Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Дума интернетти чектеген мыйзамды жактырды

Дума интернетти чектеген мыйзамды жактырды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы интернеттеги прокси кызматтарын колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. 21-июлда үчүнчү окуудан өткөн мыйзам анонимдүү иштеген мобилдик кыска билдирүүлөрдү алмашуу кызматтарына да бөгөт коет.

Демилгечи депутаттар бул мыйзам интернетте экстремисттик идеялардын жайылышын алдын алат деген жүйө келтиришкен. Укук коргоочулар болсо президент Владимир Путиндин өкмөтү интернеттеги сынчыл көз караштардын тамырын кырккысы келет дешет.

Мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлгөнгө чейин парламенттин жогорку палатасында талкууланышы керек.

Прокси-серверлер интернет провайдерлер жаап койгон сайттарды ачууга мүмкүнчүлүк берет.

18-июлда “Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму “Орусиядагы ой-пикир билдирүү эркиндигине чабуул” аталышындагы жаңы баяндамасын жарыялап, өлкөдө интернет эркиндиги чектелип жатканын билдирген.

Баяндамада 2012-жылдан тарта Орусияда ондогон адамдар социалдык тармактардагы билдирүүлөрү, видео, макала жана маектери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы, жүздөгөн сайттар экстремизмге каршы күрөштүн алкагында жабылганы белгиленген.

https://www.azattyk.org/a/28631096.html

Окшош посттор