КР журналисттери менен ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг. Август, 2019-ж.

03.09.2019

Рубрика: Мониторинг, Жалпыга маалымдоо каражаттары

Басып чыгаруунун версиясы

Август айында 16 маалымат катталган. Алардын 5сү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 6су журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, 5сү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

02.08.2019

IFEX уюмунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынын Президентине жана Премьер министрине кайрылуусу (орусча)

КОМУ:

Господину Сооронбаю Жээнбекову
Президенту Кыргызской Республики

КОПИЯ:

Мухаммедкалий Абылгазиев
Премьер-министр республики

Господину Муктару Джумалиеву
Постоянному представителю Кыргызской Республики при Организации ООН по вопросам образования, науки и культуры (ЮНЕСКО)

Г-н Айдарбеков Чингиз Азаматович
Министр иностранных дел Кыргызской Республики

1 августа 2019 г.

Ваше превосходительство,

Мы обращаемся к Вам в связи с просьбой Генерального директора ЮНЕСКО за 2019 г. Предоставить информацию о состоянии судебного расследования дела об убийстве журналиста Алишера Саипова. Мы также призываем Вас быть готовым поддержать общие меры по обеспечению безопасности журналистов и борьбе с безнаказанностью, в том числе те, которые учитывают конкретные риски, с которыми сталкиваются женщины-журналисты, выполняющие свои профессиональные обязанности.

IFEX является глобальной сетью, состоящей из более чем 100 организаций, деятельность которых связана с продвижением и защитой свободы выражения по всему миру, в разных странах, включая Кыргызстан, где деятельность осуществляется с помощью наших местных членов – Общественного Объединения «Журналисты» и Института Медиа Полиси.

Доклад Генерального директора (такой доклад подготавливается каждые два года) был заказан Международной программой развития коммуникации ЮНЕСКО (МПРК) в качестве средства,  позволяющего государствам продемонстрировать свою приверженность делу борьбы с преступлениями в отношении журналистов и работников средств массовой информации – с помощью предоставления подробной информации о мерах, принимаемых для того чтобы достичь правосудия и прекратить безнаказанность. В связи с этим государства призывают к сотрудничеству с ЮНЕСКО в предоставлении информации для ее доклада; эти призывы были озвучены в ряде резолюций, включая недавнюю Резолюцию 39/6 Совета по правам человека ООН о безопасности журналистов и проблеме безнаказанности.

На 30-й сессии Совета было принято решение, что доклад будет также служить механизмом мониторинга для отслеживания прогресса в достижении Цели 16.10 в области устойчивого развития (доступ к информации и соблюдение основных прав), которую государства-члены ООН единогласно приняли. В том же решении было отмечено, что ценность доклада будет еще более повышена за счет сбора информации о передовых практиках.

Мы заметили, что на сегодняшний день только один ответ от Кыргызской Республики был зафиксирован в предыдущие годы. Мы призываем Вас воспользоваться этой возможностью, чтобы продемонстрировать свою подотчетность, и представить соответствующую информацию в ЮНЕСКО, а также предоставить организации разрешение сделать такую информацию общедоступной.

Для того чтобы быть уверенным в том, что Ваши усилия задокументированы в соответствующих отчетах, мы призываем Ваше правительство продемонстрировать лидерство и прозрачность. Предоставив информацию как можно скорее. Осуществив это, Вы поможете укрепить политическую волю в борьбе с насилием, создать глобальный арсенал наилучших практик и продемонстрировать, что атаки на свободу выражения в Кыргызской Республике не будут допустимы. Ваш отклик также будет положительно оценен в предстоящем Универсальном периодическом обзоре, рассмотрение которого состоится в феврале 2020 года.

Мы ожидаем Вашего ответа на это письмо, а также обнародования в соответствующих отчетах обновленной информации по поводу вышеупомянутого дела. Ссылки для получения дополнительной информации:

http://www.ifex.org/noimpunity

https://en.unesco.org/dg-report

С уважением,
Анни Гейм
Исполнительный директор IFEX

 

08.08.2019

ЖМК өкүлдөрүнө кайрылуу (орусча)

Достоверность информации и профессионализм СМИ критически важны для стабилизации положения в стране. В настоящее время существует острая необходимость сбалансированного, взвешенного и ответственного информирования аудитории о происходящих событиях в стране. Призываем журналистов и редакции СМИ при подборе спикеров и экспертов отдавать предпочтение компетентным специалистам, чтобы не допускать распространения домыслов.

Призываем также государственные органы обеспечить содействие бесперебойной работе СМИ и доступа к Интернету и мобильной связи и своевременно взаимодействовать со СМИ для недопущения распространения слухов.

Отдельно обращаем внимание редакций медиа и журналистов о необходимости принятия мер безопасности во время освещения массовых мероприятий. Не следует пренебрегать важными мерами безопасности, в частности наличия удостоверения журналиста, отличительных знаков. Следует предусмотреть все возможные способы связи между редакцией и коллегами, обменяться контактами, спланировать маршрут передвижения и подготовить контакты экстренных номеров.

Кроме того, в процессе освещения не теряйте бдительность и не вмешивайтесь в происходящий процесс, старайтесь не находиться в гуще толпы.

ОФ «Институт Медиа Полиси»

ОО «Журналисты»

Независимый союз журналистов

Представительство Интерньюс в Кыргызстане

ОФ «Центр медиа развития»

Авлан Джумабаев

Тамара Валиева

Салима Джетыбаева

Елена Воронина

 

10.08.2019

Медиа коомчулуктун КР Президентине кайрылуусу (орусча)

В 2017 году был закрыт телеканал «Сентябрь», 9 августа 2019 года суд наложил арест на здание «Форума» — работа телеканала «Апрель» приостановлена. Испытывают сложности в работе и другие СМИ, которые расположены в этом здании. Мы как никакая другая страна знаем через опыт прошедших двух революций, что без свободы СМИ в стране не будет ни Свободы, ни Слова.

И поэтому мы категорически против такого шага со стороны власти. Как два года назад при Президенте Атамбаеве, сейчас мы призываем теперь внимание Президента Жээнбекова к этому решению, которое навсегда запишется в истории нашей страны как фатальная ошибка власти.

7-8 августа в нашей стране произошли события, последствия которых нам всем ещё предстоит осознать. Сегодня мы все ждём справедливого и законного суда над экс-президентом. Однако именно в такое время всем нам нужны абсолютно разные СМИ, зачастую с противоположными позициями на происходящее в стране, чтобы дать обществу спектр мнений, чтобы наш мудрый народ смог составить свою оценку на все, что важно для нашей страны.

