КР журналисттери менен ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг. Октябрь, 2019-ж.

15.11.2019

Рубрика: Мониторинг, Жалпыга маалымдоо каражаттары

Басып чыгаруунун версиясы

Октябрь айында 12 маалымат катталган. 3 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 8 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, 1 билдирүү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

03.10.2019

Журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши кайрадан жандандырылды

Кыргызстанда 2007-жылы “Сиёсат” (“Саясат”) гезитинин башкы редактору Алишер Саиповдун өлүмүнө карата козголуп, ортодо токтоп калган кылмыш иши кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу анын иниси Шохрух Саипов билдирди деп маалымдайт “Фергана News”.

Алишер Саиповдун туугандары 2013-жылдын декабрь айында токтотулган кылмыш иши кайрадан жандандырылганын (IFEX) аттуу сөз эркиндигин коргогон Эл аралык тармактын 12-июлда Кыргызстанга жөнөткөн өтүнүчунөн кийин прокуратурадан келип түшкөн каттан билишкен.

Бир катар эл аралык белгилүү ЖМКлар менен кызматташып, Фергана өрөөнүндөгү орчундуу көйгөйлөр тууралуу жазып келген журналист Алишер Саипов 2007-жылдын 24-октябрында Ош шаарында өлтүрүлгөн. Ошол кезде ал 26 жашта болгон.

2009-жылы Абуфарид Расулов аттуу жаран  журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп кармалып, 20 жылга эркинен ажыратылган. Бирок эки жылдан кийин Алишер Саиповго кол салуу болгон күнү ал туугандарынын үйүндө майрамдап жаткандыгы тартылган видео тасма далил катары сунушталган. 2012-жылдын апрель айында иш дыкат иликтөөгө жөнөтүлүп, жыйынтыгында А.Расулов акталып чыккан.

Ошондон кийин кылмыш иши иликтөөнүн натыйжасында 2013-жылдын 6-декабрында токтотулган.

IFEX – сөз эркиндигин коргоо менен алектенген дүйнө жүзүндөгү жүздөн ашык уюмдардын башын бириктирген эл аралык абройлуу тармак болуп саналат. Анын курамында Кыргызстандан мүчө катары “Журналисттер” КБ жана “Институт медиа полиси” КФ да бар.

 

29.10.2019

“Kloop” интернет басылмасынын сайтына карата болгон DoS-чабуулу дагы деле уланууда

“Kloop.kg” маалымат басылмасынын башкы редактору Элдияр Арыкбаевдин, “Журналисттер” КБге билдиргенине караганда, сайтка карата болгон DoS чабуулу дагы деле уланууда. “Азырынча ошол чабуул дагы жүрүп жатканын гана кабарлай алабыз. Биз, өз кезегинде, абалды жөнгө салып, келтирилген чыгымды жоюунун үстүндөбүз”, – деп билдирди.

Эскертүүчү жагдай, чабуул Гринвич убактысы менен түнкү саат үчтөрдө болгон. “Аны биздин сайтты хостингин камсыздаган Qirium компаниясы, чабуул башталгандан кийин 12 мүнөт өткөн соң байкаган”, – деп жазып чыккан басылманын кабарчылары.

Хакердик чабуул болоордон эки күн мурда “Kloop.kg” сайты “Ата-Тюрк” эс алуу багындагы мыйзамсыз берилген жер тилкелери тууралуу ири журналисттик иликтөөнү жарыялаган.

Элдияр Арыкбаев “Журналисттер” КБнын суроолоруна жооп берип жатып, Dos-чабуул иликтөөлөргө канчалык деңгээлде байланыштуу экенин азырынча айта албастыгын билдирген.

«Эки факт бар. Биринчиси. “Ата Тюрк” эс алуу багынын айланасындагы олуттуу маселенин тегерегиндеги текшерилген, такталган жана факты менен камтылган иликтөөнү коомчулукка тартууладык. Экинчиси. Ушул нерседен кийин биздин сайтка DoS чабуулу боло баштады. Ушул эки фактынын бир-бири менен кандай байланыш бар – бул суроого азырынча так жооп берүү мүмкүн эмес”, деп белгиледи башкы редактор.

DoS (аббр. англ. Denial of Service «тейлөөгө мүмкүн эмес») — эсептөөчү тутум иштей албай калганга чейин жеткирүү амалындагы хакердик чабуул, б.а. катардагы колдонуучулар тутумдун кызматтарына жете албай калгандай, же ага жетүү оор болгондой абалга жеткирүү. (Википедия)

Азамат Касыбеков, “Журналисттер” КБнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

 

29.10.2019

“Кыргызнефтегаз” бербеген жоопту өкмөт берди

Жалал-Абаддагы “Контент-медиа” коомдук фондусунун суроо-талабы боюнча быйылкы май айынан бери “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому бербей келаткан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү октябрь айында берди.

Быйыл, 27-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондунун жетекчиси Жалил Сапаров “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси Рашит Бостоновго кат жүзүндө суроо-талап менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ушул компания тарабынан 2016-2018-жылдары өндүрүлгөн нефтинин көлөмү, кимдер тарабынан өндүрүлүп жатканы, кайсы жактарга жана канча көлөмдө сатылганы, нефть продуктыларынын уурдалышынын көлөмү тууралуу маалымат берип коюу өтүнүчүн билдирген. Бул суроо-талап ошол эле күнү коомдук фонддун өкүлү тарабынан “Кыргынзнефтегаз” компаниясынын маалыматтык байланыш адиси Руслан Абдумуталип уулунун колуна берилген.

