Ж.Касаболотов: “Көптөгөн журналисттер маектешүүгө даяр эмес”

05.02.2015

Рубрика: Кызыктуу жана пайдалуу

Басып чыгаруунун версиясы

Чыныгы журналист кандай болушу керек деген суроого жооптуу табуу үчүн журналистика тармагында ак пейли менен кызмат кылып, чындыкты ачык айтып, коомго жол көрсөтүп, талыкпай таза иштеген кесипкөй журналисттердин баскан жолдорунан жана асыл ойлорунан билүүгө болот. Жаш журналисттердин бул сайтыбызда кесипкөй журналисттер менен маек куруп, алардын кеп-кеңешин алып, жаш журналисттерге багыт берүүнү туура көрдүк. Бул жолу  тажрыйбалуу, такшалган, Кыргыз журналистикасында өзгөчө из калтырган, аналитикалык маалыматтарды жазып, кайталангыс эмгектин ээси болгон Жыргалбек Касаболотов менен маек курдук.

Жыргалбек Касаболотовдун кыскача өмүр таржымалын айта кетсек, ал 1971-жылы Бишкек шаарында туулган. 1988-жылы Бишкектеги № 5 орто мектепти бүтүргөн. 1988-89 жылдары заводдо жумушчу болуп иштеп, 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүнө өтүп, 1996-жылы аны сырттан бүтүргөн.

1991-жылдан тартып журналистика тармагында “Асаба”, “Заман Кыргызстан” гезиттеринде кабарчы, “Ата журт” гезитинде башкы редактор, “Де-факто” гезитинде башкы редактордун орун басары, өкмөттүн, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматтарында жооптуу кызматкер, КТР, “Кыргыз жер” телекомпанияларында редактор, “Кабар” маалымат агенттигинде маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, “Азаттык” радиосунда интернет-редактор, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин терроризми чагылдыруу боюнча долбоорунда жооптуу редактор болуп иштеген. 1999-жылы Баткен окуяларын чагылдырганы үчүн КР Президентинин “Алтын калем” сыйлыгы, КР Ардак баракчасы менен сыйланган. Айта берсек, Жыргалбек агайдын бул сыяктуу ишмердүүлүктөрү, эмгектери улана берчүдөй. Анда эмесе, агайдын асыл ойлорун маек аркылуу улантсак:

– Жыргалбек агай алгач өмүр баяныныз тууралуу кыскача айтып кетсениз. Балалыгыныз кайсы жерде өттү эле?

– Мен шаар менен айылдын ортосунда чоңойдум. Орто билимди Жети-Өгүздөгү Тосор орто мектеби менен Бишкектеги № 5-мектептен алдым. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин 1996-жылы сырттан бүтүрдүм. Эки уулум, бир кызым бар, уулдарым студент, кызым мектепти бүтүп жатат.

– Журналистика кесибин кандай себептен улам тандап алдыңыз?

– Мен кичинемден ыр жазчумун. Алгачкы ырларым “Кыргызстан пионери” гезитине чыккан. Өзүм ошол учурда башкаларга салыштырмалуу чабалыраак болгондуктан эр өнөрү боюнча мыкты адис болгум келчү. Ошондуктан аскер адамы же дарыгер болууга аракет кылсамбы деп ойлоп жүргөм. Бирок чынын айтайын, окуулардын ичинен эң оңоюна качырып, журналистика факультетине тапшырып, ал жылы өтпөй калып, бир жылча заводдо иштедим. Заводдо иштеп жүргөндө өмүр бою жумушчу бойдон кала бергим да келчү. Кийинки жылы да журналистика факультетине тапшырып, өтүп кеттим. Медик болоюн десем ал жакта алты жыл бою өлүк союшат дегенинен алты жыл бою өлүк сойгум келген жок. Аскердик окуу жайга өтүшүмө үйдөгүлөр макул болушкан эмес.

– Сиздин оюңузча журналист болуш үчүн сөзсүз билим керекпи же жөндөм маанилүүбү?

– Негизи кайсы кесип болбосун билимден же жөндөмдөн мурда ошол кесипке болгон астейдил кызыгуу керек. Кызыгуу жок болсо билим да албайсың, жөндөмүң да ачылбайт. Адамдын мүнөзү иштеген кесибине туура келиши керек. Чындыгында мен өзүмдү психологиялык жактан нагыз журналист деп айта албайм. Анткени кайсы бир окуя болсо аны сүрөттөп жазмайынча тим тура албаган кесиптештерим бар. Ошолорду нагыз журналист десе болот. Менде андай мүнөз жок. Эч нерсе жазбай деле сопсонун жашай алам. Журналистика – мен үчүн өзүмдүн жарандык позициямди билдирип туруунун гана куралы. Бирок негизги мыйзамдарын, принциптерин жакшы билем.