Свобода СМИ – это, когда у каждого из нас есть возможность в любой момент прочитать или услышать новости из любого желаемого нами источника. Именно этот факт всегда отличал нашу страну, именно по этой причине в нашей стране по международным рейтингам более высокие, чем у всей ЦА, показатели. Потому что мы всегда отличались плюрализмом мнений, плюрализмом СМИ.

Сегодня нет острой необходимости арестовывать имущество «Апреля», поскольку обвиняемый находится под стражей в СИЗО ГКНБ. Телеканалу не предъявлены обвинения в нарушении законов КР. Во время политического кризиса «Апрель» был одним из немногих телеканалов, оперативно освещавших события в стране. Считаем меру пресечения с арестом имущества телеканала и приостановлением его деятельности — чрезмерной и неоправданной, а в соответствие с Конституцией любые отграничения должны отвечать законной цели и быть им соразмерными. В этой связи мы требуем снятия ареста и возобновления вещания телеканала.

ОФ «ИМП»

Интерньюс

ОО «Журналисты»

ОФ «ЦМР»

Адель Лаишева

Марат Токоев

ОФ «МедиаКонсалт»

Независимый союз журналистов КР

ИА «24.kg»

KLOOP Медиа

Авланбек Жумабаев

Тамара Валиева

Республиканский учебный центр медиакоммуникаций

Елена Воронина

Гульзат Газиева

ОФ «Контент-медиа», г. Жалал-Абад

«Азаттык Медиа»

Elgezit.kg

 

30.08.2019

Нарындын райондук гезиттеринин ургалдары

Нарын дубанынын аймагында төрт райондук гезит жарыкка чыгат. Мындан Нарын району менен Нарын шаары коомдук-саясий басылмага эгедер эмес. Айрымдарына бир аз сереп салып көрсөк.

Кочкор райондук коомдук-саясий гезити “Эмгек Туусу” деген аталышта жарык көрөт. 85 жылдык тарыхы бар гезит учурда 1885 нуска менен айына эки жолу “Учкун” ААКдан басылып чыгат экен. Бул гезиттин №17-18-сандарындагы “Улуулардын көчүн улаган улуу жүрүш” аталыштагы баш макалада: “Бул согушта 130 миңден ашуун кыргызстандык атуул курман болгон. Алардын армандуу сөөктөрү (!) талаа, токой, кыштактарда калды”, – деп жазылыптыр. Биринчиден, маалымат калпыс, себеби согуштан 150 миңден ашуун кыргызстандык курман болгондуктары ырасмий айтылып келет. Экинчиден, армандуу сөөк деп эмнени түшүнсөк болот? Бирок ушундай стилдик жана так эмес маалыматтарга карабастан аталган басылмада ар тараптуулук орун алгандыгы билинди. Маселен, биринчи жана ички эки бет жалаң Улуу Жеңишке арналса, райондук турмуштан кабарларга да орун кеңири берилген. Негизинен, “Эмгек Туусу” гезитинин төрт санын барактап, акимдин буйруктарын, кесиптик даталарга карата материалдарды окудук. Ошол эле учурда өткөн замандын илебинде жазылган сулп-сулп мактоого алынган материалдар да ар бир санда кездешти.

Ат-Башы районунун гезити “Ат-Башы жаңылыктары” деп аталат экен. 1935-жылы негизделген басылма ”ММКны колдоо борбору” басмаканасынан 1800 нускада айына эки жолу жарыкка чыгат. 84 жыл аралыгында “Социалисттик мал үчүн” (1935-1938-жж), “Социалисттик Жеңиш” (1938-1965-жж), “Жеңиш Жолу (1965-1989-жж) деп аталып келгендиги жазылып турат. Бул гезитте дагы райондук маалыматтар арбын жазылгандыгын байкаса болот. Бирок, тилекке каршы, мурунку доордон чыга албай, бир эмес эки бетти толугу менен бир мекемеге арнагандан кайра тартпаптыр. Ошону менен бирге жазылуу жараянынын ургалына көңүл түштү. Бир макала “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу көңүлдөгүдөй (!) жүргүзүлдү” деп берилген экен. Макала, маалыматтарда: “10 түп голубой ель…”, “Райпонун” алдына…”, “ЭВМ заводунун училишасынан…”, “4 сому запчастка…”, “анын секрети деле жок…”, “водопроводдун суусу” ж.б.д.у.с. кыргызча-орусча аралаш сөздөрдү кезиктирсе болот.

Ак-Талаа райондук “Айыл Турмушу” гезитине кайрылсак. 79 жылдан бери чыгып келе жаткан бул аймактык басылма дагы айына эки курдай 700 нускада “Учкун” ААКсынан басылып чыгат. Бул гезитте райондук кабарлардын дээрлик жоктугун байкасак болот. Мисалы, 1-15-майдагы санда үч, 1-15-июндагы санда райондук алкакта эки гана кабар жарыяланган. Калган беттери “Ак-Талаанын тарыхын адамдары түптөгөн” сыяктуу көлөмдүү материалдар менен толтурулган. Бул басылмада дагы кыргызча-орусча аралаш сөздөрдү кезиктирсе болот: “райондук водхоздо…”, “землеустроутель болуп…”, “комхоздо иштеген…”, “согуш инвалидине чыгаралы десе…”, “райисполком, облисполкомдун алкыштарына ээ болгон”. Гезиттин айрым кызматкерлери өзүн текшерүүчү катары сезип калгандыгы байкалат. “Ак-Талаанын алыскы айылынын айтып бүтпөс арманы” аттуу көлөмдүү макалада автор: “Билим берүү сапатын текшерүү үчүн Ж.Токелов атындагы орто мектебине барганымда мектептин акыбалы жакшы экен. Айткандай артта калбай алдыңкы окуучулар окуп жатыптыр”, – деп жазат.

Жыйынтыгында, аймактардагы маалымат каражаттары чыныгы реформалоого муктаж экендиги ачык билинди.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областы боюнча өкүлү

 

29.08.2019

Маданият министрлиги жалган маалыматтар менен күрөшүү резолюциясын кабыл алууна сунуштайт

Маданият, маалымат жана туризм минстрлиги жалган жаңылыктар менен күрөшүү резолюциясын кабыл алууну сунуштайт. Мындай чечим жарандарды жалган жаңылыктардын таасиринен коргоо темасында өткөн жыйында каралганын “Азаттык” радиосу кабарлаган. Иш-чарага мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары менен, ЖМКлардын жетекчилери, журналисттери жана медиа уюмдардын өкүлдөрү катышышкан.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун пикиринде, жалган жаңылыктардын кооптуулугу “ал элдин кесипкөй журналисттерге, демократиялык институттарга ишенбей калышына алып келет, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн татаалдаштырат”.

