КР журналисттери менен ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг. Июль, 2019

08.08.2019

Рубрика: Мониторинг, Жалпыга маалымдоо каражаттары

Басып чыгаруунун версиясы

Июль айында 10 маалымат катталган. 4 маалымат бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 6 маалымат журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу жана ЖМКлар менен журналисттерге каршы соттук иштер тууралуу кабардар кылат.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

19.07.2019

Ош журналисттеринин ишмердигиндеги укуктук маселелер

Журналисттер өз ишмердигинде бир топ татаалдыктарга туш болушат. Ош областында эмгектенген бир катар ЖМК кызматкерлери журналисттин ишмердигиндеги укуктук маселелер жөнүндө баяндап беришти.

«T-Media Group» компаниясынын журналисти Маратбек Акимбек уулу журналисттер көбүнчө мамлекеттик органдардан маалымат алууда көйгөйлөр болорун белгиледи:

«Негизи, жашыруун маалымат, мамлекеттик сыр деген эмне экенин жакшы билбегенден журналисттер аксайт. Себеби, мамлекеттик органдардан маалымат сураган учурда жөнөкөй маалыматтарды да: «Бул мамлекеттик сыр, бул маалымат чыкпашы керек», – деп бербей койгон учурлар болот. Ошондой учурларда кандай кылуу керек, эмне иш-аракет кылуу керек, менимче, ушул нерсе көпчүлүк журналисттерди түйшөлтсө керек», – деди М.Акимбек уулу.

Ошондой эле Маратбек Акимбек уулу жаш журналисттердин кесипкөйлүк тажрыйбасынын аздыгын да айтып өттү:

«Жаӊыдан журналистикага аралаша баштагандарда журналисттин этикалык кодексин окубаган жаш адистер да бар. Эмнени чагылдыруу керек, кайсы учурда эмнени чагылдырбаш керек деген жөнөкөй маселелерди да билбеген учурлар болот. Муну алар даярдаган материалдарынан байкап калабыз», – деди М.Акимбек уулу.

Ал эми «Ош шамы» гезитинин жооптуу редактору Уулбү Каныбекова журналисттердин укуктук жактан сабатын арттыруу зарылдыгын белгиледи.

«Журналист күнөөлүү эмес, дооматчылардын айынан юридикалык ишке тушукканын көрдүм. Ошол учурда журналист аябай коркуп, карманалбай, ыйлаган учурун көрүп таӊ калгам. Журналисттер юридикалык маселеге кабылганда (бирөө менен соттошууда) өзүн эркин, ишеничтүү кармоосу керек деп ойлойм. Ушул маселелерди окутуп, үйрөтүү керек», – деди У.Каныбекова.

Кесиптик ишмердигинде журналисттер эмгектик укуктарын коргой алышпай турганын «Ынтымак» КТРКсынын башкы директорунун орун басары Бегайым Садыкова белгилеп өттү.

«Менин тажрыйбамда журналисттер төмөндөгүдөй юридикалык маселелерге туш болушат: өзүнүн жумушка кирүүдөгү, иш учурундагы, эмгек өргүүсүндөгү, жумуштан биротоло кеткендеги укуктарын такыр билишпейт. Билсе дагы, ал укуктарын коргой алышпайт», – деди Б.Садыкова. Муну үчүн ал журналисттерге эмгектик укуктары жөнүндө маалыматтар керектигин айтты.

«Түшүнүктүү тил менен жазылган китепче, брошюралар болсо, анын ичинде журналисттердин жумушунда керек болгон юридикалык маселелер жазылган болсо, жакшы болмок», – деди «Ынтымак» КТРКсынын башкы директорунун орун басары.

Ал эми эркин журналист Дастан Үмөтбай уулу журналисттин ЖМКга байланыштуу мыйзамдарды жетиштүү билбегендиги маселе жаратса керек деген пикирин айтты. Ал, журналист материал даярдап жатканда өз ишмердигин жашырганы үчүн маселе чыкканын мисал келтирди.

«Бир журналист материал тартып жатканда аны кайсы жакка чыгарарын айтпай койгон. Кийин аны интернетке жарыялап жибергенден кийин ага тиешеси бар кишилер тарабынан түшүнбөстүктөр болгон. Окуя коомдук жайда болгондугуна карабай, видеого тартып жаткан киши журналист экенин, тартып алган видеолорун интернетке жарыялай турганын жашырбаса, түшүнбөстүк болмок эмес», – деди Д.Үмөтбай уулу.

Пикирлерди топтогон: Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош областындагы өкүлү

 

19.07.2019

Интернет – чоӊ мүмкүнчүлүктөр талаасы

Интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү кеӊейгенден тарта Кыргызстанда да жарандар өздөрүнүн YouTube каналын, социалдык тармактарда баракчаларын түзүп, маалымат алуу, таратуу, бөлүшүү менен алектенишүүдө. Ал эми ЖМКлар жана журналисттер өз аудиториясын дагы да кеӊейтип, даярдаган материалдарын интернетти колдонгон ар бир адамга жеткирүүгө далалат кылууда. Анткен менен, маалымат таратуу жоопкерчилигин этибарга албаган айрым ютубчу-блогерлердин чыр-чатакка жем таштаган видео-тасмаларынан кийин эл арасында «блогер», «ютубер» жана «журналист» деген түшүнүктөр жуурулушуп, маалымат менен иштеген кесипкөй адамдардын ишине көлөкө түшүүдө.

Укугу да, жоопкерчилиги да бар

Ош шаарынын тургуну Айымбү Исраилова соцтармакта тараган видеотасманын айынан анын үй-бүлөсү турмуштук чыр-чатактарга туш болгонун баяндады.

«Интернетте жаман жүрүм-турумдар, коомдогу терс көрүнүштөр жөнүндө бир адамдын видеосу тараптыр. Андагы 1 кадрда менин кызымын паркта достору менен отурган жери да көрсөтүлүптүр. Бул видеодо айтылган нерселерге менин кызымдын эч кандай тиешеси жок эле. Видео тарагандан кийин кызымдын кайын-журту келинибиз жаман жүргөн экен деп, кетирип жиберишти. Жок жерден жабыр тарттык», – деди Айымбү Исраилова.

