КР журналисттери менен ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг. Апрель-май, 2019

06.06.2019

Рубрика: Мониторинг, Жалпыга маалымдоо каражаттары

Басып чыгаруунун версиясы

Апрель-май айларында 15 маалымат катталган. Алардын 3сү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 11и журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, 1 – журналисттерге жана ЖМКларга каршы кылмыш иштер же аларды кылмыш ишинде күнөөлөө тууралуу маалымат берет.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү кайрадан башталды

16-апрель, 2019

“Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосунда “Журналисттер” коомдук бирикмеси менен “Институт Медиа Полиси” коомдук фондусу (“ИМП” КФ) биргеликте КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү долбоорун иш жүзүнө ашыра баштады. Долбоор 2019-жылдын аягына чейин эсептелген. Бул тууралуу 16-апрелде Бишкекте өткөрүлгөн пресс-конференцияда жарыяланды.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин ар бир аймактагы кабарчы-байкоочулары журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу бардык фактыларды каттап, ал тууралуу маалыматтык билдирүүлөрдү даярдашат. “ИМП” КФнын юристтери айрым окуялар боюнча юридикалык комментарийин берип турат. Бардык билдирүүлөр “Журналисттер” коомдук бирикмесинин сайтына (http://journalist.kg/) жарыяланып турмакчы. Айдын аягында бардык билдирүүлөр топтолуп, талданып, классификацияланыштырылып бардык кызыкдар тараптарга таркатма түрүндө жиберилет. Жылдын аягында жыйынтыктоочу мониторинг отчету китеп түрүндө басылып чыгарылат.

Байкоочулар катары ар бир аймакта белгилүү журналисттер алынды:

Жалал-Абад областында – Жалил Сапаров, 0555 300-484, 0772 257-564;

Ош областында – Гүлзат Газиева, 0550 288-004, 0778 902-423;

Нарын областында – Күмөндөр Усупов, 0552 435-677, 0772 435-677, 0700 435-677;

Талас областында – Козубек Иманкулов, 0772 655-905, 0701 605-001;

Ысык-Көл областында – Жумагүл Барктабасова, 0771 326-619, 0703 326-619;

Баткен областында – Жеңиш Айдаров, 0550 509-555, 0773 261-027;

Чүй областы менен Бишкек шаарында – Азамат Касыбеков, 0555 923-461.

Долбоордун алкагында журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушун каттоодон сырткары укуктары бузулган тараптарга юридикалык жардам көрсөтүлүп турат.

Ошентип, мониторинг өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын аныктоого объективдүү көрсөткүчтөрдү берүү менен катар журналисттердин жана ЖМКлардын юридикалык жактан корголушун жакшыртууга салым кошот.

Белгилей кетчү нерсе, “Журналисттер” коомдук бирикмеси 2002-жылдан 2007-жылга чейин такай негизде жана 2010-жылы журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүп келген.

Бул жолку мониторинг үчүн мониторинг системасы кайрадан бир караштырылып чыкты – журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна жана аларга юридикалык жана дагы башка жардамдарды көрсөтүүгө басым кылынды.

Эскерте кетсек, 15-апрелде Бишкекте “Журналисттер” КБ КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү боюнча долбоорго тартылган аймактык байкоочулар үчүн окутуу өткөргөн.

 

Ош областы: иликтөө журналистикасынын абалы

20-май, 2019

Кыргызстандын түштүк аймагында акыркы жылдары журналисттик иликтѳѳ жүргүзүү иштери жанданууда. Анткени менен, жакында эле иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковдон 50 млн сом өндүрүү үчүн Оштук ишкер Жалил Атамбаев сотко доо арызын жазып, кайра кайтарып алды. Көмүскө иш жүргүзүп жаткан кумарканаларды изилдөө учурунда эки журналист ур-токмокко кабылды.

Иликтөө жасоого даремет керек

Таир Турсуналиев атындагы медиа-мектептин жетекчиси Данияр Садиев акыркы жылдары Кыргызстандын түштүк аймагында журналисттик иликтѳѳнүн элементтери менен аналитикалык материалдар жасала баштаганын белгиледи:

«Кѳп журналисттер күнүмдүк кабарларды, жаңылыктарды даярдоого гана басым жасашат. Иликтөө үчүн кесипкөйлүк жана тажрыйба керек. Анткени менен, бизде Арген Нуров, Альмира Абидинова, Марат Акимбек уулу, Назгүл Акуновалар журналисттик иликтѳѳнүн элементтери менен аналитикалык материалдарды даярдашууда. Бирок, биздин айрым иликтѳѳ материалдарынан кийин Ош шаардык мэриясы биздин журналисттерди иш-чараларга чакырбай калды», – деди Д.Садиев.

Ал эми «Ош ТВ» телеканалынын башкы директору Керим Калыкулов иликтѳѳ менен алектенген журналисттердин аздыгын бир нече себептерге байланыштырды:

«Биздин телеканал гонорардык система менен иштейбиз. Жогорку калем акы журналисттик иликтѳѳ элементтери менен даярдалган материалдар үчүн коюлат. Бирок, иликтѳѳ материалын даярдоого журналисттердин кесиптик дареметинин жетишсиздиги, маалыматтардын ачык эместиги, маалымат алууга болгон укуктарын аз билгендиги олуттуу себептерден болуп саналат. Ошондой эле журналисттик иликтѳѳлѳрдү даярдатып, эфирге берүүгѳ ар түрдүү объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу ЖМК жетекчилеринин эрки да талап кылынат»,- деди К.Калыкулов.

Маалыматтын жабыктыгы

Иликтѳѳ менен алектенген журналисттердин айтымында, бир катар мамлекеттик органдардан маалымат алуу кыйынга турат.

«Милициядан, прокуратурадан, каржы полициясынан, экотехинспекциядан маалымат алуу татаал. Прокуратура суроо-талапка жооп бербей койгон учурлар кѳп болот: «Тергѳѳ жүрүп жатат», «Ѳз убагы келгенде маалыматты ачыктайбыз» деп коюшат»,- деди «TMG» телеканалынын журналисти Арген Нуров.

Ал эми «НТС» телеканалынын журналисти Гүлжан Алтымышбаева аймактарда иштеген журналисттер үчүн эксперттердин аздыгы жана маалыматка жетүү кѳйгѳйүн айтып берди:

«Мамлекеттик кызматкерлер, аткаминерлер маалыматка ачык эмес, кѳйгѳйлүү маселелер болгондо интервью берүүдѳн баш тартып турушат. Кѳпчүлүк министрликтер, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы борбордо жайгашкан. Региондордо иштеген журналисттер үчүн маалымат алуу татаалдыгы бар», – деди Гүлжан Алтымышбаева.

Журналисттерди «сатып алуу» аракеттери кездешүүдө

Акыркы 5 жыл аралыгында журналисттик иликтѳѳ менен алектенип жаткан Ыдырыс Исаковдун айтымында, шайлоолор сыяктуу ири окуяларда журналисттерге күч колдонгон учурлар болуп келсе, ал эми кайсы бир даректүү маселелер боюнча маалымат алууга барганда, журналисттерге пара берип, сатып алуу аракеттери кездешүүдѳ.