Чакырылган медиа эксперттер КРдагы жалган жаңылыктардын жайылышы, “Три точки. Знай что смотришь!” маалымат кампаниясы жана ММКга даттанууларды териштирүү комиссиясынын ишмердүулүгү, ошондой эле мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын жалган жаңылыктарга каршы туруштук бергени жөнүндө кеп кылышты.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары медиасабаттуулуктун сапатын жогорулатуу маселелерин жана жарандардын сын көз карашта ой жүгүртүү жагын өнүктүрүү, ошондой эле жалган жаңылыктар менен күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгында резолюция кабыл алуу сунушу киргизилди. Резолюциянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн бардык катышуучулардан сунуш-пикирлер чогултулмакчы.

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

ЖМКнын жана интернет-басылмалардын таркатылышына негизсиз жолтоо кылуу

03.08.2019

“Айкөл Ала-Тоо” NewTV жана Nur TV телеканалдарын жабууну талап кылууда

Апрель окуясында каза болгондордун туугандары Курманбек Бакиев жөнүндөгү фильмди көрсөткөндүгү үчүн NewTV жана Nur TV телеканалдарын жабууну, ал эми ЖМКлардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

“Айкөл Ала-Тоо” КБнын мүчөсү Жылдызбек Исаков Курманбек Бакиевди колдогондорго УКМК эскертүү гана берип койгонуна канааттанбай турганын билдирген.

ЖМКлардын жетекчилери, мисалга Нурланбек Шакиев, элдин алдынан кечирим сурашын талап кылабыз. Ошону менен бирге, кыргыз элинин душманы болгон Курманбек Бакиев менен байланышка чыгып, аны көтөрмөлөп мактап, туулган күнү менен куттуктагандыгы үчүн алар мыйзам алдында жооп беришин талап кылабыз”, – деп билдирди ал өз сөзүндө.

Апрель окуясынын катышуучулары учурда УКМК, башкы прокуратура жана башка органдарга кат аркылуу кайрылууга камынып жатышканын билдиришти.

«Эгерде эч бир жооп болбосо, биз ошол аты аталган телекомпаниялардын алдына нааразычылык акция менен чыгабыз. Керек болсо, биз ошол тасманы тарткан операторду дагы жоопко тартууну талап кылабыз”, – деп баса белгиледи “Айкөл Ала-Тоо” КБнын мүчөсү Усупбий Шеримбеков.

Эскерте кетсек, УКМК качып кеткен президент Курманбек Бакиев жана анын жакын туугандары тууралуу ЖМКларда көрсөтүлгөн телевизиондук материалдар тууралуу өзүнүн билдирүсүн тараткан.

«Телевизиондук материалдардын авторлору өздөрү кылган иш аракеттин канчалык деңгээлде опурталдуу жана анын аркасында эмне жатканын сезип, билишпептир. Буга байланыштуу УКМК телевизиондук материалдардын авторлоруна келечекте мындай иш аракеттери коомчулуктун чыңалуусуна алып келишин эскертет”, – деп жазылат маалымдамада.

Өз кезегинде NewTV телеканалынын жетекчиси Курманбек Бакиев тууралу телефильмди көрсөтүп жатканда аларда саясий же коммерциялык максат болбогондугун билдирген.

«Бул жерде эч кандай саясат жок. Биз ортодогу калыс телеканалбыз. Фильмди көрүп чыктык, ал жерде Бакиевдин бала чагы жана мектептеги курагы чагылдырылыптыр. Ошондуктан, биз ал фильмди көрсөтүүнү туура көрдүк. Биз Бакиев менен байланышкан эмеспиз жана аларды актайлы деген оюбуз да жок”, – деп билдирди New TV телеканалынын жетекчиси “Азаттык” радиосуна берген маегинде.

“Медиа Полиси Институтунун” юристтери окуя тууралу маалымат берип жатып, “ЖМКлар жөнүндө” жана “Телеберүү жана радиоуктуруулар жөнүндө” мыйзамдар оор кылмыш менен КРнын соту тарабынан жоопко тартылган күндө дагы саясатчылар тууралуу сюжеттерди чагылдырууга уруксат берээрин белгилеген.

“Эгерде УКМК тарабынан телеканалдын негиздөочүсү Бакиев экени аныкталса жана фильм телеканалдын ээсинин жеке кызыкчылыгы менен даярдалган болсо ошондо гана буга кандайдыр бир деңгээлде таянса болот эле. Бирок ошондо да бул нерсе УКМКнын эскертүүсү болбостон, профилдик мамлекеттик органдын, тагыраагы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мониторинги, чарасы болушу керек. Анткени, бул жерде улуттук коопсуздук жөнүндө эч кандай маселе көтөрүлгөн эмес, ошондой эле ЖМКлар жөнүндөгу мыйзам дагы бузулган эмес”, – деп жазат “Институт Медиа Полиси” уюму.

Медиа-юристтердин ою боюнча, бул резонанстуу коомдогу маанилүү окуя, бирок буга укук коргоо органдары эмес журналисттик коом көңүл бурушу керек эле. Бул багытта журналисттер маани берип, атайын иликтөө жүргүзүүлөрү абзел.

Журналисттер “2-канал” ЖЧКнын жана “New TV”нын жетекчиси Нурлан Шакиев экенин тактап чыгышты. Буга чейин ал ЭлТР телеканалынын жетекчиси жана Маданият, басма министри болуп эмгектенген. Ошондой эле убагында президент Курманбек Бакиевдин басма-сөз катчысы болгон. 2015-жылы “Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депуттыгына талапкерлигин койгон.

Ал эми “Nur TV” болсо Ошто жайгашып, Бишкекте анын студиясы гана бар экени такталган. Телеканал обого 2017-жылы чыга баштап, убагында аны Камчыбек Ташиевге таандык болгон “7-канал” телеканалын башкарып келген Алтынбек Жумаев башкарып турган. Учурда телеканалдын жетекчиси Каныбек Темиров. Айрым маалыматтар боюнча, “NUR TV”нын негизги ээси саясатчы Ахматбек Келдибеков болуп саналат.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

ИМПнын комментарийи текстте камтылган.