Бирок, “Кыргызнефтегаз” ААК суроо-талапка мыйзамдуу мөөнөттө жооп берген эмес жана андан ары да маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал эми “Контент-медиа” коомдук фондусу өзүнүн бузулган укуктарын калыбына келтирүү жана аталган компанияга мыйзамдуу чара көрүү маселеси менен Жалал-Абад обласунун прокурору Айбек Турганбаевге 2019-жылдын 18-июнь күнү атайын арыз менен кайрылган. Бирок, коомдук фондунун бул аракетинен да майнап чыкпады, анткени облустун прокурорунун орун басары Р.Нурмаматов 2-июль күнү кол койгон жооп катында “Кыргызнефтегаз” ААКга карата мыйзамдуу чараларды көрө албай турганын билдирген. Буга КР Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктө “Кыргызнефтегаз” ААК жеке менчикте турарлыгы жазылган. Демек, ага карата прокуратура органдары текшерүү иштерин жүргүзө албай турганы себеп болгон. Облустук прокуратура Кыргыз Республикасынын “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинде журналист мамлекеттик органдардан, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга укуктуу деп көрсөтүлгөнүн белгилеп, жеке тартипте сотко кайрылса болорлугун түшүндүргөн.

Прокуратура органдарынан жардам болбогон соң коомдук фонд 2019-жылдын 10-сентябрында маалыматка жетүү боюнча бузулган укуктарын калыбына келтирүү, тийиштүү маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиевге кат аркылуу кайрылат. Катта ошондой эле “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчиси Р.Бостонов коомдук фонддун жетекчисинин телефон номерине СМС билдирүүлөрдү жазып, юридикалык тараптардын ортосундагы маселени жекече тартиптеги маселеге айландырууга, бул маселени Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагынын элдик курултайына алып чыгууга, эл ичиндеги өзүнүн тарапташтары аркылуу кысым жасоого ниеттенип жатканын билдирген. Жетекчинин мындай аракеттерине баа берип, чара көрүүнү суранган.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу 2019-жылдын 15-октябрында “Контент-медиа” коомдук фондуна жооп берип, суроо-талаптагы маалыматтардын жоопторун жиберген.

“Кыргызнефтегаз” ААК берүүдөн баш тарткан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети даярдап, аны 2019-жылдын 24-сентябрында Өкмөттүн аппаратына жөнөткөн. Бирок, жооп катта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан маалымат берүүдөн баш тартып, “Контент-медиа” коомдук фондунун укуктарын бузган “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчиси Р.Бостоновго кандай чаралар көрүлгөнүн же көрүлөрү тууралуу билдирген эмес.

“Контент-медиа” коомдук фонду өзүнүн иликтөө иштери үчүн зарыл болгон, “Кыргызнефтегаз” ААКтан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 14 күндүн ичинде алууга тийиш болгон маалыматтарды беш айдан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысына кайрылуу аркылуу гана алууга жетишкен. Ошол эле кезде юридикалык жактын, журналисттердин маалыматка жетүү укугун бузганы үчүн эч ким кечирим сурабаган жана КР мыйзамдарынын талабын бузганы үчүн “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчисине эч ким тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

08.10.2019

Саламаттыкты сактоо министрлигинде эмгектенген аткаминер «Ачык саясат плюс» гезитинен жарым миллион сом талап кылууда

Ордо калаанын Биринчи май райондук сотунда КР Саламатыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медтехникалар менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакированын “Ачык сасат плюс” гезитине карата жазган доо арызы боюнча эки соттук жыйын өткөрүлдү. Аталган министрликтин өкүлү басылмадан моралдык чыгым катары 500 миң сом компенсанция талап кылууда.

Басылманын башкы редактору Назгүл Мамытованын билдирүүсүндө, доогер, аткезчилик жол менен алынып келинген медициналык препараттар жана баасы жогорулатылган дарылар тууралуу жарык көргөн макалага карата доо арыз жазган. Гезиттин кабарчылары бул тууралу атайын журналисттик иликтөө жүргүзүшкөн.

Журналисттер соттон Шакировага моралдык чыгым катары доо келтиргенин аныктоо максатында, макалага лингвистикалык экспертизаны жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Сот журналисттердин сунушун канаттандырган.

7-октябрда өткөн соттук отурумда КР Өкмөтүнө караштуу соттук экспертиза кызматынын экспертин угушкан. Басылманын жактоочусу Медиа өкүл Акмат Алагушевдин ою боюнча, экспертиза эки анжы пикирди жаратты.

“Айрым жактары журналисттерге ооп турду, айрым жерлеринде доогер тарапта болду. Ал эми айрым жагдайлар боюнча, эксперттин билидирүүсүндө, дагы тактоо жүргүзүү керек”, – деп маалымдады А.Алагушев. Кийинки соттук отурум 22-октябрда өтмөкчү.

“Ачык саясат плюс” гезитине карата сотко бир нече доо арыздар берилген. Токтоло кетсек, прокуратура кызматкери Кубан Шатенов дагы Биринчи май райондук сотуна кайрылып, гезиттен 50 миң сом өндүрүп берүүнү суранган. Анын доо арызы каралып, ал боюнча иш кайрадан райондук сотко жөнөтүлгөн.

Ошондой эле депутат Кожобек Рыспаев дагы бул басылманы сотко берген. 2018-жылдын август айында жарык көргөн гезиттин санындагы макалада автор депутат бир саясий партиядан экинчиге өтө берет деп жазып, аны “хамелеон” деп сыпаттаган. Натыйжада, сот басылмадан 300 миң сом өндүрүлсүн деп, ишти депутаттын пайдасына чечкен.

Журналисттер шаардык соттун чечимимине арызданып, жогорку сотко дагы кайрылышкан.

Биз лингвистикалык экспертизага кайрылганыбызда, талашып жаткан билдирүү жөн гана анын ишмердүүлүгүнө байланышкан пикир менен баалоо деп көрсөткөн, аны анан кантип төгүндөйт. Эми, элдин ою ушундай болсо, эмне кыла аласың. Элдин оюна тыюу сала албайбыз да”, – деп билдирди басылманын жактоочусу Медиа өкүл Акмат Алагушев.

