Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Айкөл Ала-Тоо” NewTV жана Nur TV телеканалдарын жабууну талап кылууда

“Айкөл Ала-Тоо” NewTV жана Nur TV телеканалдарын жабууну талап кылууда

Апрель окуясында каза болгондордун туугандары Курманбек Бакиев жөнүндөгү фильмди көрсөткөндүгү үчүн NewTV жана Nur TV телеканалдарын жабууну, ал эми ЖМКлардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

“Айкөл Ала-Тоо” КБнын мүчөсү Жылдызбек Исаков Курманбек Бакиевди колдогондорго УКМК эскертүү гана берип койгонуна канааттанбай турганын билдирген.

ЖМКлардын жетекчилери, мисалга Нурланбек Шакиев, элдин алдынан кечирим сурашын талап кылабыз. Ошону менен бирге, кыргыз элинин душманы болгон Курманбек Бакиев менен байланышка чыгып, аны көтөрмөлөп мактап, туулган күнү менен куттуктагандыгы үчүн алар мыйзам алдында жооп беришин талап кылабыз”, – деп билдирди ал өз сөзүндө.

Апрель окуясынын катышуучулары учурда УКМК, башкы прокуратура жана башка органдарга кат аркылуу кайрылууга камынып жатышканын билдиришти.

«Эгерде эч бир жооп болбосо, биз ошол аты аталган телекомпаниялардын алдына нааразычылык акция менен чыгабыз. Керек болсо, биз ошол тасманы тарткан операторду дагы жоопко тартууну талап кылабыз”, – деп баса белгиледи “Айкөл Ала-Тоо” КБнын мүчөсү Усупбий Шеримбеков.

Эскерте кетсек, УКМК качып кеткен президент Курманбек Бакиев жана анын жакын туугандары тууралуу ЖМКларда көрсөтүлгөн телевизиондук материалдар тууралуу өзүнүн билдирүсүн тараткан.

«Телевизиондук материалдардын авторлору өздөрү кылган иш аракеттин канчалык деңгээлде опурталдуу жана анын аркасында эмне жатканын сезип, билишпептир. Буга байланыштуу УКМК телевизиондук материалдардын авторлоруна келечекте мындай иш аракеттери коомчулуктун чыңалуусуна алып келишин эскертет”, – деп жазылат маалымдамада.

Өз кезегинде NewTV телеканалынын жетекчиси Курманбек Бакиев тууралу телефильмди көрсөтүп жатканда аларда саясий же коммерциялык максат болбогондугун билдирген.

«Бул жерде эч кандай саясат жок. Биз ортодогу калыс телеканалбыз. Фильмди көрүп чыктык, ал жерде Бакиевдин бала чагы жана мектептеги курагы чагылдырылыптыр. Ошондуктан, биз ал фильмди көрсөтүүнү туура көрдүк. Биз Бакиев менен байланышкан эмеспиз жана аларды актайлы деген оюбуз да жок”, – деп билдирди New TV телеканалынын жетекчиси “Азаттык” радиосуна берген маегинде.

“Медиа Полиси Институтунун” юристтери окуя тууралу маалымат берип жатып, “ЖМКлар жөнүндө” жана “Телеберүү жана радиоуктуруулар жөнүндө” мыйзамдар оор кылмыш менен КРнын соту тарабынан жоопко тартылган күндө дагы саясатчылар тууралуу сюжеттерди чагылдырууга уруксат берээрин белгилеген.

“Эгерде УКМК тарабынан телеканалдын негиздөочүсү Бакиев экени аныкталса жана фильм телеканалдын ээсинин жеке кызыкчылыгы менен даярдалган болсо ошондо гана буга кандайдыр бир деңгээлде таянса болот эле. Бирок ошондо да бул нерсе УКМКнын эскертүүсү болбостон, профилдик мамлекеттик органдын, тагыраагы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мониторинги, чарасы болушу керек. Анткени, бул жерде улуттук коопсуздук жөнүндө эч кандай маселе көтөрүлгөн эмес, ошондой эле ЖМКлар жөнүндөгу мыйзам дагы бузулган эмес”, – деп жазат “Институт Медиа Полиси” уюму.

Медиа-юристтердин ою боюнча, бул резонанстуу коомдогу маанилүү окуя, бирок буга укук коргоо органдары эмес журналисттик коом көңүл бурушу керек эле. Бул багытта журналисттер маани берип, атайын иликтөө жүргүзүүлөрү абзел.

Журналисттер “2-канал” ЖЧКнын жана “New TV”нын жетекчиси Нурлан Шакиев экенин тактап чыгышты. Буга чейин ал ЭлТР телеканалынын жетекчиси жана Маданият, басма министри болуп эмгектенген. Ошондой эле убагында президент Курманбек Бакиевдин басма-сөз катчысы болгон. 2015-жылы “Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депуттыгына талапкерлигин койгон.

Ал эми “Nur TV” болсо Ошто жайгашып, Бишкекте анын студиясы гана бар экени такталган. Телеканал обого 2017-жылы чыга баштап, убагында аны Камчыбек Ташиевге таандык болгон “7-канал” телеканалын башкарып келген Алтынбек Жумаев башкарып турган. Учурда телеканалдын жетекчиси Каныбек Темиров. Айрым маалыматтар боюнча, “NUR TV”нын негизги ээси саясатчы Ахматбек Келдибеков болуп саналат.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Окшош посттор