«Журналисттерди соттотуп, каматып жиберем деген сыяктуу опузалоо тенденциялары бар. Бирок, эгер кааласа журналистти сатып алып, аны жалдап кайсы бир душманыма каршы колдоном деген түшүнүк эл арасында пайда болду. Жетекчилер журналист менен согушуп, же аны менен соттошууга караганда акча менен сатып алуу арзанга түшѳөрүн билип калышты. Ошонун айынан жеке телеканалдарда сапаттуу маалымат чыкпай калды», – деди «Азаттык» радиосунун Ош облусу боюнча журналисти Ы.Исаков.

Журналисттерге пара берүү аркылуу сатып алуу аракеттери кѳп кездешип жатканын бир катар журналисттер жана ЖМК жетекчилери да баса белгилешти.

ЖМК ээлеринин эрки керек

Арген Нуровдун пикиринде, журналисттик иликтѳѳ Кыргызстанда жакшы деңгээлде ѳнүгѳ элек, иликтѳѳ ишине ЖМК жетекчилери тарабынан да олуттуу кѳңүл бурулбай жатат.

«Мен мурда иштеген телеканалда журналисттик иликтѳѳ иштерине жетекчилик жакшы кѳңүл бурчу эмес. Менин баамымда, мыйзам бузуулардын бетин ачкан материалдардын даярдалышына жетекчилик ѳзү кызыкдар эмес сыягы», – деди Арген Нуров.

«Журналисттик иликтѳѳ аракетин кѳргѳн журналисттер коомдогу терс кѳрүнүштѳрдүн бетин ачкан материалдарды даярдашканы менен, айрым ЖМК кожоюндары аны эфирге чыгарбай, журналисттердин шаабайын сууткан учурлар болот, – деди Ыдырыс Исаков. – ЖМК жетекчисинин кѳз карандылыгынан улам курч мүнѳздѳгү материалдар эфирге чыкпай калат. Жеке телеканалдардын ээлери бир эле убакта ишкердик жана саясий кызыкчылыгын коргогусу келет».

Ал эми Т.Турсуналиев атындагы медиа мектептин жетекчиси Данияр Садиев журналисттик иликтѳѳлѳрдүн аз жасалып жатканы редакциялык саясаттын кѳз карандылыгынан деп эсептейт:

«Ар бир медианын артында бир чиновник, же бир саясий фигура турат. Иликтеп келгенде эле бирѳѳнүн башы кылтыйса, бир телефон чалуу менен иликтѳѳ токтоп калат. Аны эфирге чыгаруу баарынын эле колунан келе бербейт», – деди Д.Садиев.

«Идар Медиа» мекемесинин жетекчиси Тургунбай Алдакуловдун пикиринде, журналисттер ѳз коопсуздугу үчүн тобокелге баруудан карманышат:

«Укук коргоо органдарына болгон ишеним жок. Эгер кылмыш иши козголсо, журналистти коргоп ала турган ЖМК кѳзкарандысыз болушу керек. Ошондой эле Кыргызстандагы тууганчылык мамилелер, уруучулук түшүнүктѳр журналисттик иликтѳѳгѳ терс таасир эте турган жагдайлар», – деди Т.Алдакулов.

Иликтөөчү журналисттер сабалды, сотко чакырылды

Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген иликтѳѳсүнѳн кийин, апрель айында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы текшерүү иштерин баштап, айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, учурда Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык тѳлѳѳдѳн жана милдеттүү тѳлѳмдѳрдѳн качуу») боюнча текшерилип жатат.

Көп өтпөй, иликтөөдө башкы фигура аталган ишкер Жалил Атамбаев журналист Ы.Исаковдон 50 млн сом өндүрүү максатында сотко доо арызын жазып, кайра арызын кайтарып алды. 20-май күнү ошол тосмо арыз боюнча соттук териштирүү өтөт.

Өткөн аптада болсо, «Азаттык» радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков жана «Нур» телеканалынын журналисти Даткабек Шабданбеков Ош шаарында көмүскө иш жүргүзүп жатат делген кумаркананы иликтөө учурунда ур-токмокко кабылышты. Журналисттердин бети-колдору сыйрылып, колдору кайрылып, кийимдери тытмаланды.

Иликтөө менен алектенгиси келген журналисттер ушундай инциденттерден кийин чоочулап калган жокпу деген пикир жаралат. Көмүскө кумаркананын күзөтчүлөрү тарабынан ур-токмокко кабылган журналист Даткабек Шабданбеков мыйзам бузуу фактыларын коомчулукка алып чыгып, шардана кылынганы менен бийлик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлбөй жатканын баса белгиледи:

«Журналисттер далил-фактылары менен көрсөтүп, мыйзам бузууларды ЖМК жана соцтармактар аркылуу жарыялап жатса да, ага бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан укуктук баа берилбей келатат. Жыйынтык, тыянак болбой жатканы үчүн иликтөө менен алектенген журналисттердин көӊүлү суздап кетип жатат», – деди Д.Шабданбеков.

Ош облусунда 10 телеканал, 3 радио, 10дон ашуун шаардык жана аймактык гезиттер иш жүргүзөт.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Ош областы боюнча өкүлү

 

Журналист бейтааныш адамдардын кызыгуусун жана телефон чалуусун түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейт

31-май, 2019

Politmer.kg жана factcheck.kg сайттарынын журналистти Наргиза Нанакеева МУККнын (Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Кызматынын) кызматкеримин деп өзүн тааныштырган бейтааныш адамдардын кызыгуусун жана телефон чалуусун түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейт.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 28-майында журналист Фейсбуктагы өз баракчасына редакциянын дарегине келип түшкөн коркутуулар тууралуу түшүндүрмө жазган.

Журналист Наргиза Нанакеева “Журналисттер” коомдук бирикмесине төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

“Акыркы күндөрү биз журналисттик иликтөөлөрдү жасап келе жатабыз. Мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин декларацияларында көрсөтүлбөгөн кирешелерине көп көңүл бурабыз. Биз мамлекеттик кызматкерлерге бизнес менен шугулданууга тыюу салган кызыкчылыктардын карама-каршы келиши жана мамлекеттик жарандык кызматтар жана муниципиалдык кызматтар тууралуу мыйзамдарга таянуу менен иш алып барабыз. Биз мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин чыныгы байлыгын көрсөтүүгө аракеттенебиз. Алгачкы макалаларыбыз акимдердин кылган бизнестери жөнүндө болгон. Андан соң Аскарбек Шадиев тууралуу дагы материалды даярдаганбыз. Алар боюнча бизге эч ким кайрылган эмес. Андан кийин Раим Матраимов жөнүндө иликтөөбүздүн биринчи бөлүгү жарык көрдү”.

Ошол эле күнү Н.Нанакеева Фейсбукка дагы бир пост жазган. Анда болгон окуяны Матраимовдордун үй бүлөсү тууралуу материал менен байланыштыруу туура эмес болуп калаарын билдирген. “МУККнын өкүлдөрү мага апрель айынын аягында “келе” башташкан, ал эми Матраимов жөнүндө макала биздин factcheck.kg сайтыбызга кечээ күнү 2019-жылдын 27-майында гана жарыяланган”, – дейт журналист.