 

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

19.08.2019

Мурдагы акыйкатчы, экс-президентке болгон доо арызын чакыртып алат, бирок “Апрель” телеканалына болгон доо арызы ошол бойдон калмакчы

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мурдагы президентке болгон 100 миң сомдук доону өндүрүүнү өтүнгөн доо арызын чакыртып алмай болду. Ал эми “Апрель” телеканалына болгон арызы ошол бойдон калмкчы.

Укук коргоочунун айтымында, Алмазбек Атамбаевдин камакка алынып, ага карата кылмыш жана жазык кодексинин негизинде оор жана өтө оор деп саналган кылмыш иштери козголууда. Алардын арасында Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгарылышы дагы бар.

“Андыктан, ал адам менен жарандык тартипте ушак-айыңдар үчүн соттошуунун кажети жок деп ойлойм. Ал адамдын мени 100 миң долларлык пара алган деген кеп таратып, менин абийириме шек келтиргендиги бул карандай жалган. Көрөсүздөр, ал жакында далилденет, буюрса” – деди Турсунбек Акун.

Ошондой эле ал өз сөзүндө, “Апрель” телеканалы менен анда эмгектенген журналист Канат Каниметовго карата жазылган 500 миң сомдук доону талап кылган арыз ал телеканалдын мүлкүн камакка алгандыгына жана ал каналдын эфирге чыкпай калгандыгына карабастан күчүндө экенин белгиледи.

“Эгерде “Апрель” телеканалы чыгарган материалдарын төгүндөп, кечирим сураса, мен ошол замат арызымды чакыртып алам. Алардын ютубда өздөрүнүн каналы бар, мына ошол жерден деле кечирим сурашса болот. Мен тууралу абдан туура эмес, чын төгүнү жок маалыматтарды таратышты”, – деп кабарлады доогер.

Эскерте кетүүчү жагдай, мурдагы акыйкатчы “Апрель” телеканалынан 500 миң сомду доо өндүрүүну талап кылып келет.

“Биз Турсунбек Акун менен мындан ары дагы соттошобуз. Айта кетүүчү жагдай, экс-президенттин билдирүүсун башка ЖМКлар дагы беришкен. Бирок, эмнегедир экс-акыйкатчы биздин каналды гана сотко бериптир. Ошону менен бирге Акун мырзанын логикасына түшүнө албай жатам. Эмнеге экс-президент менен соттошуудан баш тартат дагы, биз менен соттошууну улантууда. Биздин журналисттер ансыз деле жабыркашты, алар келечекте ишсиз калышы мүмкүн деген дагы тобокелдик бар”, – деп билдирди телеканалдын башкы директору Дмитрий Ложников.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБсынын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Комментарий

КР экс-омбудсмени Турсунбек Акунов «Апрель» телеканалына жана телеканалдын журналисти Канат Каниметовго каршы ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо тууралуу доо арызы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылып, А.Батукаевдин бошотулушу тууралуу сюжеттеги ага байланыштуу маалыматтардын туура эместигин жана алар аны каралаган маалыматтар экенин аныктап берүүсүн суранган. Моралдык зыяндын ордун жабуу иретинде телеканалдан 500 миң сом жана К.Канимеовдон 100 миң сом талап кылууда. Иш 2019-жылдын 6-августунда карала баштаган. 23-августка белгиленген жыйын доогердин келбегенине байланыштуу болгон эмес.

 

28.08.2019

Бишкек шаардык сот Kaktus.media сайтына чыккан макалага тыюу салган жок

Соттук териштирүү жүрүп жаткан маалда редакциянын сайтына жарыяланган бир нече макалалар алынып салынсын деген Биринчи май райондук сотунун чечимин 27-августта шаардык сот жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, Казакстандык жеке ишкер Абай Камалов жубайы Кудайбергенованын “Жолдошум сабап, балдарымды мага бербей жатат” деген интервьюсун эки макала кылып чыгарган Kaktus.media сайтын сотко берип, алардан бир млн сом талап кылууда.

Соттук териштирүү башталган маалда Kaktus.media “Жолдошунан зомбулуктун запкысын жеп кайрылган аял тууралу макаланы шаардык сот чыгарууга тыюу салган чечим кабыл алган” жана “Кыргызстандык келинчегин токмоктогон Казакстандык жеке ишкер Камалов мурдагы келинчегинен алимент талап кылган” деген эки макаланы жарыкка чыгарган.

“Камалованын расмий өкүлү алардын жайылткан материалдарына дагы сот тыюу салсын деген өтүнүчү менен кайрылган. Биринчи май райондук сотунун судьясы Кундус Исаева 26 июнда ал өтүнүчтү канаттандырган”, – деп билдирди “Журналисттер” КБга “Институт медиа полиси” КФнын юристи Акмат Алагушев.

Медиа коргоочулардын пикиринде, Kaktus.media сайтынын маалыматтарды жайылтууга, болгондо дагы доо арыз каралып жаткан маалда чектөө киргизүү – негизсиз жана бул кадам маалыматка жетүү жана сөз эркиндигине болгон чектөө деп бааланат.

“Журналисттин кесипкөй ишмердүүлүгүн коргоо” мыйзамында цензурага тыюу салынат деп каралган. Даярдалган макала, материалды маалымат берген тарап менен алдын ала макулдашууга, текстин өзгөртүп же, болбосо эфирден, басылмадан алып салууга ал мыйзам жол бербейт. “Институт медиа полиси” биринчи инстанциянын аныктамасын кыйыр түрүндөгү цензура катары баалай тургандыгын билдирген.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

ИМПнын комментарийи текстте камтылган.

 

30.08.2019

Вице-премьер министр Разаковдун “Азия Ньюс” гезитине болгон доо арызы боюнча соттук кароонун күнү аныктала элек

“Азия Ньюс” гезитине карата доо арызын жөнөткөн вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун иши Бишкек шаарындагы Октбярь райондук сотунда каралмакчы. Ал иш качан каралаары азырынча тактала элек. Бул туурасында “Журналисттер” КБга КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, КР Өкмөтүнун басма сөз кызматы буга чейин вице-премьер министр Жеңиш Разаков өзүнүн ар-намысы коргоо максатында басылманы анын Тажикстандын чалгынчылары менен байланышы бар деген макаласы үчүн сотко берген. Аткаминер доо арызда кадыр баркына келтирилген чыгымды 10 млн сомго баалаган.