Ал эми тейлөө тармагында иштеген Арсен жөнөкөй жарандар өздөрү тарткан видеолорун интернетке жайылтууга тыюу салуу керек деген пикирде.

«Биздин ишибизди сындап, видеого тартып, интернетке коюп жатышат. Канчалаган адамдар көрүшөт? Журналисттерди го, түшүнсө болот, бул алардын кесиби. Ал эми жөнөкөй жарандарга буга тыюу салуу керек»,- дейт Арсен.

Анткен менен, Кыргызстанда ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, өз пикирин билдирүүгө, сөз эркиндигине укуктуу экени Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында белгиленген (КР Конституциясы, 31-берене, 1, 2-пункттар).

Ошондой эле Кылмыш-Жаза кодексинде адамдын кадыр-баркына доо кетирүү жана жайылтууга чектөө коюлган маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчилик да бар.

Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат (КР Конституциясы, 31-берене, 4-пункт).

Журналисттер интернет мүмкүнчүлүктөрүн кеӊири пайдалана башташты

Адыл Акжол уулу «Ош пирим», «Ош ТВ» телеканалында иштеп жүргөндө өзүнүн даярдаган журналисттик материалдарын архив болуп калсын деп, YouTube канал түзүп, ага жүктөй баштаган. Анын каналына жазылгандар 5 миӊден ашып, айрым тасмаларын көргөндөрдүн саны 200-300 миӊге жеткенде, Адыл YouTube каналына олуттуу мамиле кылууну чечкен.

«Биз даярдаган материалдарды ТВдан азыраак адам көрүшү ыктымал, ал эми интернете мүмкүнчүлүк дагы кеӊеет эмеспи. Ар бир материалга ютубчу эмес, журналист катары мамиле жасайм. Такталган, ыкчам маалыматты гана чыгарам. ТВда кыскача берилген маалыматтарды өз каналымда кенен берем. Көрөрмандар комментарийсиз видео-тасмаларды көбүрөөк көрүшөт»,- дейт «Ош ТВ» телеканалынын журналисти Адыл Акжол уулу. Бир жарым жыл аралыгында анын YouTube каналына 270 миӊге жакын көрөрман жазылган.

Анткен менен, өздөрүнүн саясий өӊүттөгү материалын анын YouTube каналында таратууга кызыкдар адамдар да бар экен:

«Бийликте болгон кайсы бир кызмат адамы жөнүндөгү даяр видеону чыгарып бер, акы төлөйбүз деп сунуштаган учурлар болот. Бирок, мен көрөрмандарымын ишенимин тебелегим келбейт. YouTube каналдагы тасмалардын 80%ы өзүм жасаган материалдар. Журналист катары жасаган материалдарымды интернете көп адам көрсө, мени ошол нерсе шыктандырат»,- дейт А. Акжол уулу.

Ал «Ош ТВ» телеканалында күндөлүк жаӊылыктарга материал даярдоо менен бирге «Инсан» автордук программасын алып барат жана апталык маалымат программасын да даярдайт. Бош убактысында өзүнүн YouTube каналы менен алектенет.

Кошумча каражат табууга да болот

Ал эми Атакул Жалилов бир жарым жыл мурда өзүнүн «Тез кабар» жарнамалык жана «KgPress» маалыматтык YouTube каналдарын ачкан.

«Видео менен алектенген журналисттер ютубда жеке канал ачып иштөөгө ыӊгайлуу. Эгер, ал иштеген ЖМКнын ички саясатына бул туура келсе. Журналист өзүнүн имиджин түзүп, анан да кошумча каражат табууга болот. Кеминде 1 жыл талбай алектенсе жана ютубдун талаптарын так аткарса, дайымкы киреше булагын түзүп алса болот. Бирок YouTube каналга көрүүчүлөрдөн 3 эле даттануу болсо, көрүүчүлөрүнүн саны миллионго жетсе да, ал канал YouTube тарабынан жабылып коюлат. Ошондуктан, уурдалган материалдарды, жалган маалыматтарды, касташууга чакырыктарды ж.б. жайгаштырууга тыюу салынат», – дейт Атакул Жалилов.

Анын «Тез кабар» жарнамалык каналынын учурда 360 миӊдей жана «KgPress» маалыматтык каналынын 60 миӊдей такай көрөрманы бар. Жарнамалык каналынын 50% аудиториясын Кыргызстандын тургундары түзсө, калган жарымын коӊшулаш Өзбекстан, Казакстан тургундары, о.э. Түркия, Россия, Корея жана АКШдагы жарандар түзөт.

Атакул Жалилов YouTube каналдарын түзүүнү каалагандарга алгач каналдын багытын жана форматын аныктап алууну сунуштайт.

«Кыргызстанда техника, илим-билим, дин багытындагы жеке YouTubeканалдар жокко эсе. Жаӊыдан канал ачып иштете тургандар башкаларда жок, кайсы бир өзгөчө багытты тандап алганы дурус», – дейт эки YouTube каналдын ээси Атакул Жалилов.

Кайсы маалымат булагына ишенүүнү эл таразалашы керек

Ош мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын окутуучусу Улукбек Омокеев коомдогу кайсы бир жагдайларга жеке көз карашын билдирип, блог жазып жүрөт.

«Элдин коомго айта турган сөзү болот. Блогерлер – өз көз карашын, жүрөк өйүткөн нерселерди коомго алып чыккан чыгармачыл адамдар. Айрымдары бизнес менен айкалыштырып жүрөт. Блогердин турмуштук көз карашы, карманган принциптери болушу керек. Бирок акыркы мезгилде коомчулук журналист менен ютубчу-блогердин айырмасын ажырата албай калды. Кайсы бир кызыкчылыкты гана көздөп, аудио, видео блогдорду даярдап тараткандар журналисттердин жасаган ишин «тебелеп» кетип жатат», – деген оюн билдирди У.Омокеев.

Анын пикиринде, кыргыз журналистикасынын деӊгээли жогорулаганда гана коомчулук ишенимдүү жана сапаттуу маалыматты ылгап алып калат.