Н.Нанакееванын сөзү боюнча, ал башында өзүн МУКК кызматкеримин деп тааныштырган адамдын келишине көп маани берген эмес. Ага энеси чалгандан кийин тынчсыздана баштаган. “Ошол окуядан кийин мага энем чалып, тынчсызданганын билдирген. Мен бул адамдар чынында эле МУККтун кызматкерлери деп толук ишенимдүү айта албайм. Биздин иликтөөлөрдү жактырбагандардан, атайын кызматтын атын жамынгандардан болуп калышы ыктымал. Муну түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейм”, – дейт ал.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси бул окуя тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен улуттук коопсуздук кызматына расмий кат жолдоду.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек боюнча өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Коомдук маанидеги маалыматты берүүдөн негизсиз баш тартуу же чектөө киргизүү

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу жаңы өкүлү журналисттерге маалымат алуу жеңилдейт деп убада берди

8-май, 2019

Чек арадагы чырлар жана чек арага байланышкан маселелерде облустук бийликтен маалымат алуу оор болуп келген. Мындай пикирин 7-каналдын Баткен облусундагы кабарчысы Нургазы Жайнаков билдирди. Анын айтымында, Чек арадагы чырлар учурунда расмий маалымат жоктугу, облустук бийлик учурдагы абал тууралуу комментарий бербегендиги журналисттер үчүн өз милдетин аткарууга чоң жолтоо болуп келет.

Мисалы, 2018-жылдын август, октябрь айларында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атуулар болгон учурда расмий бийликтен комментарий алалбай, жергиликтүү тургундардын маалыматы менен гана чектелип жатышты. Бул боюнча бир нече жолу облустук бийликке, жеке губернаторго (ошол учурдагы губернатор Абиш Халмурзаев) кайрылуу натыйжасыз кала берген. Ал эмес 2019-жылдын март айындагы чек арадагы окуяга байланыштуу маалыматты журналисттерге берген облустук бийликтин өкүлдөрүнө жетекчиликтен эскертүү да берилген.

Облус жетекчилигинин алмашуусу менен журналисттердин маалыматка жетүүсү жеңилдей тургандай. Апрель айында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Акрам Мадумаров өткөн жумада Батен облусунун аймагында иш алып барган жана жергиликтүү ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуунун жол-жоболорун талкуулашты.

Жолугушуу учурунда ЭлТРдин аймактык кабарчысы Улан Маккамбаев маалыматка жетүү багытында маселе бар экенин Акрам Мадумаровго айтты.

“Акыркы 2-3 жылдан бери чек аралаш аймактарда, чыр-чыккан учурларда жергиликтүү бийлик облус башчысынын тапшырмасына ылайык баары жаап-жашыруу менен алек болушат. ЖМК кызматкерлери үчүн маалымат бербей коюшат. Такталган расмий маалымат берилбегенден кийин ар кандай ушактар чыгып, чагымчыл маалыматтар таркап кетиши мүмкүн. Чек арадагы окуялар жергиликтүү бийликтин маалымат берүүсүн күтүп олтурбайт экен”, – деди У.Маккамбаев.

Журналисттин облус жетекчисине айткан маселеси дароо эле аймактык кабарчылар тарабынан колдоого алынды. Журналисттердин койгон маселеси боюнча дароо ошол жерден эле жаңыдан облус жетекичилигине дайындалган Акрам Мадумаров жооп берди.

“Биз ачык болуп, туура, обьективдүү маалымат таркатууга кызыкдар болушубуз керек. Антпесе маалыматтын жоктугу да чек аралаш аймактагы чыңалуунун андан ары күчөп кетишине себепчи болуп калышы мүмүкүн. Ошондуктан биз маалымат алуу жана таркатуу боюнча атайын маалымат катчысына ушул жерден тапшырма берем. Мындан ары журналитсттер менен кызматташуу бир ыңгай жолго коюлат. Кайсыл бир журналист облустук бийликке келип маалымат алалбай кеттим деген болбойт. Мурдакыга салыштырмалуу абал өзгөрөт, кызматташуу да жеңилдейт”, – деди Акрам Мадумаров.

Облус жетекчиси менен журналисттердин жолугушуусун жылына эки жолу өткөрүп туруу сунушталды.

Журналисттер менен облус жетекчилиги тарабынан жолугушуудан кийин маалымат катчысы Чолпон Бердикуловага атайын тапшырма берип, кээ бир темалар боюнча комментарий берүүгү укуктар берилген. “Маалымат алуу боюнча атайын иш мерчем иштеп чыгуу жана кызматашууну жакшы жолго салуу үчүн тапшырмалар берилди”, – дейт пресс-катчы Чолпон Бердикулова

Баткен облусунда республикалык жана эл аралык ЖМКлардын 10дон ашык өкүлдөрү иштейт. Ошондой эле 1 жергиликтүү радио, бир облустук телередиокомпания, 6 гезит иш алып барат.

Жеңиш Айдаров,
«Журналисттер»
КБнын Баткен областы боюнча өкүлү

Комментарий:

2006-жылдын 28-декабрында кабыл алынган №213 «КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери ачык, айкын жана маалымдуу болуп саналат. Жеткиликтүүлүгү чектелүү маалыматтарга мамлекеттик сырлар жана купуя маалыматтар кирет. Жогоруда аталган мыйзамдын 21-беренесине ылайык “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын басмасөз кызматтары, ошондой эле калк менен маалыматтык иш алып барууга жооптуу кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иши жана чечимдери жөнүндө маалыматтар жана материалдар менен жабдууга, кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү”.

 

Жалал-Абад шаарынын мэри маалыматтык монополия орнотту

20-май, 2019

Жалал-Абад шаарында маалыматка жетүү эркиндиги чектелип, шаар жетекчиси тарабынан мэриядагы булактардан маалымат алууга жана таркатууга монополия киргизилди. Айрым эксперттер муну айрым бир аймактардагы сөз жана басма сөз эркиндигин чектөө, басмырлоо катары кабыл алышууда.

Жетекчилер маалымат берүүдөн баш тартышууда

Жалал-Абад шаарынын тургуну, YouTube социалдык тармагындагы “Малина ТВ” каналынын ээси жана жетекчиси Санрабия Сатыбалдиева шаар аймагындагы болуп жаткан инфраструктуралык курулуш иштерин чагылдыруу максатында шаардагы бир катар мекемелердин жетекчилернинен маалымат алуу аракети оңунан чыкпады. Алар журналисттин кызыккан суроолору боюнча маалымат берүүнүн ордуна өздөрү жетектеген мекеменин иш-аракеттери боюнча маалымат алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборуна барууну сунуш кылышкан.

Алсак, быйылкы жылы шаар боюнча бир катар инфраструктуралык курулуш иштери башталып, өткөн жылы аяктабай калган курулуш иштери да аягына чыгууда. Ушул аткарылып жаткан иштердин жүрүшү боюнча С. Сатыбалдиева шаардык Капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси Акылбек Нуркуловго кайрылган. Бирок, А.Нуркулов мэриянын бул иштер тууралуу маалыматты шаар мэриясынын алдындагы Маалымат борборунан алууну сунуштап, маалымат берүүдөн баш тарткан.

Журналист С.Сатыбалдиеванын ушундай эле маалымат алуу аракети шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинде да ишке ашкан жок. Журналисттин шаарда түнкү жарыктандыруу, жол чырактарын орнотуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу берген суроосуна ал ишкананын жетекчиси Саидибраим Жакыпов жооп берүүдөн баш тартып, маалыматты шаар мэриясынын алдындагы Маалымат борборунан алуу зарылдыгын айткан.

Тилекке каршы, журналисттер кызыккан маалыматтарды журналисттерге берүүдөн баш тартуу жогорудагы аталган жетекчилерге гана эмес, башкаларына деле мүнөздүү көрүнүш. Мындай нерсе мындан мурун анчалык байкалган эмес болсо, акыркы кездерде ачык байкалып, журналистердин ишинде кыйла убаракерчиликтер пайда болду. Ал эми шаардык ишканалардын жетекчилеринин арасындагы мындай терс көрүнүш шаар жетекчилигинин санкциясы болбосо жүз бермек эмес.