2019-жылдын апрель айында Ж. Разаков анын Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы бар деген жалган маалыматты тараткандыгы үчүн депутаттарды сотко берээрин айткан. Парламент өкүлдөру бул темада талкуу жүргүзүп, аткаминердин бул кылыгы үчүн кызматын өткөрүп берүүсүн талап кылышкан.

УКМК менен Өкмөт Ж. Разаковдун Тажикстандык атайын кызматтарга тиешеси жок экенин билдиришкен. Бул имиштер Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде болгон окуядан кийин чыккан. Ошол маалда Ж. Разаков экинчи тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү маалында Кыргызстандык делегациянын башында турган.

Ж. Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы бар экен деген маалымат 2016-жылдары эле Тажикстандык ЖМКларында жарыяланып, кийин аткаминер жаңы кызматтарга дайындалган мезгилдерде улам-улам жарыяланып келген.

Разаков Тажикстандык чалгынчысыбы?” деген материал ушул жылдын март айындагы гезиттин санында жарык көргөн. Бул суроо болчу. Андан бери жарым жыл өттү, ошондон бери жүрүп, эми эсине келип, ар-намысыма шек келтирилди деп, 10 млн сомго бааланган доо арызын сотко берип олтурат. Бул абдан кызык нерсе. Балким, бул нерсенин аркасында кандайдыр бир сыр жаткандыр? Балким, Разаков өзүнүн милдеттерин так аткарып, ынгайсыз суроолорго жооп бериши керектир? Менимче, бул сөз эркиндигине болгон кысым жана басылмага болгон саясий кысым деп эсептейм. Буга чейин биз өкмөт мүчөлөрүн ачык эле сындап келгенбиз. Бизди ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев жана ИИМдин 7-бөлүмүнүн жетекчиси Матмусаев дагы сотко берген”, – деп жазат фейсбуктагы баракчасына “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев.

Эскерте кетсек, Октябрь райондук соту “Азия Ньюс” гезитине карата берилген ИИМ министри К. Жунушалиевдин доо арызын кароону баштаган. Министр “Такталбаган маалымат жана коллаж” үчүн келтирилген зыянга беш миллион сом өндүрүүнү талап кылууда. Жаздын күнү басылмага карата доо арызын ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров дагы берип, “2014-жылы студент Камиля Дүйшебаеванын өлүмүнө байланыштуу окуя” жөнүндөгу макала үчүн 10 мл сом өндүрүүнү талап кылган. Бирок, доо арызын кийин кайра чакыртып алган. 2018-жылы болсо, гезитти мурдагы парламент спикери Акматбек Келдибеков дагы сотко берген. 2019-жылдын январь айында ал гезитке жана анын башкы редактору Аслан Сартбаевге карата берилген доо арыздарды чакыртып алган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаарындагы өкүлү

Комментарий

КР Конституциясы боюнча бардыгы ар-намысын, кадыр-баркын коргой алганга укуктуу. Бирок чоң мамлекеттик кызматтарда отургандар ЖМКлар жана журналисттер тараптан айтылган ар түрдүү сындарды сабырдуулук менен кабыл алуулары керек. Виц-премьер-министр Тажик чалгындарынын агенти болушу мүмкүн деген маалыматты жалгыз гана «Азия ньюс» гезити жазган эмес, бул тема бардык ЖМКларда кеңири чагылдырылып, ал эмес өлкөнүн парламентинде талкууланган. КР Жогорку сотунун пленуму 2015-жылдын 13-февралында кабыл алган «Адамдын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо тууралуу иштерди караштыруунун соттук практика жөнүндө» №4 токтомунда коомдук фигуралардын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоодо өзгөчөлүктөр бар экени айтылат. Мамлекеттик кызматтагыгар, же мамлекеттик мүмкүнчүктөрдү колдонгондор, ошондой эле коомдук жашоодо (саясатта, экономикада, маданиятта, коомдук айдыңда, спортто же башка тармактарда) чоң роль ойногондор коомдук фигуралар болуп эсептелет. Мамлекеттик кызматта отургандар алардын өз ишин алып баруусу боюнча ЖМКлар тараптан сынга алынышы мүмкүн. Бул алардын өз ишин ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү алып баруусун камсыздаганга зарыл.

 

02.08.2019

Сот “Азия Ньюс” гезитинин макаласын лингвистикалык эскпертизадан өткөрүүнү дайындады

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин “Азия Ньюс” гезитине карата берген доо арызы боюнча сот лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим 2019-жылдын 1-августунда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда өткөн жыйында кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө гезиттин өкүлү Аскар Медетов макаланын маңызына лингвистикалык экспертиза жүрүгүзүү керек деген өтүнүч менен кайрылган. Сот ал өтүнүчтү канаттандырды.

Эскерте кетсек, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “Азия Ньюс” гезитин анын ар-намысы, абийрине шек келтиргендиги үчүн сотко берген. ИИМдин башчысынын жактоочусу Динара Аширалиеванын билдирүүсүндө, министрдин бул кадамга барганына ал тууралу “такталбаган маалымат менен коллаж” себеп болгон. К.Жунушалиев гезиттен 5 миллион сомдук доо талап кылууда.

Мындан сырткары бул гезитке ИИМдин 7-бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Матмусаев дагы доо арыз тапшырган. Ал “Азия Ньюс” гезитинин 16-апрелдеги макаласына ылайык берген. Матмусаев дагы гезиттен 5 млн сомдук доону талап кылууда.

“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев, окуя боюнча оюн буга чейин төмөндөгүдөй баяндаган:

“Жунушалиев сотторду, тыңшоо менен алектенишкен 7-бөлүм менен коркутуп жатат. Биз “Кашкар–келемиш?” деген суроо камтылган коллаж жасаганбыз. Бул деген, түздөн–туз аны айыптоо мес, суроо иретинде берилген”, – деп баса бегиледи А. Сартбаев.

Өз сөзүндө ал ошондой эле коллаж Матмусаев тууралу дагы, жеке ишкерлер менен чиновктерди дагы аңдыйбы деген суроо менен жасалганын кошумчалады.

“Мен аларды күнөөлөгөн эмесмин. Эгерде алар кааласа жооп беришмек. Бизде алардын кимдир бирөөлөрдүн үстүнөн аңдыгандарынын далилдери бар. Аларды мен сотто гана ачыктай алам. Генерал Өмүрбек Суваналиев бул боюнча сотто өз көрсөтмөсүн берүүгө даяр. Бир кезде анын аркасынан дагы аңдышкан экен”, – деп белгилейт А.Сартбаев.