«Журналист атайын даярдыктан өткөн, мыйзамдын жана кесиптик этикалык талаптардын чегинде, кайсы бир ЖМКнын атынан, же эркин журналист катары маалымат тараткан кесипкөй адис болушу керек. Кыргыз журналистикасы фактыга негизделген, калыс маалыматтарды тараткан жогорку деӊгээлге чыкканда, калктын да сабаты артат. Ошондо эл кайсы маалымат булагына ишенүүнү өзү таразалап калат», – дейт ОшМУнун журналистика кафедрасынын окутуучусу Улукбек Омокеев.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош областындагы өкүлү

 

20.07.2019

Нарындагы кесиптик деңгээлдеги кемчиликтер

Соңку учурда өлкөдө, анын ичинде аймактарда маалымат таратууда жеңил желпилик башкы орунга чыккансыйт. Айрыкча мындай көрүнүш айрым сайттарда көнүмүш көрүнүшкө айланды. Салмактуу деп аталган мамлекеттик ЖМКларда деле алешемдиктер орун алууда.

Алсак, Нарын областынын аймагына толук тараган бир гана “Теңир Тоо” гезити бар. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштуруучу болуп эсептелген мамлекеттик басылма аптасына туруктуу бир жолу 2500 нускада жарыкка чыгат. 80 жылдан ашык тарыхы бар гезитте эки муундун журналисттери эмгектенет.

Гезитке жарыяланган айрым одоно каталарга токтолсок. 7-майдагы №31-32-сандарында област жетекчиси Аманбай Кайыповдун Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата “Тарыхтагы өчпөс из” аттуу куттуктоосу жарыяланган. Анда “Нарын жергесинен 18 миң 881 адам чакырылса, согуш талааларында курман болуп же дайынсыз жоголгондордун саны 11 миң 547 адамды түздү… Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 13 согуш ардагер, 49 ооруктун эмгекчилери биздин арабызда”, – деп айтылат. Ал эми гезиттин ушул санынын 4-бетиндеги “Эрдиктери унутулбайт” аталыштагы чакан макалада “Нарын облусу боюнча курман болгондор 5260 киши, 480 жарааттан улам каза болгондор, дайынсыз жоголгондор 2793тү түзөт… Облуста 12 согуш майыбы жана катышуучулары бар” деген маалымат келтирилген. Сандарды кошуп эсептесек жалпысы 8533 киши болот экен. Айырмасы 3014 адам.

5-июндагы № 39-40-сандардагы гезиттин биринчи бетинде “Майрамдык маанайда” деген макалада “1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Нарын шаарындагы Алма-Бак паркында майрамдык иш-чара болуп өттү… Бишкек шаарынан “Керемет көч” балдар театры келип, бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулашты” деген жагымдуу маалымат жарыланат. Бирок ушул эле сандын экинчи бетинде “Маскарапоздун мазагы” (Уят эмеспи) аталыштагы сын макала жазылган. Анда ошол эле Алма-Бак паркында 1-июнь күнү болгон майрамдык иш-чарада маскарапоздун жамбашты чайкап, алаасынан колун чыгарган жосунсуз жоруктары сынга алынган. Бул жерде да үндөш макалалардын карама-каршы жазылышына маани берилген эмес.

Ошону менен катар кызмат адамдардын аты жөндөрүн туура эмес жазуу, айыл аймакты айыл өкмөт менен чаташтыруу сыяктуу майда, бирок маанилүү каталар да орун алгандыгын белгилесек болот.

Өз ысымын айтуудан баш тарткан жергиликтүү журналисттин баамында көп көйгөйлөр бар.

“Нарында кабарчылардын кесиптик деңгээли орточо эле. Күчтүү журналисттер жокко эсе. Тескерисинче, билими, тажрыйбасы жок бирок дымагы асмандагандар иштеп калышты. Гезит мезгил ыргагынан артта калууда. Ал үчүн жаңыча чыгаруу керек”, – дейт ал.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областындагы өкүлү

 

21.07.2019

Баткенде адискөй журналисттердин тартыштыгы маалымат жаатын аксатып жатат

Баткен областынын аймагында атайын жогорку билимдүү, дасыккан иликтөөчү, маалымат жаатындагы мыйзамдарды билген сабаттуу журналисттердин жетишсиздиги байкалууда. Адистердин жетишсиздиги аймактагы мамлекеттик жана мамлекттик эмес ЖМКлардын баарында эле бирдей маселе.

Журналисттердин тартыштыгынан улам кээ бир такшалган журналисттер бир эле учурда бир нече ЖМКларда келишимдик негизде же штаттан тышкаркы кабарчы катары кызматташып турушат. Мындай көрүнүш ЖМКлар ортосунда атаандаштыкты аксатып, кызыкчылктардын кагылышы жаралып, ким канча каржат төлөп бералат деген маселеге айланып кеткен учурлары да бар. Бир журналист бир канча ЖМКлар менен кызматташкан учурда каражат көбүрөөк төлөп бералган редакцияны оперативдүү жана сапаттуу маалыматтык материалдар менен биринчи кезекте камсыздап, каражаты тартыш ЖМКларды экинчи кезекке жылдыруу сыяктуу көрүнүш бар экенин Баткендеги ишин токтотпой келаткан жалгыз менчик “Салам” радиосунун директору Улукбүү Амирова белгилейт.

“Албетте ар бир эле ЖМК өз ишинде аудиториясын кеңейтип, туруктуу кармап туруу аракетин жасайт. Эл аралык же каражаты көп ЖМКлар аймактарда өз ишин мыкты билген журналисттерди кармоого кызыкдар болот. Каражатын жакшы төлөп, эксклюзивдүү, сапаттуу материалдарды талап кылышат. Ал эми аймактарда жарнамалык кирешеси аз, каражат табууда мүмүкүнчүлүгү чектелген ЖМКларда күчтүү, өз ишин мыкты билген журналисттерди кармап калууга шарты жок. Анан айла жок, азыраак каражат менен штаттан тышкаркы же келишим менен болсо да бирин-экин даярдыктан өткөн журналисттер менен кызмтаташууга аркет кылат. Бирок, андай учурда да кызыкчылыктардын кагылышы чыгып, иштин жандуу болушуна тоскоолдуктар жаралып калып жатат. Биз деле жаш журналисттерди таптап, кыска мөөнөттүү окуулардан өткөрүп, укугун, милдетин, маалымат менен иштөө чеберчилигин арттырып даярдап, өз аракетибиз менен адис даярдап көрдүк. Бирок андай журналисттер качан көзгө көрүнүп, сапатуу материалдарды жасай баштаганда эле жергиликтүү ЖМКлардан кетип калышат. Ордуна дароо башкасын кызматка алайын десең даяр журналист жок, жаш журналисттер өз укуктарын, милдеттерин, маалымат алуу сыяктуу ишти дароо өздөштүрүп кете алышпайт. Аларды даярдоого дагы убакыт кетет. Ушундайдан жергиликтүү ЖМКларда иш максаттагыдай жүрбөй, аксап калган учурлар бар”, – дейт Улукбүү Амирова.

Баткен областынын аймагында 10го жакын ЖМК расмий ишмердигин алып барса, анын дээрлик тогузу мамлекеттик ЖМКлар. Акыркы жылдары жергиликтүү ЖМКларда кандайдыр бир иликтөө же аналитикалык материалдар чыгып, коомдук талкууларды жараткан учурлары да болгон эмес. Айрыкча чек аралардагы маселелерде, чыр чыккан учурларда маалымат алуу, оперативдүү объективдүү маалыматтар менен камсыздоодо маселе жаралат дейт Баткен областтык мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчиси Мамажан Бердишев

“Адискөй, же башкача айтканда, дасыккан журналист жок деп наалыбайбыз. Акыркы жылдары биздин журналисттердин маяналары да жаман эмес. Мисалы, врачтарга салыштырмалуу жакшы айлык акы алышат журналисттерибиз. Бирок иликтөө жаатында такшалган журналисттерибиз жок. Анан биздин аймактын өзгөчөлүгү – чек араларда чыр көп катталат. Ошол чек ара маселелерин чагылдырууда, маалымат алууда коомго зыяны тийбей тургандай жайылтууда аксап калып жатканыбыз бар. Расмий маалымат алууда да жергиликтүү чек арага тиешеси бар кызматтар борбордук бийликке карап, бизге маалымат берүүдөн карманып калышат. Кандайдыр бир коомдун кызыкчылыгына айланган же дагы бир көйгөйлөрдү иликтөөдө убакыттын, каражаттын, такшалган журналисттерибиздин жоктугу маселе жаратат”, – деген пикирин билдирет Мамажан Бердишев.

Аймактагы журналисттер арасында маалымат алуудагы көйгөйлөр, укук бузуулар тууралуу өз ара айтылганы менен ушул күнгө чейин бул жаатта атайын укук коргоо кызматтарына же сотко кайрылуулар катталган эмес. Жалпысынан областтын аймагында журналистика жаатында алектенгендердин саны 50дөн ашканы менен, эки же андан көп ЖМК менен кызматташып тургандардын саны арбын болуп, коомдук талкууну жараткан иликтөөлөр жасалган эмес.

Жеңиш Айдаров,
“Журналисттер” КБнын Баткен областы боюнча өкүлү

 

II ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Коомдук маанидеги маалыматты берүүдөн негизсиз баш тартуу же чектөө киргизүү

16.07.2019

Президенттин аймактарга иш сапарындагы жолугушууларга журналисттер тандалып киргизилип жатат

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 4-июлда Баткенде иш сапары менен болду. Облустук театрдын имаратында аймактын активи жана коомчулук менен жолугушуусу өттү. Бирок бул иш-чарага президенттик администрациянын тапшырмасы менен журналисттердин көпчүлүгү киргизилбеди. Аларга “тизмеде жок экенсиңер” деген жооптор берилди.

Президенттин иш сапары учурундагы жолугушуудан маалымат алалбай калган журналисттердин бири “BBC”нин аймактагы штаттан тышкаркы кабарчысы Аскар Баймуратовдун пикиринде, журналисттердин тандалып киргизилиши маалымат алууга тоскоолдук болуп эсептелет жана бул атайылап жасалган иш.

“Президент Баткеге күн сайын келип турбайт. Ага кошумча, чек араларда чыңалуу болуп, майда чырлар катталып жаткан учурда президенттин Баткенге келип, жыйын куруп, чек ара боюнча маселеге да токтолуп, кандай тапшырмаларды берээрин баары күтүп жатышкан. Анан ушундай иш-чарага тандалаган гана мамлекеттик ЖМКлардын журналисттерин киргизип коюшканы туура эмес болду. Бул боюнча жергиликтүү бийликке кайрылсак, президенттик администрациядан чечилди, биз билбейбиз деп жооп беришти. Керек болсо, президенттин Баткенге иш сапары менен келээрин көпчүлүк журналисттер укпай да калышты. Президенттик администрациянын таркаткан маалыматын гана алдык. Менимче, болгон нерсени журналисттердин маалымат алуусуна бут тосуу катары кабылдасак болот”, – дейт А.Баймуратов.

Президенттин аймактагы иш сапары учурундагы эл менен жолугушуусу расмий жабык жыйын катары айтылган эмес. Бирок катышуучулар алдын ала бекитилген тизме менен киргизилип, жыйындан маалымат алуу үчүн КТРКнын гана кызматкерлерине гана катышууга уруксат берилди. Аймактык журналисттер бул окуя боюнча түшүндүрүү алыш үчүн облустук бийликтин маалымат кызматына кайрылган. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова бул кадимки эле көрүнүш экенин, акыркы убактарда прездиенттин иш чараларынын дээрлик бардыгы ушундай таризде өткөрүлүп жатканын айтты.

“Мен өз милдетимди аткарып, Баткен облусунун аймагында иш алып барган журналисттердин тизмесин тактап, жыйынга катышу үчүн уруксат алууга ал тизмени прездиенттик администрацияга алдын ала жөнөткөм. Бирок протокол кызматы КТРКнын журналисттери үчүн гана уруксат берди. Ал маселени мен чечпейм. Акыркы мезгилде президенттин аймактарга иш сапары ушундай өтүп жатат. Бардык маалыматтарды президенттин малымат кызматы ЖМКлар үчүн таркатып турат. Аны алууга баарынын мүмүкүнчүлүгү бар. Мен облустук иш-чараларга гана катышуу боюнча журналисттердин дооматы болсо жооп берем”, – деди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Ч.Бердикулова.

Бул Президент С.Жээнбековдун кызматына киришкенден бери Баткен облусуна үчүнчү жолу иш сапары менен келип кеткени. Буга чейин Кадамжай районуна келип, коомчулук өкүлдөрү жана актив менен жолугушуусуна да аймактагы ЖМКлардын жетекчилери катышып, маалымат президенттин маалымат кызматы аркылуу таркатылган. Жолугушу иш-чараларына баардык эле журналисттердин катыштырылбашы мурдакы президенттин мөөнөтү аяктап жаткан учурдан баштап салт болуп калган эле. Экс-президент Алмаз Атамбаев жолугушуу учурунда протоколдун чегинен чыгып, алдын ала даярдалган сөзүнөн сырткары башка да сөздөрдү айтып коюп, аны журналисттер коомчулукка жеткирип, ар түрдүү талкуулар жаралып жатканына байланыштуу ушундай тартип киргизилген. Эми ошол салтты азыркы президенттин администрациясы да улантып жаткандай.

Жеңиш Айдаров,
“Журналисттер” КБнын Баткен облусу боюнча өкүлү

 

17.07.2019

Жалал-Абад: Маалыматка жетүү кепилдиги ишке ашпай жатат

Жалал-Абад областында Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгилеген маалыматка жетүү эркиндигинин кепилдиги ишке ашпай жатат. Бул тууралуу интернет айдыңында сөз болуп, коомчулукка кабар берилген, бирок тийиштүү мамлекеттик органдар, биринчи кезекте КР Өкмөтү жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү органдар буга көңүл буруша элек.

“Кыргызнефтегаз” компаниясы укук талаасынан тыш жашайбы?

Быйыл 27-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондусу “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси Рашит Бостоновго кат жүзүндө суроо-талап менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ушул компания тарабынан 2016-2017-2018-жылдары өндүрүлгөн нефтинин көлөмү, кимдер тарабынан өндүрүлүп жатканы, кайсы жактарга жана канча көлөмдө сатылганы, нефть продуктыларынын уурдалышынын көлөмү тууралуу маалымат берип коюу өтүнүчү билдирилген. Бул суроо-талап ошол эле күнү коомдук фондун өкүлү тарабынан “Кыргынзнефтегаз” компаниясынын маалыматтык байланыш адиси Руслан Абдумуталип уулунун колуна берилген.

Бирок, “Кыргызнефтегаз” суроо-талапка мыйзамдуу мөөнөттө жооп берген эмес. Ал эми “Контент-медиа” коомдук фондусу өзүнүн бузулган укуктарын калыбына келтирүү жана аталган компанияга мыйзамдуу чара көрүү маселеси менен Жалал-Абад областынын прокурору Айбек Турганбаевге 2019-жылдын 18-июнь күнү атайын арыз менен кайрылган. Бирок, коомдук фондунун бул аракетинен да майнап чыкпады, анткени облустун прокурорунун орун басары Р. Нурмаматов 2-июль күнү кол койгон жооп катында “Кыргызнефтегаз” ААКга карата мыйзамдуу чараларды көрө албай турганын билдирген. Буга КР Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктө “Кыргызнефтегаз” акчык акционердик коому жеке менчикте турарлыгы жазылган. Демек, ага карата прокуратура органдары текшерүү иштерин жүргүзө албай турганы себеп болгон. Областтык прокуратура Кыргыз Республикасынын “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинде журналист мамлекеттик органдардан, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга укуктуу деп көрсөтүлгөнүн белгилеп, жеке тартипте сотко кайрылса болорлугун түшүндүргөн.

Азыркы тапта “Конент-медиа” коомдук бирикмеси бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана коомдук маанилүү маалыматты алуу максатында сотко кайрылуу үчүн даярдык көрүп жатат.

Маалыматтык монополия орногон

Жалал-Абад областындагы маалыматка жетүү боюнча жаралган дагы бир көйгөй – жергиликтүү муниципалдык органдардын маалымат берүү боюнча монополия түзгөнү. Бул жагынан Жалал-Абад шаарынын мэриясы мурда болбогон жаңы аракеттерди жасады. Атап айтканда, шаар мэри Мураталы Тагаев терс маалыматтардын журналисттерге жетишин чектөө аракетин колго алып, 2018-жылы 20-ноябрь күнү “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара иштөөсүн уюштуруу жөнүндө” №336-б буйрукка кол койгон. Бул буйрук Кыргыз Ресубликасынын Конституциясына жана аракеттеги мыйзамдарына каршы келери тууралуу кезегинде журналисттер коомчулукка жар салышкан. Анткени буйруктун 1-пунктунда “шаардык муниципалдык ишкана жетекчилерине “шаардын аймагынан чет жакка, башка район-шаарларга, Бишкек, Ош шаарына иш-сапарга чыгууда, массалык маалымат каражаттарына кандайдыр маалымат берүүдө шаар жетекчилиги менен макулдашуу” керектиги жазылган.

Бул буйрукту жана шаар мэринин талаптарын эске алган шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартып, бардык маалыматтарды шаар мэриясынын алдында түзүлгөн Маалымат борборунан алууну сунушташат. Бирок, ар бир маселеде компетенттүү, так маалымат алууну каалаган журналисттер мындай кырдаалга нааразы, анткени маалымат борборунда иштеген кызматкерлер тигил же бул тармактын өзгөчөлүгүн, иштин жөн жайын жакшы билишпейт.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, YouTube социалдык тармагындагы “Малина ТВ” каналынын ээси жана жетекчиси журналист Санрабия Сатыбалдиева шаар аймагындагы болуп жаткан инфраструктуралык курулуш иштерин чагылдыруу максатында шаардагы бир катар мекемелердин жетекчилернинен маалымат алуу аракети оңунан чыкпады. Алар журналисттин кызыккан суроолору боюнча маалымат берүүнүн ордуна өздөрү жетектеген мекеменин иш-аракеттери боюнча маалымат алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборуна барууну сунуш кылышкан. Ал эми Маалымат борборунан да орундуу жооп ала алган эмес, анысы аз келгенсип Маалымат борборундагылар да ага жооп бергиси келишпегенин ачык эле билдиришкен.

“Чолпон ТВ” телеканалынын журналисти Талгат Абдрахманов шаардагы эс алуу бактары, андагы айрым маселелер тууралуу шаардык Турак жай жана көрктөндүрүү департаментинин жетекчисине кайрылган. Бирок ал маалымат берүүдөн баш тартып, бул боюнча кайра эле шаар мэриясынын Маалымат борборуна кайрылууну сунуштаган. Бирок, журналист муниципалдык ишкананын жетекчиси катары мыйзам бузуп жатканы үчүн прокуратурага кайрыларын айткан соң гана ал аргасыздан маалымат берген.

Тилекке каршы, мындай учурлар аз эмес жана аягы да тыйылган жок.

Эмне үчүн жогоркулар унчукпайт?

Бул жогорудагы фактылар, мыйзам бузуулар, маалыматка жетүү эркиндигине чек салынган учурлар тууралуу маалыматтар интернет айдыңында жакшы эле таркатылган. Мындан коомчулуктун гана эмес, жогорку мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, кала берсе Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун да кабары бар. Президентке Жалал-Абад шаарынын терс аракеттери тууралуу болуп өткөн басма сөз жыйыны учурунда түз айтылган жана президент мэрдин аракетин сынга алган. Бирок, баары ошол бойдон кала берди. “Кыргызнефтегаз” компаниясынын жетекчилиги менен Жалал-Абад шаарынын мэринин мындай терс аракеттерине жогорку органдар көңүл буруп, абалды оңдоого аракеттер да болгон жок. Айталы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, анын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү буга көңүл буруп, мыйзамды сыйлоо боюнча кеңештерин айтып коюшса, көрсөтмөлөрдү беришсе, жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болбоду…

Деген менен, КР өкмөтүнүн Чүй областыдагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов кайсы бир журналистке анын өңү жакпаганын айтып коюу менен жогорку бийликтердин терс мамилесине кабылып, кызматынан кол жууганы баарына маалым. Бирок Жалал-Абад шаарынын мэри тууралуу байма-бай айтылган сындар, анын коомго, мыйзамга жат кылык-жоруктары тууралуу көп айтылса да, ага карата эч бир чаралар көрүлбөй келиши көп суроолорду жаратат. Балким, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы болгону буга таасир этип жаткандыр.

Эми бул фактыларга, мыйзамсыз аракеттерге Кыргыз Республикасынын өкмөтү, тийиштүү мамлекеттик органдар көңүл буруп коюшар бекен?

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү

 

19.07.2019

Талас журналисттери областтык ички иштер башкармалыгынан маалыматтарды алууда кыйынчылыктар бар дешет

Талас областынын журналисттери Областтык ички иштер башкармалыгынан (ОИИБ) маалыматтарды алууда бир топ кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар бар экендигин белгилеп келишет.

“Мындан эки жыл мурда Ильяс Касымбаев ОИИБдин башчысы болуп иштеп турган учурда ошондой көрүнүш орун алса, азыр Алмаз Жумабеков иштеп жаткан учурда дагы ошондой эле көрүнүш уланууда”, – дейт областтык «Талас турмушу» гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов.

А.Жумабековдун билдирүүсүндө, ыкчам маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына дайыма билдирип туруу боюнча басма сөз кызматынын жетекчиси Динара Сарногоевага бир нече жолу эскертүү берилген. Бирок ОИИБдин жетекчиси милициянын полковниги Алмаз Жумабековдун расмий билдирүүсү менен иш жүзүндөгү көрүнүш төп келбестигин, укук коргоо органдарынын ичинен облустук прокуратура гана журналисттер менен дайыма тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп жаткандыгын билдирет «Талас турмушу» гезитинин башкы редактору.

ОИИБдеги басма сөз кызматынын жетекчиси Д.Сарногоевага бир нече өтүнүч кайрылуулар жасалганы менен ал эки-үч айда гана айрым маалыматтарды берүү менен чектелип жаткандыгын, ушундай эле көрүнүш сот органдарына да тиешелүү экендигин Козубек Иманкулов белгиледи.

Комментарий:

КР Конституциясынын 33-беренеси, 3-пункту боюнча: “ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери толук ачык, маалымдуу жана айкын болушу керектиги айтылган. “Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесинде журналисттин коомдук маанидеги, жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдык кызыкчылыктарына тиешеси бар маалыматка жетүүсү чектелбеши каралган. КР Конституциясынын 20-беренесине ылайык, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен гана чектелиши мүмкүн жана да киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. А демек, мамлекеттик органдар тараптан маалыматка жетүү укугун чектөө жана журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө жолтоо болуу – мамлекеттин конституциялык кепилдиктерин одоно түрдө бузуу болуп саналат. Ошону менен катар учурдагы мыйзамчылыкта “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн мамлекеттеги кызматтагы адамдарга карата кайсы бир жаза каралган эмес.

 

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

19.07.2019

“Апрель” телеканалы боюнча соттук отурумга доогер, мурдагы акыйкатчы өзү келген жок

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Апрель” телеканалы боюнча өзүнүн доо арызы каралган Октябрь райондук соттук отурумга келген жок. Ал аты аталган ЖМК менен ошол телеканалда эмгектенген журналист Канат Каниметовдон моралдык чыгым катары 600 миң сом талап кылган.

Телеканалдын дарегине жөнөтүлгөн чакыруу баракчасын Бишкек шаардык Октябрь райондук соту жолдогон. Бирок 2019 жылдын 16-июлунда өткөн алгачкы сот отурумуна мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана анын өкүлү катышкан жок. Доо арызды карап жаткан сот телеканалдын юристтерине өз нааразычылыктарын кагаз жүзүндө тапшырууну өтүндү. Келерки сот отуруму 6-августка жылдырылды.

Мурдагы акыйкатчынын айтымында, “Апрель” телеканалы жана анда эмгектенген атайын кабарчысы Канат Каниметов анын кадыр-баркына, ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирген. Ага 2019-жылдын 6-майында аталган каналдын жаңылыктар берүүсүндөгү Азиз Батукаевдин карындашы Хава Хамидованын интервьюсу себеп болгон. Ал интервью 2014-жылы “Московский Комсомолец” гезитине Улукбек Бабакуловдун макаласы катары басылган. Басылманын билдирүүсүндө Хава Хамидова өз сөзүндө анын жолдошу Турсунбек Акунга 100 миң америка долларын Батукаевдин боштондукка чыгышына көмөктөшкөндүгү үчүн берген.

Турсунбек Акун бул маалыматты төгүндөөдөн сырткары “Апрель” телеканалынан өз пайдасына 500 миң сом, ал эми журналист Канат Каниметовдон 100 миң сом моралдык чыгым катары өндүрүүнү талап кылган.

“Апрель” телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложниковдун айтымында, журналисттер өз укуктарын коргоо үчүн колдон келишинче аракет кылышмакчы.

Эскерте кетсек, Турсубек Акун “Журналисттер” КБга: “Апрель” телеканалы менен соттошууну улантам. Бирок, эгерде телеканал расмий түрдө берилген маалыматты төгүндөсө, анда мен ошол замат доо арызды кайтарып алам”, – деп билдирген.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий:

КР Конституциясынын 29-беренесине ылайык, ар бир адам ар-намысынын корголушуна укуктуу. КР Жарандык Кодексинин 18-беренеси боюнча, жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу. Ошондой эле мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укугу бар. Ошол эле кезде “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдын 45-беренеси боюнча, “эгерде ал башка массалык маалымат каражатынын же маалымат агенттигинин материалдарынын ага шилтеме берүү менен кайра берилиши болуп эсептелсе” чындыкка жатпаган маалыматты тараткандыгы үчүн телерадио уюму жана анын кызматкерлери жоопкерчилике тартылбайт. Аталган учурда соттук териштирүүгө берилген сөздөр үчүнчү тараптын башка ЖМКга берген интервьюсунан алынган, демек бул жоопкерчиликтен бошотууга негиз болуп эсептелет.

 

19.07.2019

“Ачык саясат плюс” гезитинин үч соттук териштирүүсү

“Ачык саясат плюс” гезити Октябрь райондук сотунун ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаевге моралдык чыгым үчүн 300 миң сом төлөп берсин деген чечимине карата аппеляциялык доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Эскерте кетсек, эл өкүлү анын аброюна жана ар-намысына шек келтирди деп гезитти сотко берген. Ага гезитте депутат бир саясий партиядан экинчи партияга өткөндүгү айтылып, аны журналисттер “хамелеон” деп аташканы себеп болгон.

Доо арыз берген учурда депутат алгач моралдык чыгым катары 300 миң сом деп белгилеп, кийин ал сумманы эл өкүлү 1 миллион сомго чейин көтөргөн. Бирок сот анын башындагы талабын гана канааттандыраган.

Депутат К.Рыспаев коомчулукка “Ачык саясат плюс” гезити менен бул маселени тынчтык жолу менен чечүүгө барбасын билдирген.

“Айрым маселелер үчүн кечирип койсо болот, бирок бул учурда мен андайга бара албайм. Алар мени жеңил ойлуу кыздар менен хамелеонго теңешти”, – деп билдирди эл өкүлү.

“Райондук соттун чечими менен биз макул эмеспиз. Баса белгилей кетүүчү жагдай, 300 миң сом – бул абдан чоң каражат жана ал депутаттын моралдык чыгымына төп келбеген нерсе. Баса белгилей кетсем, Кожобек Рыспаевдин Жогорку Кеңештеги депутаттар коомдун элитасы болот деп сүйлөгөн сөзүнөн кийин, анын дарегине карата, коомчулукта кандай деген сын-пикирлер айтыла баштады. Социалдык тармактарда ал сөзү үчүн аны биздикинен жаман сөздөр менен аташты. Бирок, негедир, ал сотко бизди гана берди. Менин жеке пикиримде бул – биз оппозициялык маанайдагы гезит болгондуктан”, – дейт гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова.

Башкы редактордун айтымында, алар аягына чейин барууга даяр.

“Эгерде шаардык сот, райондук соттун чечиимин күчүндө калтырса, гезитти жабуу маселеси жаралат. Бирок, депуттатын минтип бизге карата жасаган кысымынан кийин коомчулуктун бизге карата колдоосу күч алды. Жөнөкөй адамдар чогулуп, ошол акчаны чогултуп берүүнү көздөп жатышат. Алар дубандарды кыдырып, акча чогултуу боюнча атайын акция өткөрүүнү сунушташты. Бирок биз элдик демилгени соттун чечими чыккыча күтө туралы деп токтотуп койдук. Учурда Ош, Жалал-Абад жана Чүй аймактарынан көп чалып жатышат”, – деп белгиледи башкы редактор.

Назгүл Мамытованын айтымында, “Ачык саясат плюс” гезитин бул жылы бир нече жолу сотко беришти. Атай кетсек, Саламатыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек жана медициналык жабдуу менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакирова басылмадан 500 миң сомдук доону өндүрүүнү талап кылган. Журналисттер соттон Шакировага кайсыл сөздөр моралдык доо өндүрүүгө түрткөнүн далидөө үчүн лингвистикалык эскпертиза кылууну өтүнүшкөн. Сот макул болуп, учурда анын жыйнытыгын күтүшүүдө.

Ошондой эле бул гезитти прокуратуранын кызматкери Кубан Шатенов дагы Биринчи май райондук сотко берип, ал боюнча басылмадан 50 миң сомдук доо өндүрүлсүн деген соттун сырттан кабыл алган чечими чыккан. Бирок гезит ал чечимге макул эместигин билдирип, шаардык сотко аппеляциялык доо арыз менен кайрылышкан. Азырынча ал качан каралаары так белгисиз.

