Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен” көргөзмөсү ачылды

“Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен” көргөзмөсү ачылды

3-майда Бүткүл дүйнөлүк басма эркиндиги күнүндө Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетте “СӨЗ ЭРКИНДИГИ КАРИКАТУРИСТТИН КӨЗҮ МЕНЕН” республикалык сынагына катышкан авторлордун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

Сынакты “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жардамы менен жана БГУ менен өнөктөштүктө “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштурган.

Ал сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу жана КР журналисттеринин арасындагы тилектештикти бекемдөө максатында уюштурулган болчу.

Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек келип түштү. Авторлордун катарында кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар карикатура өнөрүнө кызыккан ышкыбоздор да бар.

Ушул эле иш чарада жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталып, аларга сыйлыктар тапшырылды. Эмгектерди медиа уюмдардын 6 өкүлү жана 1 белгилүү кесипкөй сүрөтчү – КР Сүрөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев кирген жюри баалаган.

Баалуу сыйлыктар жана катышкандыгы үчүн дипломдордун ээлери:

  • Малика Назарова,
  • Усенбек Омуров,
  • Абдибайит Турсуматов
  • Жанайым Зарылбек кызы,
  • Махмуджон Эшонкулов,
  • Таалай Сейдакматов.

Кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери:

  • Саламат Шакиров,
  • Жылдыз Амандыкова.

Байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Руслан Валитов, “Сөз эркиндиги” карикатурасы үчүн;

2-орун – Михаил Томилов, “Мамлекеттик ЖМКлар” карикатурасы үчүн;

3-орун – Перизат Турдубекова, “Гүлдөрдүн тили” карикатурасы үчүн.

Материалда сынактын жеңүүчүсү Руслан Валитовдун карикатурасы колдонулган.

Бардык эмгектерди бул жерден көрө аласыздар – http://karikatura.journalist.kg/

Окшош посттор