Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын аймактык ММК үчүн “Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү” сынагы

Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлик менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашыруунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатуу максатында “Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү” темасына ММКда жарыяланган изилдөөлөргө, аналитикалык материалдарга, макалаларга сынак жарыялайт.

Өбөлгөлөр Ушул тапта маанилүү милдеттердин бири – жарандардын жергиликтүү бийликке да, жалпысынан мамлекеттик башкаруу системасына да ишеним деңгээлин жогорулата турган шарттарды түзүү. Дүйнөнүн башка мамлекеттериндей эле Кыргызстанда да аймактар бар болгонун, ал жакта бүгүнкү күндө республикадагы калктын басымдуу бөлүгү жашай турганын жалпынын эсине салуу зарыл. Чакан шаарлар, айылдар бийликтин көңүл буруусуна жана каржылык колдоосуна, ошондой эле жарандар өзүнүн кичи Мекенин өнүктүрүүгө чындап катышууга муктаж.

Бюджет – бул коомдук каржы. Ар бирибиз казынага төккөн ар түрдүү төлөмдөр аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого өз салымыбызды кошуп келатабыз. Бирок бул акча кантип чогултулаарын, эң негизгиси кантип сарпталаарын баарыбыз эле биле бербейбиз. Бюджеттик процесстин айкындуулугун жогорулатуу, аны баалоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, адамдардын маалымдуулугун кеңейтүү – мына ушул максаттарды көздөп, ӨСИ аймактарда иштеген журналисттик жамааттар жана авторлор арасында чыгармачыл сынакты уюштурууда.

ММК жарандарга көрсөтүлгөн каражаттар кантип сарпталып жатканы тууралуу чоң көлөмдөгү маалымат бере алат. ММК жарандарды ушул процессти көзөмөлдөөгө үйрөтө алат. ММК журналисттик иликтөө жүргүзүп, бул чөйрөдө кыянаттыктардын системасын жана айрым бир факттарды ачыкка чыгара алат. Ал эми бул сынактын милдети – аталган темаларга ММКнын кызыгуусун жаратуу, журналисттерди тең салмактуу, жогорку, кесипкөй деңгээлдеги материалдарды даярдоого шыктандыруу.

Сынак тууралуу толугурак маалыматты ЖОБОдон биле аласыздар.

Окшош посттор