Маалымат борборунан зарыл маалымат алууга мүмкүн болбоду

Деген менен, шаар мэриясынын алдындагы Маалымат борбору муниципалдык маалымат саясатын иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу Кыргызстанда аналогу жок мекеме болуп эсептелет. Ал шаар мэриясы тарабынан 2015-жылы түзүлүп, азыркыга чейин муниципалитеттеги иш-аракеттерди коомчулукка кабарлоо, коомчулуктун кайчы байланышын камсыз кылуу багытында иштеп келет. Бир сөз менен айтканда, шаардагы мекеме-ишканалардын иш-аракеттеринин коомчулукка жеткирүү жагынан алар менен тыгыз иш алып барат.

Бирок, шаардык мекемелердин ордуна алардын иш-аракеттери тууралуу маалыматтарды бериши, шаарда ушундай тартип киргизилиши көп маселелерди жаратат. Анткени Маалымат борборундагы журналисттер тигил же бул маселелер боюнча адис эмес, ошону үчүн алардын маалыматтары жеткиликтүү жана толук боло албайт. Ошол себептүү да С.Сатыбалдиева Маалымат борборунун директорунан шаардагы жол курулушуна тиешелүү айрым маселелер боюнча толук, зарыл маалыматтарды ала алган эмес, борбордун директору ал маселелер боюнча маалыматар анда жоктугун моюнга алган.

Шаардагы болуп жаткан ар кандай иштер боюнча журналисттерге анык, так жана толук маалыматтарды ошол иштерди алып барып жаткан тигил же бул ишкананын адистери гана бере алышат, анткени иштин спецификасы аларга гана маалым.

Шаар мэри Конституцияга, президенттин позициясына каршыбы?

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев бул кызматта 2018-жылдын июнь айынан баштап иштеп келатат. Ага чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеген жана шаардагы болуп жаткан кемчиликтерди коомчулукка жеткирүү жагынан журналисттер менен тыгыз иш алып барган. Бирок, ал шаардын аткаруу бийлигине өтүү менен өзгөрүп, терс маалыматтардын журналисттерге жетишин чектөө аракетин колго алган. Ошол максатта 2018-жылы 20-ноябрь күнү “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара иштөөсүн уюштуруу жөнүндө” №336-б буйрукка кол койгон.

Бул буйрук Кыргыз Ресубликасынын Конституциясына жана аракеттеги мыйзамдарына каршы келери тууралуу кезегинде журналисттер коомчулукка жар салышкан. Анткени буйруктун 1-пунктунда “шаардык муниципалдык ишкана жетекчилерине “шаардын аймагынан чет жакка, башка район-шаарларга, Бишкек, Ош шаарына иш-сапарга чыгууда, массалык маалымат каражаттарына кандайдыр маалымат берүүдө шаар жетекчилиги менен макулдашуу” керектиги жазылган.

Эгер шаар мэри кол койгон бул буйруктун текстиндеги грамматикалык жана стилдик каталарды эске албаганда да, анын 1-пунктунын мазмуну Кыргыз Республикасынын Конституциясына, аракеттеги мыйзамдарына караманча каршы келет. Анткени, КР Конституциясынын 31-беренесинин 2-3-пункттарында жарандар сөз жана басма сөз эркиндигине ээ экени, эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эместиги, ал эми 33-берененин 3-4-пункттарнда мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралуу маалыматтарды алуу укугу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилди айтылган.

Анан калса, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамында Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери ачык, айкын жана маалымдуу экени, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүгө ар кандай чектөөлөрдү коюуга тыюу салынары ачык жазылып турат. Ал эми Кыргыз Республикасынын “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамында цензурага жол берилбестиги тууралуу ачык көрсөтүлгөн.

Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаевдин жогорудагы буйругуна байланыштуу жергиликтүү журналисттер тигил же бул ишканага барып, ал жердеги ишмердик тууралуу маалымат ала албай жатышат. Ишкана жетекчилери тарабынан маалымат берүүгө чектөө киргизилип, расмий маалымат таркатуу багытында шаар мэриясы монополия түздү. Бул Конституцияда көрсөтүлгөн демократиялык, ачык коом прициптерине туура келбейт.

М. Тагаевдин мыйзамсыз аракети Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго да маалым. Өлкө башчысы 2018-жылы 19-декабрда биринчи жолу басма сөз жыйынына чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берген. “Ачык саясат” гезитинин редактору Назгүл Мамытова Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаев жогоруда биз сөз кылган буйрук аркылуу сөз жана басма сөз эркиндигине чектөө киргизгенин айтып, президенттин буга карата позициясын сураган. Президент шаар мэринин бул аракети туура эмес экенин ачык билдирген.

Бирок, М.Тагаевдин буйругу азыркыга чейин күчүндө. Ошонун кесепетинен азыркы учурда да журналисттер тигил же бул шаардык ишканадан маалымат алууда ар кандай чектөөлөргө, андан улам келип чыккан убаракерчиликтерге дуушар болушууда.

Корутунду

Областтагы прокуратура органдары а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарбагандык; б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык; в) Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын бузгандык фактыларын карап, бузулган укукту калыбына келтирүү аракеттерин жасайт деген ишеничтебиз. Прокуратуранын андай аракеттери үчүн керек болгон жүйөөлөр журналисттер тарабынан берилери анык.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер”
КБнын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү

 

Нарындагы маалымат алуудагы кыйынчылыктар

31-май, 2019

“Теңир Тоо” гезити Нарын дубаны боюнча жападан жалгыз облустук алкактагы басылма болуп саналат. Мамлекеттин бюджеттен каржыланган бул гезит “облустук коомдук-саясый” деген макамга эгедер. Бирок буга карабай мамлекеттик органдардардан маалымат алууда кыйынчылыктар бар экендигин гезиттин өкүлдөрү белгилешүүдө.

Маселен, гезиттин атайын кабарчысы Айзаада Кадыркулова Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Нарын район аралык эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынан тиешелүү маалымат ала алган эмес.

“Нарын шаардык жана райондук башкармалар биригип бир башкармалык болгон. Районду тейлегендер мен сураган ардагерлер, тылдагылар боюнча маалымат беришти. Ал эми шаар берген жок. Жылдыз билет дешкенинен ага барсам, ал шылтоо айтып башка бөлүмгө, алар кайра жанакы Жылдыз дегенине жиберишти. Ошол учурда башкармалыктын жетекчиси жок экен. Убакыт тартыш болгондуктан эч кандай маалымат ала алган жокмун”, – дейт А.Кадыркулова.

Ушул гезиттин дагы бир атайын кабарчысы Максат Абдракунов мындай кыйынчылыкка бир айдан бери тушугууда экендигин айтты. “Аскер ардагерлери боюнча маселе көтөрүлгөн. Бирок мен, бир айга жакын убакыт болду, Тайлак баатыр атындагы №2025-чек ара аскер бөлүктөн толук маалымат ала албай жатам”, – деди ал.

Ал эми “Турмуш” сайтынын кызматкери Кенжебай Кыдыров айрыкча бийликтеги атка минерлердин маалымат алуу өзгөчө оор болоорлугун белгиледи.

