1.Телевидение жана анын табигаты

08.05.2013

Рубрика: Кызыктуу жана пайдалуу, Интересное из блогов

Басып чыгаруунун версиясы

Телевидение  ( грек. τήλε – алыс, ыраак, лат. video – көрөм, жаңы лат. television- алысты көрүү) – кыймылдагы объекттин чагылуусун аралыкка жеткирүү жана аны кабыл алуу үчүн түзүлгөн байланыш системасы. Телевидение — бир эле учурда маалыматты жаратуучу, аны жеткирүүчү жана аны кайра кабылдоочу, башка маалымат ресурстарынын колу жетпеген катмарларды камтый алган бирден-бир кубаттуу каражат.

Чындыгында, акыркы технологияларды көрбөй туруп, бул индустриянын башатында тургандар телевидениенин келечектеги  зор мүмкүнчүлүктөрүнө — миллиондогон адамдарды өзүнө үңүлтүп, кааласа ыйлатып, кааласа кубанта алган сыйкыр күчүнө суктанышкан. Спорт   чемпионаттарында бир эле убакытта миллиондогон адамдар «ура-а-а-алап» кыйкырса, бир аздан соң «түй ата» деп тизелерин чабат. Заманбап сериалдарды көрүп отургандар бир эле убакытта шолоктоп ыйлашса, бир аздан соң каткырышат. Же өлкөнүн кайсыдыр жетишкендигине кубанышса, кайсыдыр саясатчынын аңдабай сүйлөгөнүнө баары тегиз кыжырданышат. Телевидениенин мына ушундай  сыйкыры –  кубаты анын табиятына таандык  касиеттеринде.

Телевидениенин негизги касиети анын бардык жерде боло алганы. Ал  тиричилик-турмуштун  бардык сфераларына (саясат, экономика, спорт, маданият, экология ж.б.) кийлигишет, аларды тейлейт. Азыркы телевизиондук өндүрүш технологиялары жана жабдыктары  айлана-чөйрөнүн бардык тармагынан (деңиз, океандардын тереңинен баштап асман тиреген тоо чокуларына чейин, андан ары космос, галлактикаларга чейин) маалымат чогултуп,  адамдын кыялы жеткен жана жетпеген чөйрөлөргө жеткире алат жана телевидениенин бул касиети аудиториянын мүнөзүн жана массалыгын аныктайт.

Телевидениенин  дагы бир касиети анын  жеткиликтүүгү. Электромагниттик толкундар телевизиондук сигналды бүт мейкиндикке жеткире алгандыктан, маалыматты  алуу жеңил, оңой жана баасы дээрлик бекер. Азыр телевизорсуз жашоо чөйрөсү жок жана  ал ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калды. Ошондуктан  массалык-маалымат каражаттарынын эң ийкемдүү, эң эпчили жана эң байы да – телевидение.

Телевидение экрандуу. Ал  башка маалымат каражаттарынан айырмаланып, маалыматты кенен аудиторияга үн жана кадрдын  коштоосунда сезимдик деңгээлде   жеткирет жана ал белги системасын, экран тилин аныктайт.

Телевидение ошондой эле  симультанттуу.   Ал  окуяны  болуп жаткан жеринен жана учурунда көрсөтө алат жана көрүүчүлөрдү болуп жаткан окуяга  түздөн-түз катыштырат. Бул телевизиондук журналистика теориясында түздөн-түз катышуу фактору деп аталат. Т.а. биринчиден — телекөрүүчү экрандан берилип жаткан маалыматты  азыр болуп жатканындай кабылдайт, экинчиден –  ал берилип жаткан маалыматка  өзүнө  гана багытталгандай психо-эмоционалдуу абалда карайт, үчүнчүдөн –  ал маалыматка телекөрүүчү  өзүн  түздөн түз тиешелүүдөй сезет. Ошентип, телевидениенин симультанттуулугу  маалыматтын оперативдүүлүгүн аныктайт.

Балким ушундан улам телевизиондук  журналистиканын кайсыдыр теоретигинин –  «Кудай кайсы бир элди жок кылгысы келсе ага телевидениени берет» — дегенинин жөнү бар. Телевидение коомдук жашоону тейлеп гана тим болбой, аны ээлеп да алды. Анын табигаты не бир цивилизацияларды билдирбей уратып, жаңыларын курууда, салттуу  маданияттарды уратып, жаңыларын таңуулоодо. Бул зор кубат жана аны адамдар башкарат, болгондо да алар жөнөкөй адамдар эмес.

Көбүнчө телевидениеге бир кирген адам анда биротоло калат жана ал жерде  калганына өкүнбөсө керек. Анткени, коомдон обочолонгон бул коом өзгөчө мамилелердин, карым катнаштардын  кызык конгломераттагы мекен. «Адам мекенин тандабайт», бирок  тележурналист бул мекенди тандайт, болгондо да анын нары оор, жооптуу жана сыймыктуу болмушка өз ыктыяры жана ыраазылыгы менен кирип,  анда бир өмүргө жашайт.

Телевидениенин табигатын изилдегендер, өзгөчө советтик идеологиянын пропагандистик  машина бул зор кубаттын залкар теоретиктерин жараткан. В.Саппак, В.Борецкий, М.Юрский,  ж.б. телевидениенин башатында турганына, али көп сырлар жана мамилелер ачыла электигине  карабай, аны табигатынан келип чыккан мүмкүнчүлүктөрүн  толук түшүндүргөнү аракеттишкен.  Бирок, ар доор өз телевидениесин жана анын изилдөөчүлөрүнүн жаңы муунун жаратат. Соңку  изилдөөчүлөр В.Цвик, М.П.Сенкевич, В.Егоров, ж.б. телевидениенин кайра куруу жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндешүү доорундагы, анын капитал системасында, рынок катнаштарындагы ордун жана ролун, маалыматтык жана агартуучулук   табигатын ачууга аракеттенишкен.

Ошол эле катарда кыргыз телевизиондук журналистикасы да жаңы доор, андан келип чыккан мамилелерге ыкташууга далаалаттанып келет. Кайра куруунун башаты менен кыргыз телевидениесинде да жаңы долбоорлор, жаңы жүздөр пайда болду. Техникалык база бир канча ирет жаңыланды. Техникалык каражаттардан аксаганы менен телевизиондук мейкиндикте мамлекеттик каналга атаандаша алган бир катар теле мекемелер пайда болду. Советтик шаблондон калган телевизиондук образ практикада  барган сайын заманбап имиджге өтө баштады. Алып баруучулардын, репортерлордун жана журналисттердин кызматтык стандарты телекөрүүчүлөрдүн барган сайын эркелеп бараткан талабына  жооп бере баштады. Бирок,  телевизиондук адистерди даярдоодо, илим изилдөө чөйрөсүндө  кыргыз телевизиондук журналистикасын фундаменталдуу изилдеген  эмгектер (кээ бир мемуарларды эске албаганда) жокко эсе.

Б.Ельцин атындагы Кыргыз- славян университинин базасында чыгарылган «Телевизиондук журналистиканын негиздери» аттуу эмгекте телевиденинин маалымат кызматын изилденгенине карабай,  автор (А.Князев)  кыргыз телевизиондук практикасынан алыс болгондугуна, дээрлик көп өндүрүштүк маселелер теоретикалык гана мунарадан каралып, көбүнчө  орус телевизиондук практикасынан көчүрүлгөнүнө карабай азырынча  колодонулууга ылайык колдонмо десе болот.

Аны улап,  жыйырма жылдан ашуун телевизиондук жеке практиканын негизинде,  окурманга түшүнүктүү түзүлгөн «Телевизиондук журналистиканын алиппеси»  аттуу эмгекте автор (М.Арстанбек)телевизиондук мамилелердин системалашкан жана теориялык базага негизделген ушул колдонмону иштеп чыкты. Автор   нары кызык, нары жооптуу  түйшүктүн ажайып дүйнөсүнүн  дарбазасын ачууда  келечектеги журналистердин  чыгармачылык карьерасына жардамы тиерине ишенет.

Кыргыз телевизиондук системасы –  чыгармачылык жана өндүрүштүк феномендерге толгон, али толук изилденип бүтө элек жана  бул  эмгек деле кыргыз телевизиондук мейкиндигиндеги маалыматтык өндүрүштүн көп тармактарын толук ачып берүүдөн  али  алыс. Демек,  кетирилген каталар үчүн автор алдын ала кечирим сурап, толуктоолор, идеялар үчүн дайым кучагын жаят.

Мыктыбек Арстанбек