Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редактору: “Рыспаевдин доо арызынын кесепетинен улам 6 журналист ишсиз калышы мүмкүн”

“Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редактору: “Рыспаевдин доо арызынын кесепетинен улам 6 журналист ишсиз калышы мүмкүн”

5-сентябрда Бишкек шаардык соту “Ачык саясат плюс” гезитинин иши боюнча чыгарылган биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Эскерте кетсек, Октябрь райондук соту депутат Кожобек Рыспаевдин пайдасына гезиттен 300 миң сомдук доо өндүрүлсүн деген чечим чыгарган.

Доо арыздын берилишинин себеби, 2018-жылдын Баш Оона (август) айында гезит депутат бир партиядан экинчи партияга өтүп жүргөндүгүн айтып, депутатты “Хамелеон” деп атагандыгы себеп болгон.

Баса, ЖКнын депутаты алгач башында доо арызында моралдык чыгымдын ордун жабуу катары 300 миң сомду талап кылган. Бирок бир аздан соң бул сумманы бир миллион сомго чейин көтөрүп жиберген. Бирок сот анын алгачкы талабын гана канаттандырган.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыспай Кожобеков өз сөзүндө “Ачык саясат плюс” гезити менен маселени тынчтык жолу менен чечүүгө барбай тургандыгын билдирген.

«Биз бул чечим боюнча Жогору Сотко чейин арызданып барабыз. Айта кетейин, 300 миң сом биз үчүн чоң акча. Ошол үчүн биз каражат чогултуу максатында атайын иш-чара өткөрөлү деп жатабыз. Азыр биздин үмүтүбүз бир гана биздин окурмандарда жана карапайым калкта. Эгерде ал каражатты биз чогулта албасак, анда гезитти жабууга аргазыс болобуз. Мына ошол жагдайда биздин гезиттин редакциясында эмгектенгендердин бардыгы ишсиз кылыш мүмкүн, тагыраагы 6 журналист”, – деп белгилей кетти басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова.

“Биз лингвистикалык экспертизага кайрылганыбызда,ал талашып жаткан билдирүү жөн гана анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу пикир деп көрсөткөн, аны кантип төгүндөйсүң. Эми эмне кыла алабыз, элдин ою ушундай болуп жатса. Элди андай ойлонгонго тыюу сала албайбыз да”, – деп билдирди басылманын жактоочусу Медиа өкүл Акмат Алагушев.

Ал эми моралдык чыгымдын суммасы тууралу кеп кыла турган болсок, сот гезиттин бюджетин канча деп кызыгып сурап дагы койгон жок. 2,8 миң нуска менен чыккан гезит үчүн 300 миң сом өтө эле көп экенин эске дагы алган жок. Моралдык чыгымдын өлчөмү акылга сыйарлык болушу керек да ” – деп билдирди юрист.

Белгилей кетүүчү жагдай “Ачык саясат плюс” гезитине ушул жылы бир нече доо арыз берилген. Алардын бири боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармектер жана медтехникалар менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакирова басылмадан 500 миң талап кылган. Журналисттер соттон, кайсыл сөз Шакировага моралдык зыян алып келгенин билүү максатында лингвистикалык эскпертиза жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Сот экспертиза чыгарууга макулдугун берди.

Ошондой эле прокуратура кызматкери Кубан Шатенов дагы Биринчи май райондук сотко доо арызы менен кайрылып, сот сыртынан басылмадан 50 миң сомдук доону өндүрүү чечимин чыгарган. Гезит ал чечимдин үстүнөн арызданып шаардык сотко кайрылган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор