Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ички иштер министринин экс-орун басары “Азия News” гезитине каршы доо арызынан баш тартты

Ички иштер министринин экс-орун басары “Азия News” гезитине каршы доо арызынан баш тартты

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров “Азия News” гезитине жана анын башкы редактору Арслан Сартабаевке каршы доо арызынан баш тартты. Бул тууралуу 29-майда башкы редакторго таянуу менен “24.kg” маалымат агенттиги билдирди.

Агенттиктин бидирүүсүнө караганда, экс-орун басар сүйлөшүүлөрдөн кийин араздашууну тынчтык жолу менен чечкенге макул болгон.

“Доо арыз Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда карала баштаган болчу. Бирок Райымбек Матраимов ортого түшүп, бизди элдештире алды”, – деди кыргыз тилдүү гезиттин башкы редактору.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, учурда “Эл аралык “Манас” аэропортунда” Авиациялык коопсуздук жана режим боюнча дирекциянын жетекчиси болуп эмгектенген Д.Абдыкадыров гезиттин материалдарына нааразы болуп, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоп берүү доо арызы менен сотко кайрылганы 10-майда белгилүү болгон. Моралдык чыгымдын компенсациясы катары гезиттен жана анын башкы редакторунан 10 млн сом сураган.

Ошол күнү “Азия News” гезитинин башкы редактору А.Сартбаев “Азаттык” радиосуна доо арыз бир ай мурда берилгенин билдирген. “Улам кошумча материалдарды киргизип жатат. Башында бир миллион сом болчу, эки миллион, үч миллион болуп атып азыр 10 миллион сомго жетти. Макала көп, эң негизгиси суроо эле бергенбиз. «Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн акча жасадыңыз беле?» деп суроо койгонбуз. Кийин «ИИМ эмнеге бул фактыны көтөрбөйт?» деп суроо койгонбуз. Эч кандай комментарий, текст да жазылган эмес. Жөн эле суроо коюлуп, экөөнүн сүрөтү менен эле чыгарып койгом, – деген А.Сартбаев.

Эскерте кетсек, 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева 10-мартта үйдөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Анын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул факты боюнча иликтөө иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө болгон.

“Бул “Азия News” гезитине каршы берилген жалгыз доо арыз эмес. Жылдын башында гезит менен парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков соттошкон. Ал башкы редактордон 2 млн сом утуп алган. Бирок кийинчирээк материалдык талаптарын кайрып алып, гезитте басылып чыккан төгүндөө менен гана чектелген”, – деп эскертет “24.kg”.

Окшош посттор