– Журналистика тармагында эң кызыктуу окуялар болуп турса керек? Эсиңизде калган унутулгус окуяларыныздан айтып бересизби?

– Андай окуялар көп эле. Бир жолу Манастын 1000 жылдыгына даярдыкты чагылдыралы деп бир топ журналисттер бусик менен Таласка баратабыз. Казакстандын аймагына кирип баратканыбызда Бейшенбек байке (Калыков) “Балдар, силерди зериктирбей Жамбылга таарынып Калыктын катырып ырдаганын айтып берейин” деп, болгон окуяны айтып атып “…анан ошол жерден Калык Жамбылды карап алып “Ии Жаке, Көк эшегиң чү-чүлөп, Көк кемселиң бүчүлөп, Кечээ эле жүрдүң эле Нарында Көк талкан сурап кичилеп” деген экен…” деп келатканда бусиктин арткы дөңгөлөгү тарс жарылды. Баарынан кичүүсү мен, айдоочубуз болсо карып калган орус киши. Тигилер жыргап дасторкон жайып отурушат, мен болсо кара терге түшүп запас дөңгөлөктү кол насос менен үйлөтүп бердим. Тамак ичтик, андан чыгып Жамбылга кире бериште Бейшенбек байке “жанагы сөздүн аягын унутуп калган турбаймынбы. Ошол жерден Калык Жамбылга карап алып “Сен көк эшегиң чү-чүлөп, Көк кемселиң бүчүлөп”…” деп келатканда бусиктин дагы бир арткы дөңгөлөгү тарс жарылды. Ичиндегилер сыртка чыгып эс алып отурушту, запас дөнгөлөктү мен үйлөтүп, салышып бердим кайра. Бирок чоочуп калдым. Оңолгондон кийин кайра түшүп, андан нары кеттик. Жамбылдан чыгып баратканда Бейшенбек байке “эй, жанагы сөздү улам эле унутуп калам. Калык Жамбылга “Көк эшегиң чү-чүлөп, Көк кемселиң бүчүлөп”…” деп айтып оозун жыя электе дөнгөлөк үчүнчү жолу жарылды. Кайра мен үйлөтүп, салышып бердим, бирок бул жолу кадимкидей эле бул окуя жөн жерден болбогонун билип турдум. Мынчалык кокустук үч сыйра болушу мүмкүн эмес. Тигилер тамеки чегип, сүйлөшүп турушат. Таласка кирип баратканда Бейшенбек байке: “Эй балдар! Мен жанагы сөздү бүтүрүп коеюнчу, улам эле унутуп калам атаңгөрү. Ошентип Какең Жамбылга “Көк эшегиң чү-чүлөп”…” деп келатканда жанына барып: “Айланайын байке, Таласка кирип кеткичекти ушул сөздү айтпай эле кое турсаңыз болбойбу?” десем адегенде түшүнгөн жок. “Ушул сөздү сиз айткан сайын дөңгөлөк жарылып атат. Мындан кийин өзүңөр үйлөтүп, өзүңөр салышасыңар” десем “аа чын эле” деп ошондо ишенди.

– Сиздин оюңузча учурда кыргыз журналистикасына эмне жетишпейт?

– Фактынын чын-төгүнүн текшерүү, фактыга шилтеме келтирүү, окурман менен болгон эки тараптуу байланыш, жекече эркиндик, анан сын пикирдин, аргументациянын, ойлорду аныктоонун көптөгөн натыйжалуу ыкмалары жетишпейт. Мисалы, кайсы бир саясатчынын калпын чыгаргың келсе “бул акмак экен, бул иттерге ишенич жок мындан нары” деп сөгүп отургандын ордуна ошол эле саясатчынын жалпыга маалым мурунку сөзү менен кийинки сөзүн эч ким тана албай турган шилтемеси менен кошо келтирип, ортосундагы айырманы баса көрсөтүп коюш жетиштүү. Комментарийдин да кереги жок. “Тууй ата буларың ит экен” деген жыйынтыкты ошондо окурман өзү эле чыгарат. Көп учурда фактыларды бири бирине туура байланыштырып талдоо жетишпейт. Анан көптөгөн журналисттер маектешүүгө даяр эмес. Маек жүргүзүш үчүн ага кадимкидей даярданыш керек. “Азыркы саясатка көз карашыңыз кандай?” же “Азыркы өкмөткө көз карашыңыз кандай?”, же андан дагы “Баланча деген киши өлүп калды, ушул боюнча оюңузду айтып койсоңуз” деген суроо журналисттин даярдыгы жоктугун гана көрсөтөт. Андай суроону ким болбосун бере алат. Суроо мүмкүн болушунча конкреттүү, компетенттүү, анан эң негизгиси – коом үчүн кызыктуу болушу зарыл. Кимдир-бирөө менен сүйлөшүүдөн мурда ал адамдын позициясын, ошол сен кызыккан маселе боюнча мурда айтылган оюн, кесибин, компетенциясын, ал кишиге суроо туудуруп жаткан маселенин чоо-жайын, кыскасы толтура нерсени алдын-ала билиш керек. Ушул мен айткан талаптарга жооп бере турган суроо берилсе – журналистке аргасыз сый мамиле пайда болот, ким болбосун эсептеше баштайт, жок эле дегенде ойлоно түшкөнгө мажбур болот. Анан “жазат деген ушул экен” деп көргөн-уккандын баарын жаза берген да таптакыр туура эмес. Ишеничтен кетесиң, элден-журттан чыгып каласың. “Катындардын ичине Кара башыл жан батат, Эр жигиттин ичине Ээр токумдуу ат батат” дейт кыргыз. Сакташ керек болгон сырды сактай билиш керек. Керек болсо башың менен кошо жатканы жакшы.

– Кайсы бир иштин майын чыгаруу үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?

– Биринчи иретте ошол ишке астейдил кызыгуу болушу керек. Тиешелүү жөндөм, шык болсо андан бетер жакшы. Адам өзү кылып жаткан иштин өзүнө да, элге да керектүү экенине көзү жетсе, жакшы жыйынтык чыгаарына толук ишенсе жана компетенттүүлүгү жетишсе – бардык иштин майын чыгарат. Тилекке каршы, көп учурларда ушул жагдайлардын айрымдары болбой калат.

– Чыныгы кесипкөй журналист кандай болушу керек?

– Чыныгы журналист биринчи иретте фактыны сыйлап, коомчулуктун кызыкчылыгын сезе билиши керек. Журналист – коомдук кызыкчылыктын сакчысы. Жарандык коом десе азыр өкмөттөн эркин уюмдарды гана түшүнүп калышты, ал да түп тамырынан бери туура эмес. Эки революцияны ишке ашырган, Ош окуясын өз күчү менен баскан, Нарындан кылмышкерлерди да, кытайларды да кууп чыккан, “Манас” эпосу Кытайдын атынан каттала турган болгондо каршылыгын билдирген күч – менин билишимче чыныгы жарандык коом. Арменияда бир аскер кызматкери бир армян үй-бүлөсүн атып кеткени үчүн орус элчилигине келип түп көтөрүлгөн армяндар – жарандык коом. Жарандык коом өз элинин, өз өлкөсүнүн намысы, кызыкчылыгы, максаты үчүн тикесинен тик турган, элдин активдүү бөлүгү. Чыныгы журналист дал ушундай маанидеги жарандык коомдун кызыкчылыгына кызмат кылууга тийиш. Калгандарынын баары журналистиканы сырткы күчтөрдүн куралына гана айландырат. Андай сырткы күчтөр да толтура.

– Кыргыз журналистикасында Устат-Шакирт долбоору ишке ашып жатат. Бул сабак-таалим окутуу системасы тууралуу уктуңуз беле? Эгер кабардар болсоңуз бул долбоорго кандай көз караштасыз?

– Долбоордун идеясы абдан туура. Иштин кызыкчылыгын ойлой келгенде, журналистиканын оңолушуна ар бир чөйрө колунан келишинче өз салымын кошкону абдан кубандырат. Бирок мындай долбоорго муктаждыктын пайда болушу жогорку окуу жайларында ушул багытта аткарыла турган иштер чети оюлбай жатканын дагы көрсөтөт.

– Сизге эркин микрофон.

– Кыргыз журналистикасы адистешүүгө жана коомчулук менен болгон эки тараптуу байланышка муктаж. Мындан тышкары, кыргыз журналистикасы азыркы шартка эптүү ылайыкташып, коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан талаптарга жооп берсе – журналисттер да, аудитория да практикалык жактан абдан чоң пайда көрөт эле. Менде бул боюнча бир катар идеялар бар, бирок аны колунан иш келип турган инвесторлор менен эле сүйлөшпөсө, азырынча ачыкка чыгаруунун пайдасы жок.

“Жаш журналист”