түзүлөт.

Иш-чарага катышуу үчүн journalist.kg@gmail.com электрондук дарегине төмөнкү документтерди жөнөтүү керек:

– кызыгуу каты;

– журналисттин резюмеси.

Документтер кыргыз жана орус тилинде кабыл алынат. Билдирүүлөрдү кабыл алуу 2015-жылдын 10-июнунда 12:00дө токтотулат. Документтердин толук топтому гана каралат.

Окшош посттор