ИИМдин мурдагы жетекчилери дагы “Азия Ньюс” гезитин сотко беришкен болчу. Буга чейин ИИМдин жетекчисинин орун басары Данияр Абдыкаров гезиттен 10 млн сом өндүрүп берүү доо арызы менен сотко кайрылган. Бирок кийинчирээк ал аны кайра чакыртып алган.

2018-жылдын күзүндө гезит парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун 1 млн сомдук доо арызын кароодо уттурган. Бирок кийин арыз ээси ал доону өндүрүүдөн баш тарткан.

Гезиттин өкүлү соттук отурумда К.Жунушалиев тууралуу макалада эксперттин пикири келтирилгендигин баса белгилеген. Ал эми коллаж болсо журналистикадагы жанрлардын бири экендигин билдирген. Кийинки отурум 6 августка жылдырылган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Комментарий

Колдонулуп келген Жарандык-процессуалдык мыйзамчылыкка жараша сот тараптардын суранычы боюнча же өзүнүн жеке демилгеси менен иштин ар тараптан тыкыр каралышы үчүн кайсы бир эксперттик мекемеде экспертиза жүргүзүү тууралуу чечим чыгара алат. Жогоруда каралган учурда коллаж колдонулган жана анда айбан менен салыштыруу бар, биздин пикирибизде, лингвистикалык экспертиза ашыкча болбойт.

 

Автордук жана мүлктүк, мүлктүк эмес жеке укуктарга байланышы бар чектеш укуктарды коргоо тууралуу талаптар

02.08.2019

Мүлктүк укукту бузгандыгы үчүн Life телеканалын сотко бергени жатышат

Кыргызстанда биринчи жолу тартылган “Дарак ыры” аттуу мюзиклдин режиссеру Айбек Дайырбеков автордук укукту сурабай туруп бул тасманы эфирден бергендиги үчүн Life телеканалынын жетекчилигин сотко берүүнү чечти.

“Алар биз менен байланышкан жок. Эми биз аларга сот аркылуу кайрылабыз. Ишти биз юристтерге тапшырдык, мындан аркысын алар алып барышат”, – деп белдирди ал.

Бул тууралуу окуяны режиссердун келинчеги Толкун Дайырбекова Facebook тармагындагы баракчасына жазып чыккан. Анын айтымында, юристтер жеке укукту бузгандыгы үчүн доо өндүрүүгө укук берген нааразылык билдирүүнү даярдап жатышат. Эгерде нааразылык билдирүү канаттандырылбаса, укуктук жактан ээлик кылган тарап сотко кайрылууга мажбур болот.

“Кыргызстан менен Орусиянын кинопродукциясы болгон “Дарак ыры” аттуу биринчи мюзиклди жаратуу үчүн канчалаган мээнет, канчалаган каражат жана күч-кубат кетти. Анан ушундай эмгекти уруксаты жок, жөн эле уурулук жол менен эфирге берип коюшту. Алгач башында биз жаңыдан ишти башатаганда “келгиле иштешели, өнөктөш бололу” деп канчалаган телекомпанияларга кайрылдык. Эмнеге ошондо алар көмөктөшпөйт дагы, эми биздин укукту эске албай, акысыз, өздөрүнүн телеканалынан кайталоосу менен коомчулукка көрсөтөт. Болгондо дагы биздин көркөм тасма тынымсыз кетип жатканда жарнамалар дагы кетип жатты”, – деп нааразылыгын билдирди.

“Дарак ыры” аттуу тасманын жеке мүлктүк укугуна ээ болгон Central Asia Film жана «Синетрейн» студиялары ушундай окуя болуп кетпесин деп КРдын аймагындагы башка телеканалдар менен интернет ресурстарга алдын ала эскертишкен.

“Укук ээлери аталган фильм боюнча ушундай укук бузуулар болсо унчукпай калбастан, укук бузуучуларды кылмыш, административдик жана жарандык укуктук жоопкерчиликке тартуу үчүн болгон күч аракетин жумшмакчы”, – деп жазат Толкун Дайырбекова.

Central Asia Film студиясы менен КТРКнын ортосунда түзүлгөн келишмдин негизинде, КРдын аймагында телеберүүдө көрсөтүү боюнча эксклюзивдик укук КТРКга гана берилген. Расмий түрдө телепремьера 2019-жылдын 31-августунда аталган каналда болот.

Азырынча Life телеканалы тарабынан эч кандай билдирүүлөр келип түшө элек.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Комментарий

Автордук укукту жана интеллектуалдык менчикке укукту эч ким жокко чыгарган эмес. Укук ээлери сотко кайрылып, кеткен чыгымдарынын ордун жабууну гана эмес, материалдык чыгымдын жана да көрбөй калган кирешенин ордун да жаап берүүсүн талап кыла алышат. Ошондуктан айтылган дооматтар негиздүү деп эсептейбиз.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ КАРАТА КҮНӨЛӨӨ

Журналисттерди коркутуу жана аларга кол салуу

03.08.2019

“Клооптун” операторуна байланыштуу окуя боюнча ИИМ ички иликтөө жүргүзөт

“Клооптун” журналисти менен эки бейтааныш ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча окуяны мекеме ичинде тергөө амалдарын ИИМ окуя болгон күндүн эртеси 2-августта баштады. Бул тууралу маалыматты “Клооптун” редакциясы билдирди.

Эскерте кетсек, “Клооптун” редакциясы ИИМден басылманын журналистинин чөнтөк телефонун тартып алган белгисиз адамдарды жоопко тартууну талап кылышкан. Катардагы жарандарча кийинген белгисиз адам 31-июль күнү Хачатурян аттуу эже-сиңдилерди колдоо пикетин чагылдырып жаткан маалда оператор Бекжан Асылбековдун телефонун күч менен тартып алган. Журналисттер тартип бузган адам ИИМдин кызматкери болушу мүмкүн деген божомолду айтышкан. Бул тууралуу маалыматты “Клооптун” башкы редактору Эльдияр Арыкбаев билдирген.

Анын айтымында, ага чейин кызгылт түстөгү футболкачан белгисиз адам тынч жыйындын катышуучуларын өзүнүн телефонуна тартып жүргөн. Пикеттин катышуучуларынын бири ал адамга барып, эмнеге тартып жатканын сураганда, сураган адамдын билдирүүсүндө, ал өзүн ИИБдин кызматкери катары тааныштырып, суроо узаткан айымдын да телефонун тартып алууга аракет кылган.