“Ал эми моралдык чыгымдын суммасы тууралу кеп кыла турган болсок, сот гезиттин бюджети канча деп кызыгып, сурап дагы койгон жок. 2,8 миң нуска менен чыккан басылмага 300 миң сом өтө эле көп экенин эске дагы алган жок. Моралдык чыгым деген мүмкүнчүлүгүнө жараша болушу керек да”, – деп билдирди юрист.

Депутаттын доо арызынан кийин гезит жабылып калуу алдында турат. Анткени моралдык чыгымды төлөп берүүгө журналисттердин акчасы жок.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

Г.Шакированын доо арызы боюнча соттук процесс улантылууда, жоопкер менен доогер тараптагылар өтүнүчтөрүн билдиришти. Эмки соттук караштыруу 2019-жылдын 2-декабрына белгиленди. К.Шатенованын доо арызы боюнча 2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда иш карала баштады. Эмки караштыруу 2019-жылдын 3-декабрына белгиленди. К.Рыспаевдин доо арызы боюнча соттун өкүмүн кайра карап чыгуу тууралуу «Ачык саясат плюс» гезитинин арызы боюнча соттук отурумдун убактысы белгилене элек.

 

24.10.2019

Режиссер Ырыс Окенова “Азаттык” радиосуна карата дооматтарын сотко чейин чечүү аракетин четке какпайт

“Акшоола” телесериалынын коюучусу Ленин райондук сотуна “Азаттык” радиосуна карата доо арыз тапшырган. Доо арызында аталган ЖМК кечирим сурап, сериалды тартууга 250 миң АКШ доллары сарпталган деген маалыматты төгүндөп берүүсүн талап кылган.

“Журналисттер” КБга берген интервьюсунда Ырыс Окенова билдиргендей, айтылган ЖМКда чыккан макаладан кийин ал иштеген КТРКнын (сериал көрсөтүлгөн телеканал) башкы жетекчиси Жайнак Усөн уулунда көп суроолор жаралган. КТРК жетекчилиги сериалдын бюджети он эсе аз көрсөтүлгөн болсо, калган акчалар кайда кеткен деген материалдык доомат койгон. Ы.Окенованын айтымында, каналдын жетекчилиги тарабынан бул маселе боюнча керектүү деңгээлдеги текшерүү жүрүгүзүлгөн эмес, ал үчүн жетекчилик бул жаатта каржы жетекчилигинин, юристтин жана эсепчинин катышуусундагы териштирүү жүргүзүшү керек эле. Болуп өткөн окуядан кийин Окенова моралдык жактан жабыркагандыктан, КТРКдан кетүү арызын жазып бошоп кеткен.

Ы.Окенованын айтымында, макала жарыкка чыккандан кийин анын авторуна, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Альбина Сулаймановага чалган. “Эфирге берээрдин алдында мага чалып, суммасын тактап койсо болот эле да. Ал кыз мурда бизде иштеген, анда менин байланыш номерлеримдин бардыгы бар болчу”, – деди режиссер. Ы.Окенова өз сөзүндө, журналист өзүн-өзү актоо үчүн мен ал материалды  орус тилинен которгом деп койгонун билдирди.

“Бир кездерде Азаттыкта чыгып жүргөн “Настоящее время” деген программага интервью бергем. Ал интервью жыйынтыгында кандай маңызда чыкканын мен көргөн эмесмин. Бирок, орус тилиндеги интервьюга мен телесериалдын каражаты тууралу кеп кылган эмесмин. Журналисттин сөзүнө караганда, жетекчиликтен ага интервьюну которуп бергиле деген тапшырма болгон. Натыйжада, кыргыз тилинде жарык көргөн интервью коомчулукта кызуу талкууну жаратты”, – деп билдирди режиссер.

Ы.Окенова доо арыз дагы да толукталып, балким, “Азаттыкка” материалдык дооматтар да коюлушу мүмкүн экенин белгиледи. Бирок Ы.Окенова ошону менен бирге өз сөзүндө, ЖМК үстүнөн түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясына кайрылып, маселени сотко чейин чечүү жолун караштыраарын билдирген.

Азамат Касыбеков, “Журналисттер” КБнын Чүй облусу менен Бишкек шаары боюнча өкүлү

 

28.10.2019

“Азаттык” радиосу аларды сотко берген режиссер Ырыс Океновага сөз берүүгө даяр

“Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касмалиева “Журналисттер” КБге берген интервьюсунда, аларды сотко берген Ырыс Океновага сөз берүүгө даяр экенин билдирди.

Эскерте кетсек, “Акшоола” телесериалынын режиссеру Ырыс Окенова “Азаттык” радиосуна карата доо арызын Ленин райондук сотуна берген. Анын айтымында, ЖМК сериал тартууга баш аягы жалпы жонуна 250 миң АКШ доллары сарпталган деген макаланы чыгарышкан. А чынында, ага кеткен чыгымдар андан аз сарпталган.

“Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касмалиева алардын кабарчысы сериалга кеткен чыгымдын суммасын КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдон тактаганга аракет кылганын билдирген.

Кабарчыбыз сериалдын чыгашаларын КТРКнын мурдагы башкы директору жана телесериалдын продюсери Илим Карыпбековдон кат алышуу аркылуу тактаган. Ал бул суроону жоопсуз калтырып койгон. КТРКнын редколлегиясынын жетекчиси Алмаз Касмалиев болсо, андай маалымат менен кабары жок экенин маалымдаган”, – деп билдирди А.Касмалиева.

КТРК администрациясынын бир да өкүлү буга чейин журналисттерге долбоордун каржылоосу тууралууу ачык маалымат чыгарган эмес.