“Негизи жетекчилер толук маалымат бербейт. Алардын көбү мамлекеттик ЖМКларга башкача, калгандарга башкача мамиле кылышат. Беришсе да үстүртөдөн, минтип эле коюңуз, же таптакыр жөн эле коюңузчу деп турушат. Айлалары кеткенде анан орун басарларына жөнөтүшөт. Алар “шефтин” уруксааты жок деп алакан жайышат. Айтор кутулушат же жалдырашат. Ошентип так, туура маалымат жазылбай калат”, – дейт К.Кадыров.

Ошол эле кезде айрым журналисттер маалымат алуу журналист үчүн кыйынчылык жаратпашы керек деген ойдо. “Теңир Тоо” гезитинин саясый баяндамачысы Гүлзаада Турдалиеванын пикиринде: “Маалымат булагын тапсаң, аны алуу оңой эле. Мисалы, менде маалымат алууда анчалык кыйынчылык деле, көйгөй деле жок”.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
“Журналисттер”
КБнын Нарын областы боюнча өкүлү

Комментарий:

2006-жылдын 28-декабрында кабыл алынган №213 «КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери ачык, айкын жана маалымдуу болуп саналат. Жеткиликтүүлүгү чектелүү маалыматтарга мамлекеттик сырлар жана купуя маалыматтар кирет. Бирок бул тариздеги маалыматка жетүү үчүн жазуу жүзүндө суроо-талап жиберип, суроо-талап кылынган маалыматты так туюнтуу абзел.

 

Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз тоскоолдук кылуу

Журналисттерди Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Кеңешинин жыйынынына киргизбей коюшту

14-май, 2019

Жогорку Кеңештин “Кесиптик уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору талкуулана турган Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (КПФ) Кеңешинин жыйынына журналисттерди киргизбей коюшкан.

Көз карандысыз “Шаман ТВ” журналисттик иликтөөлөр тобуна кирген Булат Сатаркуловдун маалыматы боюнча, аларды 3-майда өтө турган КПФ Кеңешинин жыйынын чагылдырып берүүгө чакырышкан.

“Мени Профсоюздар федерациясынын Кеңешинин мүчөлөрү чакырып, түз эфирди уюштуруп берүүнү суранышкан. Азыр профсоюздарга байланыштуу жаңы мыйзамдык нормалар кабыл алынып жатпайбы, ал жакта көптөгөн талаштуу жерлер бар”, – деди ал.

Журналисттер аны менен кошо кадр маселелерин да чагылдыра кетели дешкен. Эскерте кетсек, Бишкек шаардык сот Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакунов кызмат ордунда мыйзамсыз отурат деген чечим чыгарган. Доогерлердин таламын жактаган юристтеринин айтымында, учурдагы профсоюздар жетекчисинин документтери жасалма жана профсоюздук уюмдарда иштеген стажы жок. Ушул маселе боюнча федерациянын Кеңеши эки жаат болуп бөлүнүп кеткен.

“Мен түз эфирди уюштуруу үчүн жабдыгымды орноттум. Бирок жыйынга катышкандардын айрымдары менден уруксат кагазды сурай башташты. ЖМК тууралуу мыйзамда ушуга окшош иш-чараларды чагылдырууга тыюу салынган эмес. Ал эмес соттук жыйындарда да биз алгач тарта баштайбыз, анан гана сот же уруксат берет, же тыюу салат. Тыюу салынбаган нерселердин бардыгына уруксат берилген. Профсоюздар федерациясынын залы бардык адамдар үчүн ачык жана да бул жыйын коомдун кызыгуусун жараткан иш-чара. Андан сырткары Кыргызстанда эмгектенген ар бир жаран Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна акча которот, ошондуктан бул уюмда эмне болуп жатканын билүүгө акылуу”, – деген жүйөөлөрүн келтирди Б.Сатаркулов.

Журналист билдиргендей, КПФ жыйындары адатынча жабык түрдө өтөт. Бул жолу да камера менен тартууга тыюу салышты – бирок эмне үчүн, түшүнүксүз. Ошол эле кезде федерациянын Кеңеши жыйын жабык түрдө өтсүн деп добуш берген эмес.

“Администратор келип, биз эмненин негизинде тартып жатканыбызды сурады. Андан кийин жеке менчик агенттиктин күзөтчүлөрүн чакырышты, мен залдан чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Ошол эле кезде менин айрым аппаратурам, буюмдарым, рюкзагым залда калып калды. Аларды алайын деп кайтып келгенимде, мени киргизбей коюшту. Күзөтчүлөр коркутушкан жок, бирок каршылык көрсөтө турган болсом, аппаратурамды алып калышып, күчкө салып чыгарып коюшмак. Фойеде турганбызда да алгач жолтоо кылганга аракет кылышты. Бул уюмда эмне болуп жатканын эл билбесин деп жатышат окшойт”, – деди Б.Сатаркулов.

КПФнын басма сөз катчысы Мира Осмоналиева журналисттин жыйынга киргизилбегенин тастыктады.

“Жыйында уюмдун ички маселелери талкууланган. Кеңештин курамына тармактык профсоюздардын жана областтык комитеттердин жетекчилеринен турган 29 адам кирет. Жыйындын ачык өтүшүн алар гана чечет. Андай чечим кабыл алынганда жыйынга бардыгы киргизилет, ЖМКлар дагы. Бул жолку жыйын жабык түрдө өткөн. Бул Кеңештин чечими болчу. Жыйынга секретариаттын кызматкерлери гана катышты, ал эмес бөлүмдөрдүн жетекчилерин катыштырышпады”, – деди ал.

М.Осмоналиеванын сөзү боюнча, КПФ – бул коомдук уюм, бирок ал күнү Кеңештин мүчөлөрү жыйынды жабык түрдө өткөрүүнү туура көрүшкөн. Ал жыйында сыр болуп эсептелген каржы же башка темалар талкууланган жок. Ал жакта Жогорку Кенештин “Кесиптик уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору талкууланган.

“Журналисттердин чыгып кетүүсүн суранышты. Эч кимге күч колдонулган жок. Алар жыйындын аягына чейин фойеде күтүп отурушту. Андан кийин макул болгон Кеңештин мүчөлөрүнөн интервью алалышты”, – деп кошумчалады КПФнын басма сөз катчысы.

“Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Акмат Алагушевдин айтымында, КПФ тарабынан мыйзамчылыктын нормаларын ачык түрдө бузуусу болгон эмес. Бирок ошол эле кезде, бул уюмдун коом алдында ачыктыгы боюнча ар-түрдүү күмөн ойлор жаралат. Болгондо да журналисттерди КПФ Кеңешинин мүчөлөрү өзүлөру чакырып жатса.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

 

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду ишкер Атамбаев сотко берди

29-апрель, 2019

Оштук ишкер Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Ыдырыс Исаковдун үстүнөн Ош шаардык сотуна доо арызы менен кайрылып, журналисттен 50 миллион сом өндүрүп берүүнү суранды.

Ошондой эле Атамбаев өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөштөрү Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновдон да 5 миллион сомдон өндүрүүнү суранган. Алар Ы.Исаковдун журналисттик иликтөөсүндө Ж.Атамбаевден ишкердикке кошкон өз акчаларын кайтара албай жүргөнү жөнүндө маалымат беришкен.

Ж.Атамбаевдин өзү менен бул доо арызы боюнча байланышууга азырынча мүмкүн болбоду.