Ошол маалда “Клооптун” оператору ошол айым менен ал кишинин ортосунда болуп жаткан тирешүүнү тартууга аракет кылган. Белгисиз адам аны тартып жатканын байкап калып, оператордун телефонун күч менен тартып алган. Аны байкап калган башка журналисттер окуяны түшүндүрүүнү талап кыла башташканда, ал адам кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тарткан, бирок натыйжада телефонду кайтарып берген.

Жыйынтыгында ал адамга дагы экөө кошулуп, алардын бирөө өзүн милициянын кызматкери катары тааныштырып, ал дагы күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тарткан. Ошону менен бирге журналисттер аларды тартканга укуктары жок экенин белгилеген.

“Клооптун” кызматкерлери жеринде, митингге байкоо жүрүгүзүп жаткан формачан милиция кызматкерлерине кайрылышканда, алар журналисттердин укуктары бузулуп жаткан фактыга кайдыгер мамиле кылышкан. “Клооптун” башкы редактору Эльдияр Арыкбаевдин маалыматы боюна, басылманын юристтеринин белгилегендери боюнча, милиция кызматкерлери деп шектелген адамдар тарабынан бир нече тартип бузуулар катталган.

Мисалга, алардын бирөөсүн “бөтөн бирөөнүн мүлкүнө ачык түрдө эле ээлик кылган” деп күнөөлөсө болот. Мындай аракеттер милиция кызматкерлери тарабынан болбошу керек эле. “Ички иштер органдары” жөнүндөгү мыйзамда жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен тынч митингди чагылдырып жаткан журналисттерге сый мамиледе болуу керек деп каралган.

Ошону менен бирге ал адамдардын мыйзамдуу жол менен тасмага түшүрүлүп жаткан иш-аракетке тыюу салууга укуктары жок болчу. Эгерде алар милиция кызматкерлери экени тастыкталса, анда алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жана журналисттерге маалымат чогултууга тоскоолдук жараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуулары керек.

“Ошону менен бирге, формасы жок бейтааныш адамдар милиция кызматкерлери экени тастыкталса, “Ички иштер органдары” жөнүндөгү мыйзамда, Кыргызстандын жарандары күбөлүктү көрсөтүүнү талап кылса, милиция кызматкерлери ошо замат күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттүү деп каралган. Жоопкерчиликке ошол жерде формачан жүргөн милиция кызматкерлери дагы тартуулары керек. Алар көрүп туруп жардамга кайрылган жаранга жардам көрсөтпөй койгондугу үчүн”, – деп баса белгиледи Эльдияр Арыкбаев.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Комментарий

КР ИИМинин ички кызматтык териштирүүсүнүн жыйынтыгын күтүш керек. Ошонун негизинде гана кайсы бир тыянак чыгарса болот.

 

Журналисттердин денесине залака тийгизүү

08.08.2019

7-августта болгон окуядан эки журналист жабыркады

Бишкекке жакын жайгашкан “Кой-Таш” айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч структураларынын атайын операциясы учурунда “24.kg” маалымат агенттигинин журналисти жабыркаган. Окуя маалында анын бутуна желим ок жаңылган. “Ал өзүн жакшы сезүүдө жана өмүрүнө коркунуч жок” деп билдирген маалымат агенттиги.

Кийинчиреек ал өзунүн фейсбуктагы аккаунтуна абалы жакшы экенин билдирген.

Аида Джумашова
“Достор, мен үчүн кооптогонуңар үчүн ыраазычылык билдирем. Мен жакшы элемин. Жаңы эле үйүмө жетип алдым. Мени менен чогуу Алтыша Абдула кызы чогуу жүрдү, ал жабыркаган жок, бирок шок абалында жүрөт. Окуя болгон жерде азыр Махинур Ниязова менен башка кесиптештер иштеп жүрүшөт. Ал жерде азыр байланыш жок болгондуктан, аларга тынчсыздануу керек. АШАнын үйүнүн айланасындагы байланышты өчүрүп салышты. Болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматты 24.kg менен башка сайттардан окуп алсаныздар болот.

Ошондой эле, Мамакеев атындагы хирургиялык борборго атайын операциядан жабыр тарткан эки адам түшкөн. Алардын бирөөсүнүн аты Сергей Чесноков деп катталган. Ал өзүн НТСтин журналистимин деп тааныштырган. Бирок тактоо маалында, хирургиялык борбордун өкүлдөрүнүн берген маалыматына ылайык, ооруканага түшкөн эки жабыркаган адам медициналык жардамдан баш тартышып, оорукадан чыгып кетишкен. Ошол эле маалда “Журналисттер” КБга “НТСтин” жетекчиси Миржан Балыбаев билдиргендей, телеканалда жогорудагыдай ысым менен катталган кызматкер телеканалда иштебегендиги аныкталды.

 

ЖМКлардын чарбалык укугун бузуу жана коомдук маанидеги маалыматты берүүдөгү чектөөлөр

08.08.2019

“Апрель” ТРКсы ободон өчүрүлдү

Мурдагы президент А.Атамбевге таандык болгон “Апрель” телеканалы 7-август күнү кечинде мультиплекстен алынып салынды.

“Акнет” интернет провайдери телеканалдын эфирин жетекчиликтин буйругу менен өчүргөн. Аймактарда болсо РПО РМТРдин тапшырмасы менен өчүрүлгөн. Алардын кызыкчылыгы “ЦТ” компаниясы тарапта экенин “Кактус Медиа” маалымдайт. “Бишкектин түштүк жагындагы тоодо биздин обого чыгуу сигналын тараткан жабдуулар бар. Ал жерде чындыгында, бир жабдуубуз жарактан чыгып калган”, – деп билдирген компания.

“Ала ТВ” түйүнүндө дагы өчүрүлгөн, алар болсо сигналды “MegaLine” интернет провайдерден алышат, алар дагы “Апрелди” белгисиз себептерден улам өчүрүп салышкан.

http://www.ts.kg/ атту жергиликтүү интернет-портал дагы “Апрелдин” түз обосун көрсөтүп келген. Алардын билдирүүсү боюнча, телеканалдын өзүнөн сигнал келбей калгандыктан обого чыгаруу токтотулган. Ошону менен бирге “Апрель” социалдык тармакта дагы чыгып келишкен, мисалга Facebook жана YouTube видеокызматы менен бир нече спутник аркылуу көрсөтүүчү пакеттерде.

Бишкектин убакысы боюнча 15.00дө ТРК “Апрель” “Акнетте” пайда болуп, бирок көрсөтүүлөрү жок чыккан.

Белгилей кетүүчү жагдай, 7-августта башка телеканалдарда дагы обого чыгуу кыйынчылыктары катталган: НТС, New TV. Ошондой эле мобилдик байланыш аркылуу интернетке чыгуу дагы чектелген.

 

10.08.2019

Сот чечими менен “Форум” жана “Апрель ТВнын” мүлкүнө арест салынды

9-августта мурдагы президент А.Атамбаевдин мүлкү сотко чейинки өндүрүштүн негизинде камакка алынды. Бул тууралу 24.kg маалымат агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Сотко чейинки өндүрүштүн негизинде, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары суракка чакырылат. Бул Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тергөө амалдарынын мындан аркы иш аракеттерине карата жүргүзүлүүдө. Ошондй эле соттун чечими менен “Медиа Форум” жана “Апрель ТВ” телеканалынын мүлкү дагы камакка алынды”, – деп билдирген министрлик.

Ошол эле маалда 10-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаменти “Апрель” телеканалы “Телеберүү жана радиоуктуруу” мыйзамын так аткарган уюмдардын катарына кирээрин кабарлаган, деп маалымдайт “KNews”. Департамент “телеканалдын ээси оор кылмыштарга шектүү деп табылгандыктан, анын мүлкү камакка алынгандыгы” туурасындагы маалыматты сот органынын чечимдерине шилтеме келтирген.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, ЖЧК “Медиа Форумдун” имаратында башка дагы бир катар ЖМКлар жайгашкан: “Европа+”, “Кыргызстан обондору”, “Ретро FM” радиолору.

10-августта медиа коомчулугу КР Президентинин атына бийликтин бул кадамдары туура эмес экенин баса белгилеп, расмий түрдө атайын кайрылуу жасаган.

Бугүнкү күнү биз бардыгыбыз экс-президенттин ишин кароодогу адилеттүү, акыйкат сотту күтүп жатабыз. Бирок так ушул маалда биздин айкөл элибиз ага жеткен маалыматтардын негизинде өлкөдөгү окуяларга өз баасын аныткап алышы үчүн бизге ЖМКлардын көп түрлүгү керек болот, алардын катарында окуяны башка өнүттөн чагылдырган ЖМКлар дагы”, – деп белгиленет билдирүүдө.

Билдирүүгө кол койгондордун пикиринде, бүгүнкү күнү “Апрель” телеканалынын мүлкүн камакка алууга анчалык деле зарылчылык жок болчу. Анткени, шектүү тарап УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.

КР мыйзамдарына ылайык, телеканалга кандайдыр бир айып тагылган эмес. Саясий каатчылык маалында “Апрель” өлкөдөгү кырдаалды ыкчам чагылдырып турган азганак телеканалдардын бири болгон. Телеканалдын ишмердүүлүгү чектелип, анын мүлкүнүн камакка алынышы – өтө эле аша чаап кеткендик жана негизсиз деп баалайбыз, Конституцияга ылайык, ар бир чектөө мыйзам негизиндеги максаттарга жооп берүү менен өзүн-өзү актоосу зарыл. Ушуга байланыштуу биз камакка алынган мүлктүн бошотулушун жана телеканалдын кайрадан эфирге чыгуусун камсыздоону талап кылабыз”, – деп айтылат кайрылууда.

Комментарий

29-августта Бишкек шаардык сотто «Апрель ТВ» ЖЧКнын Биринчи май райондук сотунун «Апрель ТВ» ЖЧКнын жана «Медиа Форум» ААКнын мүлктөрүн камакка алуу тууралуу 10, 13 жана 15-авгсуттагы токтомдорунун үстүнөн даттануусу карала баштады. Эмки соттук караштыруу 4-сентябрда болот. «Институт Медиа Полиси» КФ укук коргоо органдарынын жана биринчи инстанциядагы соттун аракеттерин мыйзамсыз деп эсептейт. Каналдын эфирге чыкпай калганы – бул мыйзамчылыкты одоно бузуу болуп эсептелет.

 

29.08.2019

7-каналдын мүлкү камакка алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге тиешелүү делген мүлктөрдүн арасындагы 7-каналдын мүлкү да камакка алынганын телеканалдын жетекчиси Алтынбек Жумаев маалымдады.

«Мен эмгек өргүүдө жүргөм. 16-августта Оштогу кеӊсебиздеги мүлк камакка алынган жана эфирди өчүрүп коюшкан. Мүлк Атамбаевге тиешелүү деп шектелип, азыр тактоо, текшерүү иштери жүрүп жатат. Камакка алынган мүлк Атамбаевге тиешелүү эмес. Лицензиянын «Форумга» тиешеси бар. 7-канал ижарада турат», – деди Алтынбек Жумаев.

А.Жумаев белгилегендей, «Канал Д» жоопкерчилиги чектелген коомдун (7-каналдын расмий аталышы) уюштуруучулары А.Атамбаев жана «Медиа Форум» ачык акционердик коому болуп саналат. Мурдагы президент А.Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага тиешелүү делген мүлктөр, баалуу кагаздар, акциялар, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлган. 9-августта Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн да камакка койгон.

«7-канал эч кандай ЖМК мыйзамдарын бузган жок. Учурда өкүлдөр ижара боюнча келишимдерди, документтерди көрсөтүүгө даяр. 7-каналдын мүлкүн камакка алуу жокко чыгарылат деп ишеним келтирип жатабыз»,- деди Алтынбек Жумаев.

Кеӊсесиндеги мүлктөрү камакка алынган 7-каналдын кызматкерлери учурда эмгек өргүүдө. Алар 2-сентябрдан тарта жумушка чыгышмак. Аталган телеканалда 50дөй кызматкер эмгектенет. 7-канал 2010-жылдан бери обого чыгат.

Кыргызстандагы медиа уюмдар «Апрель ТВга» жана 7-каналга байланыштуу бул жагдайларды сөз эркиндигине басым катары сыпатташууда.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош облусундагы өкүлү

Комментарий

Тергөө тобунун жана тергөө сотунун бул аракеттеринин үстүнөн арызданыш керек болчу. А.Жумаев белгилегендей, камакка алуу мыйзамсыз жана негизсиз жүргүзүлгөн болушу ыктымал.

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.