Касмалиеванын айтымында, 250 миң АКШ доллары деген сумманы башка активисттер билдирген жана радионун кабарчысы аны такталган маалымат катары берген эмес. Ошондой эле макала жарыялангандан кийин “Азаттык” радиосунун жетекчилигине кетирилген катачылыктар тууралууу эч ким деле кайрылган эмес.

“Азаттык” радиосунун башчысы келип чыккан чырдан кийин бюджет тууралуу жазылган жери материалдан алып салынганын белгиледи.

“Эгерде сериалдын режиссеру такталган маалымат берем, сериалдын так чыгымдарын айтып берем десе биз ага микрофон сунганга даярбыз”, – деп билдирди.

Азамат Касыбеков, “Журналисттер” КБнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

«Азаттык» радиосунун дарегине Ы.Окенованын доо арызы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан кайсы бир сотко чакыруулар же билдирүүлөр келип түшө элек. Ошону менен бирге бул талаш-тартыш боюнча ЖМКлардын үстүнөн түшкөн даттанууларды териштирген комиссияга кайрылуу, биздин пикирибизде, эң туура кадам болмокчу.

 

28.10.2019

Мурдагы аткаминер Акматбек Келдибеков Kyrgyztoday басылмасын соттон утуп алды

Ордо калаанын Биринчи май райондук соту мурдагы мамлекеттик кызматтагы жетекчи Акматбек Келдибековдун доо арызын жарым жартылай канаттандырып, Kyrgyztoday интернет-порталынан доогердин ар-намысы менен аброюна шек келтирген макалаларды алып салып, чыгарылган маалыматты төгүндөө менен 30 миң сом компенсация катары төлөп берүүсүн талап кылды.

Эскерте кетсек, ЖКнын мурдагы депутатынын пикиринде, басылма аны паракор деп атап, анын аброюна шек келтирген. Өз кезегинде, ал маалыматты төгүндөөнү жана моралдык чыгым катары 1 млн сом төлөп берүүнү талап кылган.

Мурда Kyrgyztoday басылмасынын башкы редактору Бегалы Наргозуев “Журналисттер” КБге берген интервьюсунда редакция ал маалыматтарды төгүндөбөй турганын жана ЖКнын мурдагы төрагасы К.Акматбеков менен соттошууга даяр экенин билдирген.

Медиа полиси институ” жана “Адилет укуктук клиниканын юристеринин көмөгу менен биз өзүбүздүн укугубузду коргоп келебиз. Биз мыйзам чегинде иш алып бардык. Ал паракорчулук менен айыпталган деп жазып чыкканбыз. Бирок Келдибеков аны паракорчулук боюнча эмес, кызмат ордун кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн күнөөлөшкөн деп баса белгилөөдө. Бирок, беренени жөн гана өзгөртүп коюшкан”, – деп белгиледи Kyrgyztoday басылмасынын башкы редактору Бегалы Наргозуев.

Анын айтымында, Илимдер академиясынын адиси өзүнүн корутундусун чыгарган. “Биз ал адисти Келдибековдун ага жан тарткан жеке адиси деп эсептейбиз. Анткени, бул адам Келдибековдун “Азия Ньюс” гезити менен соттошкондо дагы жүргөн. Ошол корутунду ал адистин жападан жалгыз корутундусу эмес экенин баса белгилегим келет. Буга чейин сотто, экспертизанын корутундулары каралган жана кагаздарда Kyrgyztoday сайты көрсөтүлгөн, анан кайсыл бир жоопкерчилиги чектелген коомдун аты аталган. Биздин баамымызда, ошондогу кагаз алдын ала даярдалган туура эмес кагаз. Ошол кагаз боюнча даттанганыбызда, Келдибековдун юристтери ошол эле адис тарабынан даярдалган башка корутундуну даярдашкан. 2014-жылы, Атамбаевдин маалында, биз тескерисинче Келдибековду коргоп келгенбиз. Азыр болсо, биз аны менен соттошуп жатабыз. Биз азыр токтоп калбайбыз, керек болсо Жогорку сотко чейин барууга даярбыз”, – деп билдирген басылманын жетекчиси.

Азамат Касыбеков, “Журналисттер” КБнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

Ушул сыяктуу иштерди (КР ЖК 18-ст. – ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо) карап жатып сот өзүнүн токтому менен лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү тууралуу чечимин чыгарышы мүмкүн. Ошол эле учурда бул экспертизанын башка далилдерден эч бир артыкчылыгы болбойт, алдын ала аныкталган кайсы бир чечүүчү күчкөө ээ болбойт. Эксперттик чечим талданат, салыштырылат жана башка далилдерди эске алуу менен ага баа берилет.

Эксперттин чечими сот үчүн сөзсүз эле эске алынуучу жагдай болуп эсептелбейт, бирок сот бул чечим менен макул эмес болсо, аны негиздеп бериши керек.

Сөз болуп жаткан учурда саясатчы макала аны жемкорлукта күнөөлөйт деп эсептейт. Анын КР Кылмыш-жаза кодексинин кызматтык кылмыштар боюнча статьясы менен айыпталганынын өзү эле аны каралоо болуп эсептелет, мындайда биз аны «жемкорлук», «кызматтык абалын кыянаттык түрдөө колдонуу» же «кызматтык будамайлоо» деп атайбызбы, баары бир, бул нерсе билип туруп жасалат, ал кайсы бирөөнө зыян алып келет. Анын соттолгону жабылгандыгына байланыштуу ал тууралуу өткөн чакта жазуу керек.

Бул соттук өкүмдү кайра карапы чыгуу тууралуу арызы Бишкек шаардык сотко берилмекчи.

 

30.10.2019

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун “Апрель” телеканалына карата доо арызын сот кабыл алган жок

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун “Апрель” телеканалына карата доо арызын кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу маалыматты укук коргоочунун өкүлү Аида Токтоназарова маалымдады.

