Кантип ЖМКдагы жана Интернеттеги айткандар үчүн жапа чекпесе болот

08.02.2016

Рубрика: Жанылыктар, Сөз эркиндиги

Басып чыгаруунун версиясы

school

2016-жылдын 4-февралында “Сова” (Россия) маалыматтык-аналитикалык борбордун директору, эксперт Александр Верховскойдун “Сөз эркиндиги: кантип ЖМКдагы жана Интернеттеги айткандар үчүн жапа чекпесе жана антиэкстремисттик мыйзамды бузбаса болот. Кыргызстандагы чындык жана Россиядагы практика” деген аталыштагы интерактивдүү лекция өткөрдү.

Иш-чарага эксперттер, адвокаттар, журналисттер, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келишти.

Киришүү презентациясында Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин директору Инга Сикорская катышуучуларга 2015-жылдагы ЖМКларда жана Интернетте душмандашуу тилине жүргүзгөн анализдин жыйынтыктары менен тааныштырды. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча дискриминациялык лексика социалдык тармактарда көп байкалган, ал эми Фейсбуктун колдонуучулары душмандашуу лексикасын таркатуунун рейтингинде алдыңкы катарда болгон.  Ошондуктан колдонуучулар тармактардагы жарыялап жаткан пикирлерине бир топ жоопкерчиликте болгону оң, ой-пикирин эркин билдирүү менен бир нерсеге үндөөнүн ортосундагы айырмачылыкты жакшы айырмалай билиши керек.

«Душмандашуу тили абдан оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн – деп белгилеп кетти Сикорская. – Душмандашуу тили коомчулукта жек көрүүнүн негизинде жасалган кылмышты колдойт же аны коштойт, ал эми авторлор ошол эле мезгилде мыйзамдуу жана жүйөлүү айыптоолордун объекти болушу мүмкүн».

2015-жылы Кыргызстанда Интернет пайдалануучулар жана авторлор одоно айтуулары үчүн эскертүү алышып, “профилактикалык сүйлөшүүлөргө” чакырылган, ал эми мыйзамы Кыргызстандыкы менен окшош Россияда болсо кырдаал бир топ орчундуу.

Экстремизмге каршы күрөш тармагында кызматын ашкере пайдаланууну да изилдеген “Сова” (Россия) маалыматтык-аналитикалык борбордун директору, эксперт Александр Верховскойдун сөзү боюнча ушул күнгө чейин мыйзамга каршы билдирүү жасоолор боюнча 250 өкүм чыгарылган. Алардын 90% Интернет пайдалануучуларга туура келет.

«Кайсы мыйзам менен караса да үчүнчү жакка жеткиликтүү болгон нерсе – коомчулукка жайылган деп эсептелет – дейт Верховский. – Бирок көп пайдалануучулары бар Интернетте публикалуулукту аныктоо мүмкүн эмес жана укук коргоочу [маалымат] аз адамга багытталган болсо да жер жүзүндөгү көп адам окушу мүмкүн экендигин жетекчиликке алат».

Жактыруулар жана бөлүшүүлөр да ошондой эле мааниге ээ. Ага карабастан кылмыштуулук жана административдик жоопкерчилик жагынан алганда билдирүүлөр (фотография же башка контент) менен кыйыр байланыштырып куугунтуктоо болбошу керек, бирок кылмыш ишин козгоодо бул көбүнчөсү эске алынбайт. Ошондуктан лайк билдирүү колдоо катары каралат.

«Россия Федерациясында адамдар тарабынан лайк коюлган кырдаалдар күнөөкөрдүн инсандыгын мүнөздөөөдө эске алынган»,- деп билдирди эксперт.

Эгерде сиз маалыматты ашкерелөө максатында бөлүшкүңүз келсе анда башына өзүңүздүн комментарийиңизди кошуңуз деп кеңеш берет колдонуучуларга Верховский, ошондо сотто сиз кандайдыр бир мыйзамсыз маалыматты колдобогондугуңузду далилдей аласыз.

Публикация катары эсептелген ар бир бөлүшүүнү кандай максатта жасалгандыгын аныкташ керек, бул иш дагы тергөө маалында кеңири жайылтууга жетишкен эмес. Блогдордо жана социалдык тармактардакомментарийи жок эле бөлүшүү көнүмүш нерсе, бул авторго жана окурмандарга түшүнүктүү эле, ал эми тергөөчүгө, прокурорго жана сотко бул түшүнүксүз болушу мүмкүн.

Бир жагынан коомдук айтууларды баалоодо сот комментарийге гана көңүл бурбастан ага байланыштуу кырдаалдарды да эске алуусу керек: бул сөз кандай контекстте жайгашкан эле, ким тарабынан, билдирүүнү жайылткан инсан канчалык деңгээлде таасирдүү, анын аудиториясы канчалык жана реалдуу кесепеттери канчалык.

canadaИш-чара Канаданын жергиликтүү демилгелер фондунун (CFLI) колдоосу менен ишке ашырылды.

Уюм жөнүндө: Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби(School of Peacemaking and Media Technology) медианы, коомдук байланышты өркүндөтүү жана медиа-мониторингдер боюнча уюм. Душмандашуу тилин изилдөө, анын ичинде конфликттер болуп жаткан жерлердеги журналисттерге жана активисттер үчүн тренинг өткөрүүгө адистешкен, сөз эркиндигин жайылтууга, санариптик доордо медиа-сабаттуулукка көмөктөшөт. Толук маалымат үчүн: www.ca-mediators.net peacemakingschool@gmail.com