Иликтөөчү журналист Ы.Исаков ага карата соттук иш ачылганы тууралуу кабардар экенин айтып, буларга токтолду:

«Жалил Атамбаев мени сотко бергенин уктум, кадыр-баркыма шек келтирди деп. Журналисттик иликтөөдө мен Жалил Атамбаевден маек-жооп алганга аракет кылганмын. Ошондой деп айтылганы иликтөө материалда да бар. Азыр да анын пикирин угуп, сөз берүүгө даярбыз. Эгер ал сот аркылуу гана сүйлөшөм десе, анда сотто көрүшөбүз», – деди Ы.Исаков.

Эскерте кетсек, 17-апрелде «Азаттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Ы.Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» деген аталыштагы журналисттик иликтөөсү жарык көргөн. Анда журналист көмүскө экономиканын айынан мамлекетке жылына 40 млрд сом түшпөй каларын, о.э. ишкер Ж.Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары жөнүндө маалыматтарды баяндаган.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 22-апрелде билдиргендей, текшерүү иштерин баштап, айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Учурда Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жалил Атамбаев 1965-жылы Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган. Ал милициянын отставкадагы полковниги.

Гүлзат Газиева,
“Журналисттер” КБнын Ош областы боюнча өкүлү

Комментарий:

КР Конституциясынын 29-беренеси боюнча ар бир адам ар-намысын жана кадыр-беркын коргогонго укуктуу. КР Жарандык кодексинин 18-беренесине ылайык, жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу. Мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Доогердин 50 млн сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтуруу талабы аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына туура келбейт, бирок ал мыйзамдуу талап болуп эсептелет, анткени, моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүнө чек коюлган эмес.

 

“Апрель” телеканалы Бишкек шаардык соттун чечимине аппеляция менен Жогорку сотко кайрылууда

6-май, 2019

“Апрель” телеканалы Бишкек шаардык соттун 2-майдагы чечимине аппеляция менен Жогорку сотко кайрылууда. Шаардык сот журналисттерди экс-спикер Акматбек Келдибековго жана саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Бул тууралу “Журналисттер” КБга “Апрель” телеканаланынын генералдык директору Дмитрий Ложников билдирди. “Бишкек шаардык соттун чечими бизди абдан таң калтырды. Себеби, буга чейинки биринчи инстанциядагы сот төгүндөөнү гана талап кылган. Бизди коргогон Медиа Полиси Институтунун юристтери сотко лингвистикалык экспертизаны беришкен. Ага чейинки райондук сот ушундай экспертизаны жүргүзүү өтүнүчүбүздү четке каккан эле. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, биз бардык пункттар боюнча ак болуп чыктык. Доогерлер болсо алардын тууралыгын тастыктаган эч бир жаңы аргументтерди беришкен эмес”, – деп кошумчалады ал.

Дмитрий Ложниковдун сөзү боюнча, 300 миң сом Кыргызстандагы кайсы гана ЖМК болбосун өтө чоң сумма. “Бизде мындай каражат жок, андай каражаттын болушу да күмөн. Биз азыр эптеп-септеп жан багып келе жатабыз. Учурда жарнамалык рыноктогу абал татаал. Эгерде ишибиз оңунан чыкпай калып, бизди бул акчаны төлөп бергенге мажбурлай турушкан болсо, анда биз жаңы контентти өндүрүүгө каралган каражаттарды кыскартууга аргасыз болобуз. Телеканалдардан ата-мекендик контентти өндүрүүнү талап кылган республикабыздын мыйзамдарын аткарууга “Апрель” дайыма аракет кылып келген”, – деди ал.

Медиа Полиси Институтунун маалыматы боюнча, шаардык сот аны менен катар экс-президент А.Ш.Атамбаевден доогердин ар-бирине 100 миң сомдон өндүрүү тууралуу биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган. Ушуну менен экинчи инстанциядагы сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин бир аз өзгөрткөн. Биринчи чечим боюнча “Апрель” төгүндөөнү бериши керек болчу, ал эми экс-президент төгүндөө берүү менен кошо ар-бир доогерге 100 миң сомдон төлөп бериши керек эле.

“Доогерлер каалагандай доо бере алышат, бирок сот адилеттүү, демократиялык коомго туура келген чечимдерди чыгарышы керек. Балким доогер саясатчылар ЖМКлар ушунчалык өлчөмдөгү каражатты төлөп бере алышат деп ойлошоттур, бирок бул тармакты биз жакшы билгендиктен, 300 миң сом – өтө эле көп экенин айта алабыз. Анан да ЖМК жөн гана өз ишин аткарып, саясатчы Атамбаевге өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берген эле”, – деп эсептейт Медиа Полиси Институтунун директору Бегаим Үсөнова.

“Жоопкерчиликке жыгуу чарасы катары моралдык зыянды компенсациялоо айрым учурларда гана колдонулушу керек. Анткени ата мекендик ЖМКларды каржылык жоопкерчиликке жыгуу анын ишмердүүлүгүн чектөө механизми болуп эсептелет, а бул болсо, коомдогу көп пикирдүүлүктү чектейт. Мыйзам талабы боюнча, моралдык компенсациянын өлчөмү утулган тараптын мүмкүнчүлүгүнө жараша жана адилеттүү болушу зарыл. Бул сумманы аныктаган соттук коллегиянын чечиминин түшүндүрмөсү биздин кызыгуубузду жаратууда. Бишкек шаардык соттун чечимине даттануу менен КР Жогорку сотуна кайрылууну ойлонуштуруп жатабыз”, – деди Медиа Полиси Институтунун юристи Алтынай Исаева.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 10-декабрында А.Атамбаев “Апрель” телеканалында интервью берген. Доогерлердин пикиринде, экс-президент интервью берип жатып өз создөрү менен алардын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген. Доо КР Жарандык кодексинин “Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо” тууралуу 18-беренеси боюнча берилген. Саясатчынын ар бири келтирилген моралдык чыгым үчүн 6 млн сомдон талап кылган (ар бир жоопкер тараптан 3 млн сомдон) – бардыгы болуп 18 млн сом. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 28-февралдагы чечими саясатчыларды канааттандырган эмес. Бишкек шаардык сотундагы доогерлердин талабы ошол эле бойдон калган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

 

Журналист Ыдырыс Исаков сотко чакырылды

18-май, 2019

«Азаттык» үналгысынын журналисти Ыдырыс Исаков сотко чакырылды. Аны менен кошо ишкерлер Мирлан Маматов жана Марат Сайбидинов да сотко чакырылды. Соттук отурум 20-майга белгиленген.

24-апрелде Ош шаардык сотуна милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаевдин ишеним кат боюнча өкүлү Ш.Абжапаровдун атынан Ы.Исаковдон 50 млн сом, ишкерлер М.Маматов жана М.Сайбидиновдон 5 млн сомдон өндүрүү боюнча доо арызы түшкөн. Буга Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген иликтөөсү себеп болгон. 7-май күнү Ош шаардык сотуна Ж.Атамбаевден журналистке жана ишкерлерге карата мурдагы доо арыздан баш тартканы боюнча тосмо арыз түшкөн.

Ош шаардык сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов 20-майда аталган тосмо арыз боюнча соттук териштирүү болорун, эч кандай жаӊы жагдай жок экенин маалымдады.

Ал эми журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн фейсбук баракчасында төмөнкүдөй түшүндүрмө берип кетти:

«Мурдараак Жалил Атамбаевдин жактоочусу 60 миллиондук доо арыздан баш тартканы боюнча сотко кайрылган каты да жарыяланган эле.