Юристтин баамында, соттун бул чечими мыйзамга туура келбейт. Анткени, тиешелүү кагаздар менен бирге далилдердин бардыгы сотко тапшырылган, бирок, эмнегедир, доо арызды кабыл алышкан жок. Юрист, судья Аида Жогоштиеванын бул чечими боюнча арызданаарын билдирди.

“Судья Жогоштиева Алмазбек Атамбаевдики экени далилденбедиби, ошондуктан, түшүнксүз себептерди келтирип эле доо арызды кароодон баш тартууда. Анын бул жоругу үчүн биз соттор кеңешине кайрылабыз. Ал эми “Апрель” телеканалына карата доо арыздарды менин жактоочум кайра колуна алып туруп, аны биз башка райондук сотко тапшырабыз. Акыйкат соттор болсо керек деген үмүттөбүз”, – деп билдирди Турсунбек Акун.

Турсунбек Акун “Апрель” телеканалынан 500 миң сом талап кылууда. Башында ал, эгерде телеканал жана анда эмгектенген кабарчы Канат Каниметов жеке өзү жалган маалымат чыгаргандыгын моюна алышса, кечирүүгө даяр болгон.

Эскерте кетүү керек, ал мурдагы президент Атамбаевге карата 100 миң сомдук доо арызын кайра кайтарып алган (анын сөзүн “Апрель” телеканалы көрсөткөн эле).

“Журналисттер” КБга өз оюн билдирип жатып Турсунбек Акун, “Апрель” телеканалынын мүлккү камакка алынгандыгына жана обого чыкпай калгандыгына карабастан текшерилбеген, жалган жана ушак-айың маалыматты чыгаргандыгы үчүн телеканал жоопко тартылышы керектигин айтты.

“Айта кетүүчү жагдай, мурдагы президенттин чыгып суйлөгөнүн көптөгөн ЖМКлар, алардын катарында башка да телеканалдар көрсөтүшкөн. Албетте, телеканал кандайдыр бир жагынан Атамбаевге таандык, балким, ошол себептен күнөөнүн бардыгы бизге оодарылып жатат. Кызыгы, Атамбаевдин интервьюсун болгон телеканалдар көрсөтүштү, а бирок доо арызды бизге эле берип жатат”, – деп билдирди телеканалдын жетекчиси Дмитрий Ложников “Журналисттер” КБга берген интервьюсунда.

Азамат Касыбеков, “Журналисттер” КБнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

Доогер Турсунбек Акун доонун предметин – ал арызданган «Апрель» телеканалынын видео материалын сотко бере албагандыктан анын доо арызы кароосуз калтырылган. Доогер да жана анын жактоочусу да акыркы үч соттук отурумга катышпады, анын себепетрин да айтышпады.

 

31.10.2019

Райондук сот «Азия Ньюс» гезити ички иштер министрине 1 млн сом төлөп бериши керек дейт

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Азия Ньюс» гезити ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 1 млн сом айып пул төлөп бериши керек деген чечим чыгарган. Бул тууралуу басылма 31-октябрдагы санында билдирет.

Эскерте кетсек, К.Жунушалиев “Азия Ньюс” гезитин анын ар-намысына, абийрине шек келтиргендиги үчүн сотко берген. ИИМ башчысынын жактоочусу Динара Аширалиеванын билдирүүсүндө, министрдин бул кадамга барышына «Азия Ньюстун» 2019-жылдын 25-апрелиндеги жана 16-майдагы сандарында жарык көргөн ал тууралуу “такталбаган маалымат менен коллаж” себеп болгон. К.Жунушалиев гезиттен 5 млн сом өндүрүп берүүнү сураган.

Өз кезегинде “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев басылмага жарыяланган макалалар министрдин кадыр-баркына шек келтирбесин билдирген.

“Жунушалиев сотторду, тыңшоо менен алектенишкен 7-бөлүм менен коркутуп жатат. Биз “Кашкар-келемиш?” деген суроо камтылган коллаж жасаганбыз. Бул деген, түздөн-түз аны айыптоо эмес, суроо иретинде берилген”, – деген А. Сартбаев.

ИИМдин мурдагы жетекчилери дагы “Азия Ньюс” гезитин сотко беришкен болчу. Буга чейин ИИМдин жетекчисинин орун басары Данияр Абдыкаров гезиттен 10 млн сом өндүрүп берүү доо арызы менен сотко кайрылган. Бирок кийинчирээк ал аны кайра чакыртып алган.

Учурда сотто гезитке каршы дагы бир нече доо арыз каралууда. Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев гезиттин ушул жылдын 16-апрелинде ал тууралуу чыккан маалыматы боюнча сотко кайрылып, «Азия Ньюстан» 5 млн сом өндүрүп берүүнү сураган.

Ошондой эле “Азия Ньюс” гезитине карата доо арызын вице-премьер министр Жеңиш Разаков бергени тууралуу мурда маалымдалган. Ал кадыр баркына келтирилген чыгымды 10 млн сомго баалаган.

Комментарий:

КР конституциясынын 29-беренесине ылайык ар бир жаран өзүнүн ар-намысын жана аброюн коргоого укуктуу. КР Жарандык Кодексинин 18-беренесине ылайык, анын ишмердик беделине жана кадыры менен ар-намысына шек келтирилсе сот аркылуу аны төгүндөөнү өтүнүүгө укуктуу. Ошондой эле төгүндөө менен бирге жаран анын кадыр баркына, беделине шек келтиргендиги үчүн келтирилген материалдык жана моралдык чыгымды дагы талап кылууга укуктуу. Доогердин моралдык чыгымын 5 млн сомго баалаганы, акыл-эстүүлүк менен адилеттүүлүк талаптарына жооп бербейт, бирок ошол эле маалда мыйзамсыз дегенге дагы болбойт. Себеби, мыйзамда бул багытта кандайдыр бир чектөө киргизилген эмес. Бирок, өз кезегинде, соттун чечими мыйзамсыз жана негизсиз. Анткени, доогер доо арызда өзү каалаган сумманы көрсөтө бергени туура эмес. Бул учурда сот чыгарган чечимди негиздеп бериши зарыл. Сот, эстүүлүк жана адилеттүүлүккө таяныш керек. Тилекке каршы андай болгон жок.

