Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Internews кызыккан уюмдарды контент менен алмашуу тендерине катышканы чакырып жатат

Internews кызыккан уюмдарды контент менен алмашуу тендерине катышканы чакырып жатат

Internews’тун Борбор Азиялык расмий өкүлдөрү Кыргызстан, Казахстан жана Тажикистандагы медиялык чөйрөсүндө иштеген СМИ, ассоциациялардын, жеке уюмдардын арасында Google Drive түбүндөгү «Контент Алмашуу» өлкө аралык долбоорун тапшыруу боюнча атаандаштыкты жарыялап жатышат.

Жетинин айында (Ноябрь) 2015 жылы Internews Тажикистан, Казахстан жана Кыргызстан арасында медия контент менен алмашуу долбоорун ачышкан. «Контент Алмашуу» долбоору Кыргызстан, Казахстан жана Тажикистан ичиндеги «Маалымат алганы демөөр долбоорунун» чектеринин ичинде, Эл аралык өнүгүү агенттигин (USAID) жардамы менен иштейт.

«Контент алмашуу долбоорунун» мааниси эмнеде?

Жогоруда белгилеп кетилген Борбор Азиялык өлкөлөр бири-бири менен булут технологиясы (Google Drive) боюнча медия контенти менен айырбашышат. Партнерлор бири-бири менен даяр автордук программалар, документалдык тасмалар, жаңылык сюжеттери, атайын репортаждар, интервьюлар, эскиздери жана башка медия контенти менен акысыз алмашышат. Ар бир катталган мүчө Google Drive диск Internews 2015 платформадагы коллегалардын ресурстарын колдонгону уруксаты бар.

Азыркы учурда долбоордо 70 сандагы медия партнерлор катталган: Казахстан 23 СМИ, Кыргызстандан 27 жана Тажикистандан болсо 20.

Google Drive платформасындагы «Контент Алмашуу» өлкө аралык долбоорунун ресурстарын тапшыруу шарттары:

Долбоордун жаңы ээси Google Drive платформадагы папкаларына, мурун жүктөлгөн баардык материалдарына жана баардык партнерлордун байланыштарына уруксат алат.

Internews долбоорду колуна тапшырганы Кыргызстан, Казахстан жана Тажикистандагы СМИ, медиялык жеке уюмдар жана ассоциацияларды кандидат катары эсептейт.

Алар:

— Расмий түрүндө катталган;
— Журналисттик этика жана жоопкерчиликти олуттуу түрдө активдүү көрсөтүп турган;
— Жетекчилик жана каржы иштери боюнча келечеги бар, атаандаштыкка туруктуу;
— Өлкө аралык контент алмашуу ресурстарын жүргузүүнү максат кылып койгон жана ал үчүн мүмкүнчүлүгү бар;

Мелдештин жеңүүчүсүнө Internews’тун өкүлдөрү биринчи этапка Google Drive платформасындагы «Контент алмашуу» ресурстарын колдоо үчүн грант (улуттук валютасынын эквивалентине жараша беш миң доллар) бөлүп беришет. Божомолдо, жеңүүчү дагы жаңы партнерлорду жана демөөрчүлөрдү өзүнө тартып, коммерциялык иштерди жүргүзүп долбоорду өнүктүргөнү күтүлүүдө.
Укуктук статус боюнча баардык юридикалык суроолор өзгөчө бөлөк кырдаалдарда каралат.

Атаандаштык кантип катышса болот?

Эмне үчүн жалгыз сиздин уюмуңуз «Контент алмашуу» долбоорунун улантуучусу болушу керектиги жөнүндө негиздөө катын жазыңыз;
Билдирүүнү толуктаңыз;
— Долбоордун жакынкы 10-12 айдын ичиндеги өнүгүү планын (жаңы партнерлорду тартып алуу, коммерциялык иштерди жүргүзүү ж.б.) түзүп, тартуулап бериңиз;
— Толуктаган билдирүүнү, негиздөө катты жана планыңызды Internews’ка төмөнкү электрондук дареги боюнча 2017 жылдын Теке айынын (Июль) 20а чейин жибериңиз oossadchuk@internews.org

Каттын темасында «Контент алмашуу тендери» деп белгилеп кетүүңуздү суранабыз.

Атаандаштыктын жыйынтыктары Internews тарабынан 2017 жылдын Теке айынын 30а чейин билинет.

Кошумча маалымат үчүн өлкөлөр арасында Контент алмашуу долбоорунун менеджерлерине кайрылсаңыздар болот:

Казахстан – Оксана Осадчук — oossadchuk@INTERNEWS.ORG. Телефон: +7(727) 270-41-30. Уюл. тел. + 7 7013581606

Кыргызстан — Валентина Галич — vgalich@INTERNEWS.ORG. Телефон: +996 312 986880. Уюл. тел. +996 773416659

Тажикистан — Анжелика Попова —  apopova@internews.org, тел.  +992 93 514 20 27

Булак: http://newreporter.org/

Окшош посттор