Бири-бирине карама-каршы мазмундагы кагаздардын жөнүн юристтерден сураштырдым. Алар Жалил Атамбаевдин биринчи берген доо арызынан баш тартуу тууралуу экинчи арызын кароо үчүн да соттук отурум болорун айтышты.

Юристтердин түшүндүргөнүнө караганда, 20-майга белгиленген соттук отурумда Жалил Атамбаев сураган 60 миллион сомдук доо арыз эмес, ошол доо арыздан баш тарткан арыз каралат сыягы».

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Ош областы боюнча өкүлү

 

Журналистке карата доо арыз кароосуз калтырылды

20-май, 2019

20-майда Ош шаардык соту ишкер Жалил Атамбаевдин журналист Ыдырыс Исаковго жана ишкерлер Мирлан Маматов жана Марат Сайбидиновго карата доо арызын кароосуз калтырды. Соттук отурумга жоопкер тараптын жактоочулары гана катышты, доогер тараптан эч ким катышкан жок.

«Доогер тарап бүт арыздарын канцелярия аркылуу тапшырыптыр. Эгер алар өтө кызыкдар тарап болсо, сотко келет эле. Биз келбейбиз деп арыз бериптир. 154-беренеге ылайык, сот ишти карай берет», – деди жактоочу Айсалкын Карабаева.

Ош шаардык сотунун төрагасы Кадырбек Матисаков моралдык чыгымды өндүрүү боюнча доо арызды карап: «154-берененин 4-пункту жана 224-225-беренелердин негизинде ишкер Мирлан Маматовго, Марат Сайбидиновго жана журналист Ыдырыс Исаковго карата доо арыз кароосуз калтырылсын» деген аныктамага чыгарды.

«Аныктама он күндө күчүнө кирет эми. Эгер тараптар даттанбаган болсо, ушул бойдон маселе каралбайт»,- деди журналист Исаковдун жактоочусу Максат Жорокулов.

Эске салсак, 24-апрелде ишкер Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун иликтѳѳчү журналисти Ыдырыс Исаковдон 50 миллион сом, о.э. ишкерлер Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновдон 5 миллион сомдон ѳндүрүү максатында Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Буга «Азыттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген журналисттик иликтѳѳсү себеп болгон.

7-май күнү Ж.Атамбаевдин ишеним кат боюнча өкүлү Ш.Абжапаров Ош шаардык сотуна кайрадан тосмо арыз жазган.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Ош областы боюнча өкүлү

 

24-майда “Ачык саясат плюс” гезитине доо арыз боюнча кезектеги соттук жыйын болот

21-май, 2019

24-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда КР ЖК депутаты Кожобек Рыспаевдин “Ачык саясат плюс” гезитине доо арызы боюнча кезектеги соттук жыйын болот. Депутат соттон анын ар-намысын жана кадыр-баркын, ошондой эле ишкердик беделин коргоп берүүсүн өтүнгөн.

Бул доо арызга гезиттин “Рыспаевди итттен чыгарып коюшту” деген макаласы себепчи болгон.

“Биз анын партияларды алмаштырганын жазып, хамелеон деп атаганыбызды жактырбаптыр. Материал жайгашкан рубриканын аталышы да ага жаккан эмес. Ага көп нерсе жакпайт экен. Ошондуктан биз лингвистикалык талдоону өткөрүүнү сунуштап жатабыз”, – деди “Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова.

Анын айтымында, макала жарыялангандан кийин ЖК депутаты К.Рыспаев төгүндөө берүү талабы менен редакцияга кайрылган эмес. Макала жарыяланганына бир жыл болгондон кийин гана сотко доо арыз түшкөнүн билишкен.

“Мен редакцияга кайрылган эмесмин. Эмне үчүн мен төгүндөө берип койгула деп журналисттерге жалдырашым керек? Мени эч ким коркута албайт. Мени мазактаганга эч кимге жол бербейм!”, – деди өз кезегинде депутат К.Рыспаев.

“Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редакторунун пикиринде, доо-арызда бийликтин кызыкчылыгы бар. “Анткени биз учурда оппозициялык ЖМК катары иштеп жатабыз. Бийликти сындаган учурлар болот. Башкача айтканда, бул соттук ишти бизге карата материалдык жана моралдык кысым катары бааласак болот”, – дейт Н.Мамытова.

Анын айтымында, буга чейин беш соттук жыйын болуп, ар бирине депутаттын улам жаңы адвокаты келип турган. Ошондой эле доо арыздын мазмуну да өзгөрүп турган. Мисалы, башында депутат моралдык зыяндын компенсациясы катары 300 миң сомду сураган эле. Үч процесстен кийин ал бул сумманы 1 млн сомго чейин көтөрүп койгон.

Бул  чечимин депутат мындайча түшүндүрөт: “Себеби деле жок. Мага адамдар айтышты. Сени мазактап жатса, сен болгону 300 миң сомго гана берипсиң. Журналисттер жөн гана жазып коюшса – аларды милиионго жыгып жатышат! Бүт досторум, тааныштарым айтып жатат, сен өзүңдү өтө эле арзан баалапсың деп. Мына ошондо миллионго көтөрдүм. Мен тууралуу жөнсүз материалдарды жазышпасын”.

Гезиттин редакциясы “Медиа Полиси Институту” коомдук фондусуна юридикалык жардам сурап кайрылышмакчы.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий:

КР Конституциясынын 29-беренеси боюнча ар бир адам ар-намысын жана кадыр-беркын коргогонго укуктуу. КР Жарандык кодексинин 18-беренесине ылайык, жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу. Мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Доогердин 1 млн сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтуруу талабы аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына туура келбейт, бирок ал мыйзамдуу талап болуп эсептелет, анткени, моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүнө чек коюлган эмес.

 

“Ачык Саясат плюс” гезити Жогорку Кеңештин депутатына моралдык компенсация катары 300 миң сом төлөп берүүсү керек

24-май, 2019

Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун 24-майдагы чечимине ылайык, “Ачык саясат плюс” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге моралдык компенсация катары 300 миң сом төлөп берүүсү керек.

Эскерте кетсек, эл өкүлү соттон анын ар-намысын жана кадыр-баркын, ошондой эле ишкердик беделин коргоп берүүсүн өтүнгөн. Бул доо арызга гезиттин Рыспаевдин партияларды алмаштырганын жазган жана аны “хамелеон” деп атаган макаласы себепчи болгон.

Басылманын башкы редактору Назүл Мамытованын айтымында, алар биринчи инстанциядагы соттун чечимине макул эместигин билдирүү ирээтинде Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышмакчы. “Эл өкүлү моралдык чыгымдын компесациясы катары алгач 300 миң сом сурап, кийин аны 1 млн сомго чейин көтөрүп жиберди. Бирок сот анын биринчи доо арызын канаттандырды”, – деп билдирди журналист.

Ошону менен бирге сот 10 күн аралыгында төгүндөө берүүнү милдеттендирди. “Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редактору соттун бул чечимин бийликтин “тапшырмасы” катары баалайт. Ошондой эле айыптын суммасы өтө эле чоң экендигин жана ЖМК аны көтөрө албастыгын билдирди. “Соттун мындай катаал чечим кабыл алышына мен КСДПнын политкеңешинин мүчөсү экендигим, мурдагы президент А. Атамбевди колдоп келгендигим жана да оппозициялык маанайдагы редакция болгондугубуз себептердин бири болушу ыктымал”, – деп билдирет Н.Мамытова.

Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев журналисттерге “Ачык саясат плюс” гезити менен маселени тынчтык жолунда чечүүгө кызыкдар эместигин билдирди. Соттун чечими менен өндүрүлгөн каражатты ал афган согушунда майып болгон ардагерлерге берээрин кошумчалады.

“Айрым маселелерге кечиримдүү мамиле жасаса болот. Бирок бул жолку жарыяланган макалага мен анте албайм. Себеби, алар мени жеңил ойлуу кыздар менен хамелеонго теңеп коюшту. Андыктан, ушул кадамга бардым. Ал эми өндүрүлгөн акчаны мен афган согушунун ардагерлеринин эсебине котором”, – деди К.Рыспаев.

Назгүл Мамытованын айтымында, “Ачык саясат плюс” гезитинин дарегине быйыл бир нече доо арыздар келип түшкөн. Алардын бири Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медтехникалар менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакировадан. Ал Биринчи май райондук сотуна гезиттен 500 миң сом өндүрүп берүү доо арызы менен кайрылган. Ошондой эле прокуратура кызматкери Кубан Шатенов дагы Биринчи май райондук сотуна кайрылган эле. Ал иш боюнча сот 50 миң сом өндүрүү тууралуу сыртынан өкүмүн чыгарган. Гезит соттун бул чечимине каршы доо арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий:

300 миң сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтуруу тууралуу чечим чыгарып жатып, сот аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарын бузган. Нускасы 2300 (эки миң үч жүз) даана болгон гезит үчүн бул сумма өтө чоң болуп эсептелет. Ошону менен катар чечимдин мотивировка бөлүгүндө, эмненин негизинде ушундай сумма аныкталганы даана, так жазылган эмес.

 

Ички иштер министринин экс-орун басары “Азия News” гезитине каршы доо арызынан баш тартты

29-май, 2019

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров “Азия News” гезитине жана анын башкы редактору Арслан Сартабаевке каршы доо арызынан баш тартты. Бул тууралуу 29-майда башкы редакторго таянуу менен “24.kg” маалымат агенттиги билдирди.

Агенттиктин бидирүүсүнө караганда, экс-орун басар сүйлөшүүлөрдөн кийин араздашууну тынчтык жолу менен чечкенге макул болгон.

“Доо арыз Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда карала баштаган болчу. Бирок Райымбек Матраимов ортого түшүп, бизди элдештире алды”, – деди кыргыз тилдүү гезиттин башкы редактору.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, учурда “Эл аралык “Манас” аэропортунда” Авиациялык коопсуздук жана режим боюнча дирекциянын жетекчиси болуп эмгектенген Д.Абдыкадыров гезиттин материалдарына нааразы болуп, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоп берүү доо арызы менен сотко кайрылганы 10-майда белгилүү болгон. Моралдык чыгымдын компенсациясы катары гезиттен жана анын башкы редакторунан 10 млн сом сураган.

Ошол күнү “Азия News” гезитинин башкы редактору А.Сартбаев “Азаттык” радиосуна доо арыз бир ай мурда берилгенин билдирген. “Улам кошумча материалдарды киргизип жатат. Башында бир миллион сом болчу, эки миллион, үч миллион болуп атып азыр 10 миллион сомго жетти. Макала көп, эң негизгиси суроо эле бергенбиз. «Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн акча жасадыңыз беле?» деп суроо койгонбуз. Кийин «ИИМ эмнеге бул фактыны көтөрбөйт?» деп суроо койгонбуз. Эч кандай комментарий, текст да жазылган эмес. Жөн эле суроо коюлуп, экөөнүн сүрөтү менен эле чыгарып койгом”, – деген А.Сартбаев.

Эскерте кетсек, 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева 10-мартта үйдөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Анын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул факты боюнча иликтөө иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө болгон.

“Бул “Азия News” гезитине каршы берилген жалгыз доо арыз эмес. Жылдын башында гезит менен парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков соттошкон. Ал башкы редактордон 2 млн сом утуп алган. Бирок кийинчирээк материалдык талаптарын кайрып алып, гезитте басылып чыккан төгүндөө менен гана чектелген”, – деп эскертет “24.kg”.

Комментарий:

КР Конституциясынын 29-беренеси боюнча ар бир адам ар-намысын жана кадыр-беркын коргогонго укуктуу. КР Жарандык кодексинин 18-беренесине ылайык, жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу. Мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Доогердин 10 млн сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтуруу талабы аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына туура келбейт, бирок ал мыйзамдуу талап болуп эсептелет, анткени, моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүнө чек коюлган эмес.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ, ЖМКларга ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРГА КАРАТА КҮНӨӨЛӨӨЛӨР

Журналисттерге, алардын үй бүлөлөрүнүн мүчөлөлөрүнө, ЖМКлар менен Интернет-басылмалардын объектилерине кол салуу

Ошто эки журналист сабалды

13-май, 2019

13-майда «Азаттык» радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков жана «Нур» телеканалынын журналисти Даткабек Шабданбековге кол салуу болду. Журналисттердин бети-колдору сыйрылып, колдору кайрылган.

Алар Ош шаарындагы «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан кумаркана делген жай чын эле иштеп жатканын тактоо үчүн барышкан.

Даткабек Шабданбековдун айтымында, эртеӊ менен Ноокат районунун тургунубуз деген 2 жаран келип, уулу кумарканага 350 миӊ сомун уттуруп жибергенин, Ошто көмүскө кумарканалар дагы деле иштеп жатканын айтып кайрылган.

«Бизди ал имаратка күзөтчү атайын аппараттар менен текшерип, ичкери киргизди. Киргенден кийин акчасын уттуруп жиберген жаран менен сүйлөшүп жатканбыз. Бир убакта Ыдырысты сыртка түртүп чыгарышты да, менин колуму кармап, тартып жаткан видеону өчүрүп салышты. Ал жерде 1 күзөтчү жана 3 аял бар эле. Кийин телефон чалышканда, дагы 2 күзөтчү келип кошулду», – деди «Нур» телеканалынын журналисти Даткабек Шабданбеков.

Бул окуя Ыдырыс Исаковдун түз эфирде тарткан видеосу аркылуу коомчулукка белгилүү болду.

«Мен түз эфирди жандырып койдум. Себеби, бул окуяны түз эфир аркылуу башкалар да көрсүн дегем. Кол салгандар менин телефонумду да тартып алууга аракет кылышты», – деди «Азаттык» үналгысынын журналисти Ыдырыс Исаков.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, журналисттерге кол көтөргөн 2 күзөтчүнү сурак жүргүзүү үчүн алып кетишти.

Ыдырыс Исаков ага күч колдонуп, телефонун тартып алган күзөтчүлөргө карата доосу жок экендигин, бирок «Делюкс» мейманканасынын имаратындагы казино уюштуруу фактысына жана мыйзамыз иш жүргүзүп жаткан казинолордун ишин байкабай отурган кызмат адамдарына укуктук баа берилүүсүн сурап Ош шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына арыз жазды.

2012-жылдын башынан тарта Кыргызстанда казино жана кумар оюндарына тыюу салынган. Ош шаардык ИИББ маалымат катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, жыл башынан бери ОИИБга «Делюкс» имаратындагы кумаркана иштеп жатканы боюнча 3 жолу ыкчам маалымат түшкөн.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Ош областы боюнча өкүлү

Комментарий:

«Азаттык» радиосунун журналисти Ы.Исаков ошол эле күнү тосмо арыз жазган.

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.