ЖМКлар менен интернет-басылмалардын таркатылышына негизсиз жолтоо болуу

18.10.2019

“Апрель” телеканалынын обого чыгуу аракетине тоскоолдук жаратышты

“Апрель” телеканалынын обого чыгуу аракети ишке ашкан жок. Бул тууралуу “Апрель” маалымат агенттиги билдирди.

“Обого чыгууга керектүү деп эсептелген кагаздардын колубузда бар экендигин эске алып, кайрадан эфирге чыгууга даярдык көргөнбүз. “Апрель” телеканалы ЖМК катары жабылган эмес. Обого чыгууга КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан тыюу салынган эмес. Биз кадимкидей обого чыгуу тартибин иштеп чыгып, телеберүүлөрдү даярдап, телемунарага сигнал жеткирүүнүн техникалык абалын жөнгө салып чыктык. Бирок обого чыга алган жокпуз. “Апрель” телеканалынын обого чыгуусуна жоопту болгон “Санариптик технологиялар” ЖЧКсы биздин иш алып баруубузга баш тартуу менен жооп кайтарды. “Санариптик технологиялар” ЖЧКнын жетекчиси Кубат Оторбаев өз сөзүндө, маселенин себебин телеканалдын мүлкүнүн камакка алынышы менен түшүндүрдү. Ошону менен бирге “Апрель” телеканалынын үлүшү дагы камакка алынган”, – деп жазылат телеканалдын сайтында.

2019-жылдын 9-августунда күч түзүмдөрүнүн тобу “Апрель” телеканалынын жамаатын кеңседен чыгып кетүүсүн талап кылган. Башкы кеңсе жабылып, эшиктерине мөөр басылган кагаздар чапталган. Жыйынтыгында, “Апрель ТВ” ЖЧКсы камакка алынган.

“Ошого карабастан “Апрель” телеканалы бир дагы мүнөткө ишин токтоткон эмес. Кайдыгер эмес элдердин, медиа коомчулуктун колдоосу менен керектүү жабдууларды чогулттук жана чакан студия дагы түптөөгө мүмкүнчүлүк алдык. Биз өз ишмердүүлүгүбүздү социалдык тармактарда, маселен Youtub каналында уланттык”, – деп билдирет аталган ЖМКнын журналисттери.

Телеканалдын жетекчилиги “Апрелдин” үлүшүнүн камакка алынышы, анда эмгектенген журналисттердин иштешине жана ал жактагы жабдууларды пайдаланууга тыюу салбайт, ага укук дагы жол бербейт деп баса белгиледи. Экс-президент А.Атамбевдин мүлкү үчүнчү тараптын колун өтүп кетпесин деген максатта камакка алынган деп эсептейт телекомпаниядагылар.

“Ушуга байланыштуу, “Апрель” телеканалынын обого чыгуусуна тоскоолдуктар болуп жатканын Кыргызстандагы сөз эркиндигине карата жасалган кысым катары баалайбыз. “Санариптик технологиялар” ЖЧКнын жетекчилиги бул кампанияны уюштургандардын курмандыгына айланды. Ушундан улам, тилекке каршы, Кыргызстандагы ободо болгон окуяларды так чагылдырган оппозициялык маанайдагы телеканал жок калды десек болот. Кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүштү, айрымдарын коркутушту. Ал эми “Апрель” телеканалы сүйлөшүүгө барган жок, жана маалымат саясатын өзгөртүүдөн баш тарткан. Жыйынтыгында, биз чыга турган обону жаап салышты”, – деп билдирди телеканал.

Телеканал укук коргоо органдары менен биргеликте медиакоомчулукка, өлкөдөгү оппозициялык маанайдагы  телеканалдардын эфирге эркин  чыгышына, мыйзамдуу жолдорду пайдалануу менен чечүүнүн аракетин көрүү боюнча кайрылышкан.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБ Чүй облусу менен Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

Телеканалдын директору Дмитрий Ложников менен жолугушуу учурунда «Санариптик технологиялар» ЖЧКнын директору Кубат Оторбаев «Апрель ТВ» телеканалын эфирге чыгарууга уруксат бербегени маалым болду. Маселен, 2019-жылы 10-октябрда «Санариптик технологиялар» ЖЧКнын башкармалыгынын жыйыны болуп, ал бир добуш менен телеканалды эфирге чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Бирок 11-октябрда эртең менен КР Аскер прокуратурасынан «Санариптик технологиялар» ЖЧКнын директору Кубат Оторбаевдин атына кат келтип түшөт. Анда «А.Атамбаевдин же ага тийштүү юридикалык тараптардын үлүшү «Санариптик технологиялар» ЖЧКнын уставдык капиталында боло турган болсо, анда ал үлүш камакка алынган болот» деп айтылган. Ушуга байланыштуу Кубат Оторбаев ЖЧК башкармалыгынын кезексиз жыйынын өткөрүп, телеканалды эфирге чыгаруу маселесин дагы бир жолу караштыруу чечимин чыгарат.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 13-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Апрель ТВ» ЖЧКсынын мүлкү («Апрель ТВ» телеканалынын негиздөөчүсү) камакка алынган.

Дмитрий Ложников менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап мындай чечимге келет: Дмитрий Ложников берген «Санариптик технологиялар» ЖЧКнын ички документтерин иликтеп чыгып, телеканалдын жетекчилигинин мындан аркы кадамдарын караштыруу керек. Ошону менен катар, «Санариптик технологиялар» ЖЧКнын башкармалыгынын кезексиз жыйыны өтүп, «Апрель» телеканалы эфирге чыгууга укугу барбы?» деген суроо менен Аскер прокуратурасына кайрылуу чечими чыгарылганы белгилүү болот. «Санариптик технологиялар» ЖЧКсы КР Аскердик прокуратурасына кайрылгандан кийин гана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 22.10.2019-жылдагы токтому менен «Апрель ТВ» ЖЧКсынын «Санариптик технологиялар» ЖЧКсындагы үлүшү камакка алынып, бул үлүш менен кайсы бир аракеттерди кылууга тыюу салынат.

Ушуга байланыштуу 22-октябрга чейин «Санариптик технологиялар» ЖЧКсынынын «Апрель ТВ» телеканалына эфирге чыгуусуна уруксат бербегендиги мыйзамга каршы келе тургандынын белгилей кетиш керек, анткени 22-октябрга чейин сот тараптан ага тыюу салынган эмес болчу. Муну кызматтык ордун кыянаттык түрдө колдонуу жана телеканал менен уюмдун ортосундагы келишимди аткарбагандык деп бааласа болот.

 

Эмгек мыйзамчылыгын бузуу

25.10.2019

Нарындык журналист эмгек укугун коргоп сотко кайрылды

2018-жылдын январында Нарын облустук мамлекеттик телерадиокмпаниянын башкы редакторлук кызматынан бошотулган Нурзат Эсенканова эмгек укугун коргоп 2019-жылдын 7-октябрында сотко доо арыз менен кайрылды. Анын пикиринде, ал кызмат ордунан мыйзамсыз бошотулган. Бул анын эмгек укугун коргоо боюнча экинчи аракети. Учурда прокуратура жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароодо.

Нурзат Эсенканова Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктагандан бери 22 жыл Нарын облустук мамлекеттик телерадио компаниясында эмгектенип келген. Кабарчылыктан башкы деректирдин орун басарлыгына чейинки тепкичтерди басып өткөн.

Нурзат Эсенканованын айтымында бардыгы 2017-жылдын февраль айында башталды. Ошондо компаниянын жетекчисс болуп Улан Бакиров келген.

“Ал ишке чыккан күндүн эртеси эле мени чакыртып: “Эже арыз жазып берип ордуңуздү бошотуңуз”, – деди. Мен 22 жылдан бери бир гана ушул мекемеде иштегендигимди айтып, себебин сурадым. “Мен өз командам менен иштеймин. Сиз менен иштеше албаймын”, – деп жооп кайтарды. Мындай кеп болбош керектигин айтып чыгып кеттим. Бирок кодулоолор токтогон жок”, – дейт Н.Эсенканова.

Акыры ал июль айында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору Б.Норузбаевага компаниянын башкы деректиринин орун басарлыгынан башкы редакторлукка которуу тууралуу арыз менен кайрылат. Арызы канааттандырылып, департаменттин тийиштүү буйругу 2017-жылдын 17-июль күнү чыгарылат. Эртеси эле телерадиокомпаниянын башкы директору У.Бакиров “Эсенканова Нурзат 2017-жылдын 18-июлунан баштап 6 айлык сыноо мөөнөтү менен башкы редакторлук кызматка кабыл алынсын”, – деп №38-буйругун чыгарат.

Бирок Н.Эсенканованын айтымында, ошол учурда 6 айлык сыноо мөөнөт деген буйрукту эч качан окуган эмес. Жыйынтыгында, 2018-жылдын 12-январь күнү У.Бакировдун Н.Эсенкановага “Эскертүү каты” тапшырылат. Анда сыноо мөөнөттө эмгек келишими сактаалбагандыгы, ич ара ынтымак болбогондугу, 29 кызматкер ага каршы болгондугу сыяктуу дагы башка жүйөөлөр айтылып, Н.Эсенканованын иши канааттандырарлык эмес деп табылып, эмгек келишим бузулаары менен ээлеген кызмат ордунан бошотулаары эскертилет. Ал эми 17-январь күнү КРнын Эмгек Кодексинин 83-беренесин жетекчиликке алып башкы редакторлуктан бошотулат.

Өз укугун коргоп Н.Эсенканова Маалымат жана массалык коммуникация департаментине, район аралык экотех инспекциясына кайрылат. Алгач экотех инспекциясынан 30-январда: “Которулуу тартибинде сыноо мөөнөт берилбейт. Сизди КРнын Эмгек Кодексинин 83-беренесинин негизинде бошотуу мыйзамсыз болгон, эмгек талаш-тартышы болгондуктан сот органына кайрылуу мыйзамдуу болот”, – деген жооп келет. Ал эми 31-январда Маалымат жана массалык коммуникация департаментинен келген катта: “Сизди бошотуу тууралуу буйрук чыгарууда кетирилген укуктук чендик нормалардын бузулуусун, иш тажрыйбаңызды жана үй-бүлөлүк абалыңызды эске алуу менен компания жетекчилигине, Сизди негизги персоналдагы кызмат орундарынын бирине дайындоо сунушталды. Маселе кылдат каралып, чечилиши керек экендиги эскертилди”, – деген жооп болот. Н.Эсенканова доо арыз менен сотко кайрылат.

2018-жылдын апрель айында Нарын шаардык соту телерадиокомпаниянын башкы директорунун буйругу туура болгон деп чечим чыгарса, июнь айында Нарын облустук соту Н.Эсенканова мыйзамсыз бошотулган деп табат. 19-сентябрда Жогорку сот ишти кайра кароону Нарын облустук сотко кайтарат. 2019-жылдын январь айында облустук сот шаардык сотту жактаса, апрелде Жогорку сот дагы Н.Эсенканова мыйзамдуу эле бошотулган деген чечим чыгарат.