“Ачык саясат плюс” гезиттин укугун КРнын Медиа акыйкатчысы Акмат Алагушев коргомокчу.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий:

КР Жогорку Сотунун пленумунун «Жарандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча соттук практика жөнүндө» токтомуна ылайык, «моралдык чыгымдын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктап жаткан учурда соттор жарыяланган материалдын мүнөзүн жана мазмунун, чындыкка жатпаган маалыматтын канчалык деңгээлде кеңири таркатылганын жана да башка маанилүү нерселерди эске алып, аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына таянып чыгарышы керек». Аны менен катар доогер коомдук адамбы же жокпу, жоопкер тарап кечирим сурадыбы же жокпу, ушуларды да эске алуу керектиги айтылган. Бирок орду толтурула турган моралдык чыгымды 300 миң сом деп белгилеп жатып сот аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарын четке каккан. Нускасы 2300 (эки миң үч жүз) болгон гезиттин редакциясы үчүн бул чоң сумма. Анан да соттук чечимдин чечмелөө бөлүгүндө мындай чечим эмненин негизинде кабыл алынганы так келтирилген эмес.

 

20.07.2019

КРнын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Азия Ньюс” гезитине карата доо арыз менен сотко кайрылып, 5 млн сом доо өндүрүүнү талап кылууда

Ики иштер министри Кашкар Джунушалиев “Азия-Ньюс” гезитин анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтиргендиги үчүн сотко берди. Бишкек шаардык Октябрь райондук соту бул иш боюнча алгачкы сот отурумун өткөрдү. Анын жыйынтыгында, гезиттин кызматкерлери макала менен анда камтылган фото сүрөткө түшүндүрмө берүү чечими чыгарылган. Бул иш боюнча кийинки сот отуруму 1 августка жылдырылды.

Министрдин жактоочусу Динара Аширалиева ЖМКга карата доо арыздын берилиши “маалыматтын такталбагандыгы жана коллаж” жана сотко кайрылуунун дагы бир себеби министрликтеги кадрдык маселелер камтылган маалыматтар себеп болгондугун билдирген.

«ЖМК тууралу мыйзамда, жарыяланган маалыматтардын тактыгына редакторлор жоопту деп жазылган. Маселе 5 млн сомдо эмес. Журналисттер этиканы сактоо керек жана ар бир фактыны текшерип, тактап анан берүүлөрү зарыл. Бул алардын мидетине кирет», – деп баса белгиледи Динара Аширалиева.

“Азия-Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев кесиптештерине, ага карата ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жана ИИМдин 7-бөлүмүнүн начальниги Бакыт Матмусаев доо арыз менен сотко кайрылышканын кабарлаган.

“Джунушалиев сотторду, тыңшоо менен алектенишкен 7-бөлүм менен коркутуп жатат. Биз “Кашкар-келемиш?” деген суроо камтылган коллаж жасаганбыз. Бул деген, түздөн-туз аны айыптоо мес, суроо иретинде берилген”, – деп баса бегиледи А. Сартбаев.

Өз сөзүндө ал ошондой эле коллаж Матмусаев тууралу дагы жеке ишкерлер менен чиновктерди дагы аңдыйбы деген суроо менен жасалганын кошумчалады.

“Мен аларды күнөөлөгөн эмесмин. Эгерде алар кааласа, жооп беришмек. Бизде алардын кимдир бирөөлөрдүн артынан аңдыгандарынын далилдери бар. Аларды мен сотто гана ачыктай алам. Генерал Өмүрбек Суваналиев бул боюнча сотто өз көрсөтмөсүн берүүгө даяр. Бир кезде анын аркасынан дагы аңдышкан экен”, – деп белгиледи А. Сартбаев.

Белгилей кетүүчү жагдай, милиция жетекчиликтери мурда да “Азия-Ньюс” гезитине карата доо арыздарын беришкен. Буга чейин ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров да бул гезит менен соттошуп, андан 10 миллион сом доо өндүрүүнү талап кылган. Бирок ал кийинчирээк доо арызын кайра кайтарып алган.

2018-жылдын күз айларында аталган гезит парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун 1 миллиондук доо арызынан утулуп калышкан. Бирок кийинчирээк арыз ээси ал акчаны өндүрүүдөн баш тарткан.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий:

КР Конституциясынын 29-беренесине ылайык, ар бир адам ар-намысынын корголушуна укуктуу. КР Жарандык Кодексинин 18-беренеси боюнча, жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу. Ошондой эле мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укугу бар. Ошону менен катар мыйзамчылыкта «коомдук адам» деген да түшүнүк бар. КР Жогорку Сотунун пленумунун «Жарандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча соттук практика жөнүндө» токтомуна ылайык, мамлекеттик кызматтардагы жана/же мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдү колдонгон адамдар, ошондой эле коомдук жашоодо (саясатта, экономикада, көркөм өнөрдө, социалдык айдыңда, спортто жана дагы башка тармактарда) чоң роль ойногон адамдар «коомдук фигура» деп таанылат. Мыйзам боюнча, «мамлекеттик кызматтагы адамдар ЖМК тарабынан иши боюнча сынга алынышы мүмкүн, анткени бул алардын өз милдеттерин ачык айкын жана жоопкерчиликтүү аткарышына шарт түзөт. Коомдук адамдардын ар бир сөзү же кылган иши чагылдырылууга ачык». Демек, коомдук адамдар аларга карата айтылган сын пикирлерди сабырдуулук менен кабыл алышы керек. Ошону менен бирге доогердин моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 5 млн сом талап кылганы аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына туура келбейт. Мындай сумманы коюунун максаты – ЖМКны коркутуу, сот анын талабын аткарса ЖМКнын жабылышы экендиги ачык айкын эле байкалып турат. Мыйзамда моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча суммага чектөө каралбагандыктан, сот өз чечимин сыгарып жатканда аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарын эске алат болушу керек деп күтөбүз.

_______________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.