Бирок Н.Эсенканова соттун чечими менен макул болбой, кайрадан маалыматтарды топтоп прокуратурага кайрылат.

“Нарын облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу К.Токтогазиевдин жообу келди. Анда КР Эмгек Кодексинин талаптары бузулгандыгы, КР КЖКнын 320-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш белгилери байкалгандыктан, 6-августта Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгы жана жарандык тартипте сотко кайрылууга укуктуу экеним түшүндүрүлүптүр”, – дейт Н.Эсенканова. Ушундан улам ал 2019-жылдын 7-октябрь күнү Нарын шаардык сотуна кайрылган.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

Комментарий

КР КЖКнын 320-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш белгилери байкалган материалдар боюнча сотко чейинки териштирүүдөн кийин гана мурдагы кызмат ордуна кайтаруу тууралуу доо арыз менен сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Башкача айтканда, айып коюу күчүнө киргенден кийин гана жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко кайрылса болот.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ АЙЫПТОО

Журналистти кылмыш кылды деп айыптоо

01.10.2019

Ыдырыс Исаков жеке ишкердин анын үстүнөн арызданып сотко кайрылуусун журналисттик иликтөөлөрү менен байланыштырууда

“Азаттык” радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков жеке ишкер Канат Сапаевдин анын үстүнөн арызданып сотко кайрылуусун аны каралоо аракети деп баалайт. Журналисттин айтымында, бул анын жүргүзгөн журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу.

Эскерте кетсек, 30-ноябрда Ошто Канат Сапаев Ыдырыс Исаковдун үстүнөн арызданып сотко кайрылганын белгилүү болду. Доогердин билдирүүсүндө, журналист анын фирмасын журналисттик иликтөөсүндө чагылдырбаш үчүн андан $5 миң сураган. Бул окуя май айында болгон.

Өз кезегинде 24.kg сайтына берген түшүндөрмөсүндө журналист бул убакта ал ишкер Жалил Атамбаев тууралуу журналисттик иликтөөсүн жүргүзүп жатканын айтты. Алардын иликтөөсу боюнча Канат Сапаевге тиешеси бар “Агро Доор” компаниясы үч жылдан бери салык төлөгөн эмес.

“Компания Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган. Канат Сапаевдин атасы Акматали көп жылдан бери Жалил Атамбаевде иштеген. Биз Акматали Сапаевди издеп жүргөнбүз, бирок бизге анын уулу чыкты. Биз, эмне үчүн алардын фирмасы үч жылдан бери кирешесин көрсөтпөйт, салык төлөбөйт деп сурадык. Канат Сапаведен эч ким акча сураган эмес, бардыгы камерага тартылган”, – дейт Ы.Исаков.

Журналисттин сюжети эфирге чыккандан кийин К.Сапаев анын үстүнөн арызданып сотко кайрылган. Бирок Ы.Исаковдун “кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы аныкталбагандыктан сотко чейинки жазык иши” өндүрүштөн кыскартылган.

1-октябрда өзүнүн фейсбуткагы постунда Ы.Исаков бул токтомдун көчүрмөсүн жарыялаган.

Журналисттин айтымында, К.Сапаевдин анын үстүнөн арызданып сотко кайра кайрылуусуна анын жакында Жалил Атамбаев менен кездешип, ага айткан сөздөрү себепчи болушу мүмкүн.

“Мен кечээ Жалил Атамбаев менен кокустан жолугуп калдым. Мен ага элдин талабы боюнча журналисттик иликтөө уланып жатканын айттым. Ошол эле кезде мен аны менен жолугушуп, анын айткан аргументтерин жана далилдерин жарыялаганга даяр экенимди айттым. Ошондон кийин эле бүгүн Канат Сапаев интервью берип жатпайбы”, – дейт Ы.Исаков.

1-октябрда жарыяланган Фейсбуктагы постунда журналист бул күтүлгөн эле кадам болчу дейт. “Коорупционердин бетин ачып, ээлеп алган жерин айтып, төлөбөй койгон салыгын санап, “казынага төк” – деп, доолап атсаң ким эле дароо мойнуна алсын? Ким эле ии билбей калыпмын жакшы эстетпедиңби? – деп чуркап келип, карызын карыздай, салыгын салыктай төлөп койсун?”, – деген суроо узатат журналист.

Ы.Исаков мындай каралоолордон коркпой тургандыгын жана журналисттик иликтөөлөрдү уланта берээрин билдирет. “А мага карата каралоолор дагы болот! Али көп болот. А мен коррупция менен күрөшө берем. Ууруну ууру, кылмышкерди кылмышкер деп айта берем. Беттерин ача берем”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, апрелде Жалил Атамбаев Ы.Исаковду сотко берген. Ал журналисттен 50 млн. сомду өндүрүп берүүнү суранган. Бирок медиа коомчулук көтөргөн чуудан кийин арызын кайтарып алган.

Журналист ага чейин Жалил Атамбаев салык төлөбөгөндүгү тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган болчу. Сюжетте келтирилген маалыматтардын негизинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат 22-апрелде кылмыш ишин козгогон.

Комментарий

Жогоруда аталган фактылар боюнча Ош шаарынын ички иштер органдары тарабынан материал 2019-жылы 24-апрелде Бузуулардын бирдиктүү реестринде катталган. Кылмыштын белгилери аныкталбагандыктан сотко чейинки териштирүү иштери 25-июнда токтулган болчу. 2019-жылы 2-октябрда Ош шаардык прокуратуранын прокурору Б.Төлөбек уулу сотко чейин териштирүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлбөгөн деген жүйөдө Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Д.Маматалиевдин токтомун жокко чыгарылган.